Араванда мечиттер каттоодон өткөрүлөт

Ош облусунун Араван районуна караштуу Төө-Моюн айыл аймагында жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда элибиздин ынтымагы, биримдиги жана мечиттерди мыйзамдаштыруу маселеси талкууланды. Иш-чара Төө-Моюн айыл аймагынын жыйындар залында башталып, калган бөлүгү айылдын борбордук мечитинде уланды.  Жыйынга Араван …

Дальше »

Ош облусундагы «Абдыжапар» атындагы Ислам институту кошумчу кесиптик билим берет

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан «Абдыжапар» атындагы Ислам институтунда  мугалимдер жамаатынын кезектеги жыйыны өткөрүлүп, анда окуу-тарбия иштерин реформалоо, мугалимдердин квалификациялык ишмердүүлүгүн жогорулатуу, студенттерге  Ханафий мазхабынын негизинде диний билимдерди мыкты деңгээлде берүү жана мындан башка бир канча маселелер каралды. Иш-чарага «Абдыжапар» атындагы Ислам …

Дальше »

13-мартка белгиленген “Билимдүүгө дүйнө жарык” жана “Окуган муун жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо иш-чарасына даярдыктар башталды

Бүгүн, 9-мартта Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Кыргызстан Ислам университети менен биргеликте уюштурган Республикалык “Билимдүүгө дүйнө жарык” жана “Окуган муун жаркын келечек” аттуу китеп окуу конкурсунун 13-мартка белгиленген жыйынтыктоочу иш-чарасына даярдык иштерин жүргүзүү боюнча отурум болуп өттү. …

Дальше »

Ош шаарында өспүрүм балдарга белектер берилди

Ош шаарынын “Саудия” ресторанында “Хадия” коомдук фонду тарабынан Ош шаары жана Ош облусундагы региондордон келген 300гө жакын жетим балдар үчүн сый тамак уюштурулуп, кызыктыруучу белектер тапшырылды. Иш-чаранын катышуучуларына Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Мекенге болгон сүйүү” деген темада өз баяндамасын жасады

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев “Инсан таануу” коомдук бирикмеси тарабынан “Семетей” кинотеатрында уюштурулган семинарга катышып, “Мекенге болгон сүйүү” деген темада өз баяндамасын жасады. Семинардын жүрүшүндө Убайдулла ажы Сарыбаев жаштарды сапаттуу билим алууга жана жоопкерчиликтүү …

Дальше »

Ош шаарында Рамазан айына карата даярдыктар башталды

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу жалпы мечит имамдарына Борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде жыйын өткөрүлүп, жаз мезгили келгендигине байланыштуу мечиттерде ишембилик өткөрүү жана Рамазан айына даярдыктарды көрүү тапшырмасы берилди.  Жыйындын жүрүшүндө Рамазан айында ар бир …

Дальше »

Москва шаарында мекендештер КМДБнын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 535 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты

Москва шаарында эмгектенген мекендештер Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Россиядагы өкүлү Сүйүнбек ажы Жусубалиевге BMW 535 үлгүсүндөгү автоунааны белек кылышты. «КМДБнын Россиядагы өкүлү дин аалымдарын Россияга алып келип, жарандарыбызга Ислам дининин баалуулуктарын, мазхаб, акыйдабызды түшүндүрүүдө мээнети чоң. Андыктан биз бул эмгегин баалап, …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасынын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев  белгилүү дин аалымы Кадыр ажы Маликовдун атасы Курманбек Бийгелдиевдин дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтты. Урматтуу Кадыр ажы! Атаңыздын дүйнө салышына байланыштуу чын көңүлүмдөн көңүл айтамын.  Кабарды терең …

Дальше »

Нарын районунда үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Нарын облусунун Нарын районунун аймагында жергиликтүү тургундар арасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алуу иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев билдирди. Анын билдиргенине караганда, Нарын райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте райондун 15 …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев кыргызстандыктарды Мамлекеттик туу күнү менен куттуктады

Бүгүн, 3-март Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун кабыл алынгандыгынын 29 жылдыгына карата Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев жалпы Кыргыз элин куттуктады. «Мамлекеттүүлүгүбүздүн улуттук символу болгон туубуз бийиктикке желбирей берсин. Мамлекеттик туу күнүн …

Дальше »

Баткен районунун Рават айылындагы «Баймурат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Рават айылынын жергиликтүү жашоочуларынын демөөрчүлүгү менен айылдагы «Баймурат»  мечити заманбап үлгүдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. «Баймурат»  мечитинин имамынын айтымында мечиттин ички көрүнүшү жаңыланып, килемдер салынып,  жарык берүүчү чырактар орнотулган. “Мечиттин ичи жылуу болушу керек. Салынган килемдери да …

Дальше »

Нарындын Дыйкан айылында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынды

Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Дыйкан айылында спирт ичимдиктери дүкөндөрдөн алынып, алар төгүлдү. Бул туурасында  Ат-Башы райондук мусулмандар хатибияты билдирди. Маалым болгондой, кечээ, 1-март күнү Ат-Башы районунун Кара-Суу айыл аймагынын Дыйкан айылында спирт …

Дальше »