Баткендеги «Нур» Куран жаттоо медресесинде мыкты окуган студенттер сыйланды

Бүгүн, 30-декабрда Баткен районундагы «Нур» Куран жаттоо медресесинде кышкы сынактар аяктап, мыкты тапшырган студенттерге мактоо баракчалары тапшырылды. Бул тууралуу медресе мүдүрү Абдурахман каары  Гапаров билдирди. Анын айтымында, учурда бул медреседе 35 студент билим алууда. Алар …

Дальше »

«Ислам маданияты» телеберүүсү жыл жыйынтыгын чыгарды

Баткен облустук мусулмандар казыяты «Баткен ТВ» телеканалы менен биргеликте эфирге чыгарылган телеберүүнүн жыл жыйынтыгын чыгарды. Жыл жыйынтыгын чыгарган эфирге Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров катышып, «Акыретке даярдануу» деген темада баяндамасын жасады. …

Дальше »

Фото-Ош облустук мусулмандар казыяты Памирден көчүп келген этникалык кыргыздарга 400 миң сомдук жардам көрсөттү

Кечээ, 29-декабрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Алай районуна караштуу Сары-Могол айылындагы Памирден келип жайгашкан этникалык кыргыздардан кабар алды. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, окуу бөлүмүнүн адиси Акжол …

Дальше »

Бүгүн, 30-декабрда ажылык сапарына баруучу зыяратчыларды каттоо аяктайт

2020-жылдагы ажылык сапарына баруучу талапкерлерди каттоого алуу электрондук (Eid) ID-карт паспорттун негизинде бүгүн, 2019-жылдын 30-декабрында саат  17:00гө чейин жүргүзүлөт. Талапкерлер Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда, РСК банкына төлөнгөн алгачкы 500 АКШ доллар жана кайтарымсыз 700 сомдун төлөнгөн …

Дальше »

Ивановка айылында «Исмаил» жаңы мечити элге пайдаланууга берилди

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районундагы Ивановка айылында 200 орундуу, бардык шарттары менен заманбап болуп курулган мечит эл кызматына берилди. Бул тууралу Ысык-Ата районунун хатибияты маалымдаган. Маалыматка ылайык, мечиттин ачылыш аземине Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан …

Дальше »

Талас облусунун казысы Бапиев Таалайбек ажы Бакай-Ата районуна караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Талас облусунун казысы  Таалайбек ажы Бапиев, казынын орун басары  Касым ажы Сыдыков жана Бакай-Ата районунун баш имам хатиби  Сагынбаев Абдимажит ажы Бакай-Ата районунун мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында облус казысы Таалайбек ажы Бапиев имамдардын жыл …

Дальше »

Аламүдүн районунда аялдар үчүн «Матуридий» акыйдасын түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Ленин көчөсү 142 дарегинде жайгашкан «Аялдарды өнүктүрүү борборунда» кыз-келиндер үчүн «Матуридий» акыйдасын түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралу Аламүдүн районунун хатибияты билдирди. Маалыматка караганда, аталган иш-чараны Аламүдүн районунун баш имам …

Дальше »

Озерное айылынын мектеп окуучуларына адептүүлүк жана ден соолукка зыян берүүчү нерселерден оолак болуу туурасында баяндама жасалды

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Салкын жаңы конушунун имамы Абобакир Темирбаев жана Озерное айылынын имамы Искендер Дюйсенов Озерное айылындагы «Озерное» орто мектебинин 8-11 классынын окуучулары менен жолугушуп, аларга жөнөкөйлүк, адептүү болуу жана ден-соолукка зыян алып келген …

Дальше »

«Талас турмушу» гезити Талас облустук казыятынын иш башкарма башчысы Медер ажы Сагынбаевге «Жылдын мыкты инсаны» наамын ыйгарды

Талас облустук «Талас турмушу» гезити 2019- жылдын жыйынтыгын чыгарып, жыл мыктыларын сыйлоо аземин өткөрдү. Жыл мыктыларын аныктоо аземинде Талас облусунун казыятнын иш башкарма бөлүмүнүн башчысы Медер ажы Сагынбаевге коомдук иштерге активдүү катышып, имамдардын билим деңгээлин …

Дальше »

Азирети Муфтий жана Азирети Муфтийдин орун басары КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын ыраазычылык баракчасы жана ардак грамотасы менен сыйланышты

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жыйынтыктоочу кеңешмеси болуп өттү. КР ДИМКнын 2019-жылдагы иш-аракеттеринин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата ведомствонун планын талкуулоо маанилүү темалары болду. Жыйында КР ДИМКнын директору Зайырбек Эргешов 2019-жылы диний …

Дальше »

Талас облустук мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков Шекер айылынын тургундары менен жолугушту

Талас облустук мусулмандар казысынын орун басары Касым ажы Сыдыков жана Кара-Буура районунун баш имам хатиби  Майрамбек ажы Казакбаев Шекер айылынын тургундары менен жолугушту. Жергиликтүү айыл эли менен болгон жолугушууда Касым ажы Сыдыков элди ынтымакка жана …

Дальше »

Кара-Буура районунун Кызыл-Адыр айылынын имам хатиби Марлис Төлөгөнов окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Бүгүн, 27-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы, Кызыл-Адыр айылынын имам хатиби Марлис Төлөгөнов аталган айылдагы Мээрбек Орозбеков атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга аксакалдар сотунун төрагасы жана ата-энелер катышышты. Бул жыйында үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана эрте …

Дальше »