Муфтияттын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошев менен жолугушту

Бүгүн, 13-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облустук казыятынын маалымат бөлүмүнүн ишемердүүлүгүн жеринен танышуу максатында жүргүзүлгөн иш сапарында Баткен районунун имам хатиби Муса ажы Жолдошев менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Муса …

Дальше »

Мырза кары Осмонов: Жаштар ыймандуу болсо коомубуз оңолот

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары  Осмонов ОшМУнун  Кыргыз-Кытай  факультетинде окуган студенттерге “Адеп-ахлак” туурасында баяндама жасап берди. Аталган иш-чара “Энеке” аттуу видеороликти көрсөтүү менен башталып, андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасындагы кептер козголду. “Жаштар ыймандуу болсо …

Дальше »

Ордо калаадагы «Ас-Сабур» мечити кеңейтилүүдө

Бишкек шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Ас-Сабур» мечитине кошумча орундар жасалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулу билдирди. Анын айтымында мындай муктаждык жума намазга келген жарандардын батпай калуусунан улам пайда …

Дальше »

Баткенде түштүк региону боюнча Куран жана азан жарышы өткөрүлөт

Курани карим окуу жарышы  18-19-октябрь күндөрү Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде өткөрүлөт.  Сынак түрлөрү: Куранды 30 пара тилават тажвиди менен жатка билүү Куранды 20 пара тилават тажвиди менен жатка билүү Куранды 10 пара тилават тажвиди …

Дальше »

Ошто окуучуларды адептүүлүккө чакырган тарбиялык саат өттү

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы “Имам аль-Бурахий-Алай”  мечитинин имамы Мырза кары Осмонов калаанын Туран муниципалдык аймагында жайгашкан №16 мектептин окуучулары менен жолугушуп, аларга “Адептүү адам абийир табат” деген темада тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саат …

Дальше »

“Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлакка чакырган баяндамасын жасады

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош мамлекеттик университеттиинин эл аралык мамилелер факультетинде “Адеп-ахлак” деген темада лекция окуду. Иш-чара эң алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен …

Дальше »

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев мектеп окуучулары менен жолугушуп, аларды мекенди сүйүүгө чакырды

Кечээ, 9-октябрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын шаарындагы Кычан Жакыпов атындагы №5 орто мектебинин 9-10-11-класстарынын  окуучуларына ыйманга, илимге, адеп-ахлакка, мекенди сүйүүгө чакырган тарбиялык сабак өттү. Тарбиялык саат учурунда облус казысы окуучуларды мекенди сүйүүгө жана ага …

Дальше »

Самидин кары Атабаев: Тил инсанды бир эле сөз менен ыймандуу жана ыймансыз кылат

Мындай пикирин Ош облусунун Мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев бүгүн, 10-октябрда  Ош Облустук Мусулмандар казыятында облуска караштуу бардык райондордон келген айымдар үчүн уюштурулган жыйында билдирди.  Иш чарага облус казысы Самидин кары Атабаев, облус казысынын орун …

Дальше »

Баткендеги «Муаз ибн Жабал» медресесинде мамлекеттик тилдин 30 жылдыгы белгиленди

Бүгүн, 10-октябрда Баткен шаарындагы «Муаз ибн Жабал» медресесинин кыздар бөлүмүндө мамлекеттик тилдин 30 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү. Иш-чарага медресе мугалимдери жана студенттер катышты.  Иш-чаранын  жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, көркөм окуу, макал-лактаптарды, каада-салтты сахналаштырып көрсөтүп беришти. Белгилей кетсек, аталган …

Дальше »

«Азери» мечитинин имамы Кант шаарындагы «Кант» авиабазасынын кызматкерлерине лекция өттү

Кант шаарындагы «Азери» мечитинин имамы Мухаммад ажы Дугларов Кант шаарында жайгашкан «Кант» авиабазасында эмгектенген кызматчылардын суранычы менен аларга «Салттуу Ислам дини жана Ханафий мазхабы» боюнча лекция өттү. Аталган лекция  суроо-жооп менен коштолуп, «Азери» мечитинин имамы Мухаммад …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев бешим сабагын өткөрдү

Кечээ, 9-октябрда Талас шаарынын борбордук «Ааль аль Байт» мечитинде облус казысы Таалайбек ажы Бапиев бешим сабагын өткөрдү. Анда намаздын туура окулушу тууралуу айтып, анын паздары,  сүннөттөрү, мустахаб амалдары боюнча түшүндүрмө берди. «Намазды туура так окуш …

Дальше »

Кырк-Казык айылында аз камсыз болгон 15 үй-бүлөгө азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 10-октябрда Талас районунун Кырк-Казык айылынын имам хатиби Мураталиев Малик  жана айылдын  кайрымдуу инсандары айыл ичиндеги аз камсыз болгон 15 үй-бүлөлөргө азык-түлүк таратты. Кайрымдуулук иш-чарасы тамак аш түрүндө берилип, ар биринин үйүнө жеткирилди. Ал эми …

Дальше »