Баткен районунун баш имам хатиби Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды

Баткен районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкондугу үчүн Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов Баткен райондук мамлекеттик  администрациясынын Ардак грамотасы менен сыйланды. “Баткен райондук хатибияты жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, укук коргоо органдары менен көп жылдардан …

Дальше »

Баткен шаарында кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 10-мартта Баткен шаарынын В.И.Ленин атындагы орто мектебинин 9, 10, 11-класстарынын окуучуларына экстремизмдин алдын алуу, зордук-зомбулуктарды болтурбоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу максатында чоң иш-чара болуп өттү. Бул иш-чара Баткен ШИИБнин милиция кызматкерлери тарабынан уюштурулуп, ага Баткен ШИИБнин ЭММКАКтын …

Дальше »

Баткен районунун Рават айылындагы «Баймурат» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Рават айылынын жергиликтүү жашоочуларынын демөөрчүлүгү менен айылдагы «Баймурат»  мечити заманбап үлгүдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. «Баймурат»  мечитинин имамынын айтымында мечиттин ички көрүнүшү жаңыланып, килемдер салынып,  жарык берүүчү чырактар орнотулган. “Мечиттин ичи жылуу болушу керек. Салынган килемдери да …

Дальше »

Лейлек районундагы жаштар арасында Куран жарышы өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталды

Жаштарды адептүүлүккө,  ыймандуулукка жана мусулмандардын ыйык китеби болгон Курани Каримди сүйүп жаттоого кызыктыруу максатында Лейлек райондук хатибияты тарабынан Муратбек ажы Убайдулла уулунун демөөрчүлүгү менен 1 пара жана 2 пара Куран жаттаган жаштар арасында сынак уюштурулду. …

Дальше »

Баткен шаарынын дин кызматкерлери мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды

Бүгүн, 19-февралда Баткен шаарынын мэриясынын коллегиялык жыйыны өткөрүлүп, күн тартибине ылайык Баткен шаарынын 2020-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон бир катар мамлекеттик кызматкерлер жана дин өкүлдөрү сыйланды. Атап айтканда мэриянын Ардак грамотасы менен Баткен шаарынын баш имам …

Дальше »

Баткен шаарында Куран жарышы өтүп, жеңүүчү Республикалык турга жолдомо алды

Бишкекте өтө турган «Билимдүүгө дүйнө жарык» аттуу китеп окуу конкурсуна катышуу үчүн Баткен облусу боюнча карылардын тандап алууда Баткен шаарындагы «Абу-Бакр Сыдык» атындагы мечитте Куран  жарышы болуп өттү. Иш-чарага Баткен  облусунун мусулмандар  казысынын орун басары …

Дальше »

Баткен облустук казыяты Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн ыраазычылык каты менен сыйланды

Кечээ, 15-февралда Баткен облусунун  2020-жыл ичиндеги социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча облустук отурум болуп өттү. Анда пандемия маалында элге кол сунуп, жакындан жардам көрсөткөн бир катар мекемелерге жана кызматкерлерге ыйгарым укуктуу өкүлдүн сыйлыктары тапшырылды. Алардын катарында …

Дальше »

Кадамжай районунда мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси талкууга алынды

Бүгүн, 16-февралда Баткен  облусунун Кадамжай районунда Баткен облусунун  мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов  жана КРнын  Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов менен биргеликте, аймактагы мечиттерди каттоодон өткөрүүдө келип чыккан маселелерди жоюу иретинде жыйын болуп өттү. Жыйынга …

Дальше »

Баткен казыяты аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” деген темада окуу семинарын өткөрдү

Бүгүн, 9-февраль күнү  Баткен облустук мусулмандар казыятын тарабынан аялдар үчүн “Ыйман жан дүйнө азыгы” темасында лекция уюштурулду. Иш-чара алкагында  облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов аталган темада баяндамасын жасап, Исламдагы аялзатынын ордуна токтолду.  Анда үй-бүлө курууда бойго жеткен …

Дальше »

Кадамжайдын мечит имамдары ашар жолу менен курулуп жаткан Кара-Жыгач- Тамаша жолунун курулуш иштеринен кабар алышты

Баткен облусунун Кадамжай районунун Кара-Жыгач айылында ашар жолу менен Кара-Жыгач-Тамаша жолу салынууда. Кыштын суугуна, аба ырайынын катаалдыгына карабай жолду оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Кечээ, 7-февралда Кара-Жыгач айылынын аксакалдары, молдо Сапарбек Машрапов баш болгон айыл имамдары Абдухалил Турдукулов, …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Доолов Баткен казыятына зыярат кылды

Бүгүн, 2-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Доолов илимий иш сапары менен Баткен облусуна барды. Иш сапардын алкагында Садыбакас ажы Баткен  казыятына зыярат кылуу менен башталды. Облус казысы Пазыл ажы Султанмуратов жана казыят кызматкерлери жолугушууда …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарындагы дин кызматкерлери мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды

Кечээ, 1-февралда Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын жыйындар залында калаадагы бир катар дин кызматкерлер шаардык мэриянын Ардак грамотасы менен сыйланды. Бул туурасында Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы Кожониязов  билдирди. Мындай сыйлык Кызыл-Кыя шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө кошкон …

Дальше »