Ош шаарындагы “Шейит-Дөбө” Куран окуу борбору өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө даяр

Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери Жанарбек ажы Матиев “Шейит-Дөбө” Куран окуу борборунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып чыгышты. Муну менен катар казыят кызматкерлери окуу программасы жана  жана анын ишмердүүлүгү атайын бекитилген программанын алкагында болуусу керектигин эскертишти. “Аталган окуу борбору  мамлекеттик каттоодон өтүп, …

Дальше »

Баткен райондук хатибият кызматкери Сайдахмат Аппазов Газ айылынын эли менен жолугуп, аларды ысырапкерчиликтен сактанууга чакырды

Баткен районунун баш имам хатибинин жардамчысы Сайдахмат Аппазов  Кыштут айыл өкмөтүнүн Газ айылынын эли менен  жолугушту. Жолугушуу «Усман Зуннурайын» мечитинде өтүп, анда Сайдахмат Аппазов Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын №259 буйругун ишке ашыруу максатында бирдиктүү жума хутбасы, адал-арам,  жетимдердин жана башкалардын акысынан сактануу боюнча баяндама жасады. Ошондой …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Талас облусунда болуп, эл менен жолугушту

Кечээ, 29-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов илимий сапары менен Талас облусуна барды. Илимий сапары Талас шаарынын борбордук «Аль-Ааль Байт» мечитинде уюштурулуп, анда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана …

Дальше »

«7-апрель шейиттери» мечитинин наиб имамы оорулуулардан кабар алды

Бишкек шаардык казыятына караштуу «7-апрель шейиттери» мечитинин наиб имамы Таштемир ажы Эшматов кечээ, 29-октябрда шаардык ооруканада дарыланып жаткан бейтаптардан кабар алды. Бейтаптар менен жолугушууда аларды сакайып кетүүсүн тилеп, дуба кылды. Анын айтымында, Аллах Тааланын алдында  …

Дальше »

Ноокатта ысырапкерчиликти алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Т. Зулпиев айыл өкмөтүнүн кызматкерлери менен мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Иш-чарага Т. Зулпиев айыл өкмөтүнүн жетекчиси Советбек Мурзакулов, …

Дальше »

Кара-Сууда жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында «Азирети Ханзала» мечитинин ачылыш аземи болуп өттү. Аталган мечит 432 чарчы метрди түзөт жана сол тарабында эки кабаттан турган окуу борбору дагы бар. Мечиттин ачылыш салтанатына Жогорку Кеңештин депутаты …

Дальше »

Талас шаарында “Дин жана демократия” аталышында жаштар арасында тегерек стол болуп өттү

Талас шаарында “Дин жана демократия” аталышында жаштар арасында тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чара Талас облусунун жаштар кеңешинин кеңсесинде болуп, ага КРнын Дин иштери боюнча комиссиясынын Талас облусунун өкүлү Чынара Осмоналиева, Талас облусунун мусулмандар казыятынын …

Дальше »

Балыкчы шаарында Баткен коогалаңынын 19 жылдыгына карата эскерүү иш-чарасы өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясы жана Балыкчы шаардык хатибияты тарабынан уюштурулган, Баткен коогалаңынын 19 жылдыгына арналган эскерүү аземи болуп өттү. Эскерүү аземи Балыкчы шаарынын борбордук аянтында болуп, атайын тургузулган эстеликке гүлчамбарлар коюлуп, коогалаңдап каза тапкан …

Дальше »

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков мектеп окуучуларын убакытты туура пайдаланууга чакырды

Ысык-Көл облусунун Казысы Алмазбек ажы Сагындыков 2019-жылга Каракол шаардык билим берүү бөлүмү, 10-бөлүм, Каракол шаардык мэриясы тарабынан түзүлгөн иш мерчемдин негизинде, Каракол шаарындагы №2-Пржевальский мектебине зыярат кылды. Жолугушуунун жүрүшүндө окуучуларга, экстремизм, терроризм, «Ислам тынчытыктын дини», …

Дальше »

Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана хатибият жамааты көзү азиз Жолдош уулу Бусурманкулга бир тонна картошкө беришти

Ош облусунун Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков жана хатибият жамааты көзү азиз Жолдош уулу Бусурманкулга  элден бир тонна картошкө чогултуп беришти. «Жалган дүйнөдө жакшы гана иштерди жасоо керек жана элдерди дайыма кайрымдуу …

Дальше »

Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин короосу иретке келтирилди

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин айланасы Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Шаардын кооздугуна, элге ыңгайлуу шарт түзүү максатында жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгында, мечиттин капталында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерине брусчатка төшөлүп, мечиттин короосу …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы Жыгач базарында соода-сатык маселеси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Кечээ, 28-октябрда Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Ош шаарындагы жыгач базарында эмгектенген соодагерлерге соода-сатыкты туура, так аткаруу үчүн мусулмандарын билүүсү керек болгон соода-сатык маселелери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш-чара Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам …

Дальше »