Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков райондогу имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Чүйдүн Ысык-Ата районуна караштуу Рот-Фронт айылындагы «Ихсан» мечитинде Ысык-Ата районунун баш имам хатиби Бактыбек ажы Убабеков райондогу имамдар менен жыйын өткөрдү. Жыйындын башында алгач имамдар өздөрүнүн отчетторун тапшырып, мечиттерди каттоодон өткөрүүдө келип чыккан тоскоолдуктар жөнүндө …

Дальше »

Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев «Нефти кайра иштетүү» заводунун кызматкерлери менен жолугушту

Чүйдүн Кемин районунун баш имам хатиби Куттубек ажы Дүйшебаев Кемин шаарындагы «Нефти кайра иштетүү» заводуна барып, ал жакта эмгектенип жаткан кызматкерлер менен жолугушту. Жолугушуу алкагында аты аталган заводтун жетекчиси Кенжебек Жаналиев менен да өз ара …

Дальше »

Балыкчы шаарындагы “Исагалы сабира” атындагы медресесинде “Мамлекет, жаран жана дин” аталыштагы тренинг өтүлдү

Балыкчы шаарындагы “Исагалы сабира” атындагы медресесинде “Мамлекет, жаран жана дин” аталыштагы окуу тренинги өтүлдү. Ага КМДБнын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, “Мутакалим” аялдардын прогрессивдүү коомдук бирикмесинин жетекчиси Жамал …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев: «Карысы бардын – ырысы бар»

Урматтуу биздин сүйүктүү карыялар, аталар жана ак элечектүү апалар! Сиздерди бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карыялар күнү менен Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана жеке өзүмдүн атымдан чын жүрөгүмдөн куттуктайм! Элибиздебекеринен «Карысы бардын – ырысы бар», «Жаш келсе – ишке, кары келсе – ашка» деп айтылбаса керек. Ата-Эне …

Дальше »

Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Сагынбайев Абдумажид мазхаб кармануунун зарылдыгы тууралуу баяндамасын жасады

Таластын Бакай-Ата районунун баш имам хатиби Сагынбайев Абдумажид Бакай-Ата айылынын “Сад ибн Аби Ваккас” мечитинин жамааты менен бешим намазынан кийин жолугушуу өткөрүп, салттуу ислам динибиздеги мазхаб кармануунун зарылдыгы тууралуу баяндама жасады. Жолугушууда баш имам хатиби …

Дальше »

Баткенде адам сатууга каршы түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Баткен облусунун аймагындагы жума намазы окулган  мечиттерде адам сатууга каршы күрөшүүнү алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Мындай иш-чара өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн адам сатууга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешинин планын негизинде өткөрүп …

Дальше »

Баткен облусунун казыяты окуучу балага кийим-кече, окуу куралын алып берди

Кечээ, 30-сентябрь күнү Баткен облустук мусулмандар казыяты өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн сунуш катынын негизинде Баткен районунун Кара-Токой айылынын тургуну 2-класстын окуучусуна жардам көрсөтүү максатында окуу кийими жана окуу куралдарын алып берди. Кайрымдуулук жардамды …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев мектеп окуучуларына экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берди

Кечээ, 30-сентябрда Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылындагы Ленин атындагы орто мектебинин мугалимдерине жана окуучуларына Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев экстремизм жана терроризм тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, соцтармак аркылуу жалган маалыматка ишенбөөгө, анын …

Дальше »

Бала-Саруу айылында кыргыздын улуттук оюндарын даңазалаган маараке өткөрүлдү

Талас облусунун Манас районунун Бала-Саруу айылында кыргыздын улуттук оюндарын даңазалоо максатында чоң маараке өттү. Мындай иш-чара жергиликтүү тургундардын демилгеси тарабынан уюштурулган. Бул саамалыка облус казысы Таалайбек Бапиев ажы катышып, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген спортчуларга ийгилик …

Дальше »

Манас районунда жаңы борбордук мечит ишке берилет

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери Манас районунун Покровка айылында салынып жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышты. Район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  жаңы курулуп жаткан мечит Покровка айылынын кире беришине …

Дальше »

Нарын медресесинин студенттери Ала-Мышык чокусун багындырды

Кечээ, 29-сентябрда Нарын медресесинин студенттери чет өлкөлүк туристтер көп баруучу Ала-Мышык тоосуна зыярат кылышты. Окуу менен катар сергек жашоо мүнөзүн тандап алган студенттер алгач, спорттук оюндарды ойношуп, кийин деңиз деңгээлинен 3379 бийктикти түзгөн Ала-Мышык тоосуна …

Дальше »

Манас районунда «Экстремизмге жол жок» аталышындагы окуу семинары өткөрүлдү

Бүгүн, 30-сентябрда Талас облусунун Манас районундагы Покровка орто мектебинде мугалимдерге жана окуучулар үчүн «Экстремизмге жол жок» аталышындагы окуу семинары өттү. Иш-чараны Манас районунун баш имам хатиби Миржалал Дадабаевдин демилгеси менен өткөрүлүп, ага Талас облусунун казыятынын …

Дальше »