Сокулук районунда Куран жарышы болуп өттү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Северный айылындагы «Сурони» мечитинде имамдын демилгеси менен жеткинчектердин арасында Куран жарышы болуп өтүп, ага айылдагы бир парага чейин Куран жаттаган балдар катышып, алдыңкы орундарды алгандар баалуу белектер менен сыйланды. Бул иш-чараны …

Дальше »

Кара-Сууда мектеп окуучуларына экстремизмдин алдын алуу боюнча иш-чара уюштурулду

Кечээ, 25-январь күнү Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Сарай айыл аймагындагы Ак-Өргө айылында жайгашкан №139 К. Эрматов атындагы орто мектебинин жогорку класстын окуучулары үчүн уюштурулган «Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу» деген темадагы иш-чарага «Ас-Сарахсий» мечитинин имам-хатиби …

Дальше »

МУФТИЯТТЫН РАСМИЙ БИЛДИРҮҮСҮ

Социалдык тармактарда диний окуу жайлар боюнча тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт. 1. КР аймагындагы КМДБга караштуу диний окуу жайлардын 25 пайызын гана кыз-келиндер окуу жайлары түзөт. 2. КМДБ өзүнүн алдындагы диний окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Юлдашбай ажы» медресесинин студенттери менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрүнөн түзүлгөн топ Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында жайгашкан «Юлдашбай ажы» медресесинин студенттери менен жолугушту. Жолугушууда илим алуунун зарылчылыгы, мазхаб карманбоонун адашууга алып барышы, ибадат жана ишеним маселелери боюнча …

Дальше »

Лейлекте зордук-зомбулуктун алдын алуу бонча жыйын өтүп, баш имам-хатиб баяндама жасады

Кечээ, 24-январда Баткен облусуна караштуу Лейлек районунун аймагында зордук-зомбулуктун алдын алуу жана зомбулуктарды болтурбоо максатында Лейлек районунун мамлекеттик администрациясы жана Лейлек райондук ички иштер бөлүмү менен биргеликте жыйын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери, РИИБдин кызматкерлери, …

Дальше »

Токмокто имамдын демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Чүй облусунун Токмок шаарындагы «Нурислам» мечитинин имамы Шакир Сахизовдун демилгеси менен 50 муктаж үй-бүлөнүн ар бирине бир кап ун, макарон, күрүч, кумшекер жана суу май таратылды. «Пайгамбарыбыздын куттуу хадисинде «Садакадан байлык азайбайт» деп айтылган. Азыркы учурда билинбеген …

Дальше »

Тоң районунда жыл жыйынтыгы чыгарылып, жыл ичинде өзүн көрсөткөн имамдарга сыйлыктар тапшырылды

Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун баш имам-хатиби Таалайбек ажы Акунов Бөкөнбаев айылынын «Миңжашар уулу Абдылда» атындагы мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү. Жыл башындагы чогулушта өткөн жылдын жыйынтыгы чыгарылып, үстүбүздөгү жылда аткарыла турчу иш пландар, Рамазан айына …

Дальше »

Акжол ажы Бакиров райондогу аксакалдар менен жолугушуп, батасын алды

Кечээ, 24-январь күнү Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу ар бир айыл өкмөттөн бирден болуп, чогулган аксакалдар жамааты менен жолугушту. Аталган жолугушууда баш имам-хатиб Акжол ажы Бакиров ысырапкорчулуктун алдын алуу …

Дальше »

Аалымдар «Умму Мухаммад» медресесинде студенттер менен жолугушуу өткөрүштү

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү өлкөнүн түштүк аймагына жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесин зыярат кылып, студенттер менен жолугушуу өткөрүштү. Жолугушууда АК мүчөлөрү ислам акыйдасы жана шарияты жөнүндө сөз кылышса, КМДБнын Даават, жаштар жана …

Дальше »

«Имам Матуриди» ислам институтунда Имам Матуридинин өмүр жолу жана ахли сүннөткө салымы жөнүндө лекция окулду

Бүгүн, 24-январь күнү Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунда жайгашкан «Имам Матуриди» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту. Жолугушууда ахли сүннөт жамаатынын эң негизги акыйда мазхабдарынын бири болгон матуридилик жана …

Дальше »

Сайдамир ажы Жейналиев: «Адеп илимден жогору болорун унутпоо керек

Кечээ, 23-январь күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев баш болгон казыят кызматкерлери, Өзгөн, Кара-Кулжа, Ноокат, Араван жана Кара-Суу райондорунун баш имам-хатибдери «Имам Абу Ханифа Нуман бин Сабит аль-Куфи» атындагы медресени зыярат кылып, студенттери …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту

Бүгүн, 24-январь күнү Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагында жайгашкан «Абдыжапар» атындагы ислам институтунун студенттери менен жолугушту. Лекция акыйда маселелери боюнча суроо-жооп иретинде болуп өттү. Аталган лекцияга …

Дальше »