Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов 3 күндүк илимий иш сапары менен Баткен облусунда болду

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов 7-8-9-февраль күндөрү  илимий иш сапары менен  Баткен облусунда болду. Иш сапар алкагында Баткен районунун Карабак, Чек, Сары-Талаа айылдарына барып, аял-эркектер үчүн сабактарды өттү. Муну менен катар Аалымдар …

Дальше »

Лейлектеги Ормош Сапаров атындагы мектебинин окуучуларына терс диний агымдардын алдын алуу боюнча маалымат берилди

Баткен облусунун Лейлек районундагы  Катран айыл өкмөтүнө караштуу Ормош Сапаров атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстарынын окуучуларына “Экстремизм жана терроризмге жол жок” деген теманын алкагында  түшүндүрүү  иштери жүргүзүлдү. Иш чара алкагында Баткен облустук мусулмандар казыятынын иш …

Дальше »

Баткен облусунан ажылык сапарга катталган талапкерлердин документтери текшерилди

Баткен облусунан ажылык сапарына баруу үчүн электрондук тизмеге катталган жарандардын документтери текшерилди. Муну менен катар 2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча убактылуу республикалык штабдын мүчөлөрү ажылыкка каттоо жүргүзүшкөн операторлордун ишмердүүлүгү  менен жеринде таанышып чыгып, документтерди талаптагыдай кабыл …

Дальше »

Баткендеги дин кызматкерлери коомчулукка түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт

Баткен казыятынын  жыйындар залында Баткен облустук мусулмандар казыяты, Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү К.Касымов  менен биргеликте “2014-2020-жылдарга КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясын” жана диний мыйзамдар боюнча биргелешкен түшүндүрүү-профикалтикалык жыйыны …

Дальше »

Баткен районунун баш имамы 2018-жылдын мыкты дин кызматкери аталды

Баткен райондук «Кылыл Туу»  коомдук-саясий гезити тарабынан Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов 2018-жылдын мыкты дин кызматкери  номинациясы менен сыйланды. Сыйлык райондун баш имамына 2018-жылда коомчулукта  аткарган мыкты ишмердүүлүгү үчүн ыйгарылган. Белгилей кетсек, …

Дальше »

Актурпактык тургундар ысрапкерчиликтин алдын алат

Кадамжай районунун Актурпак айылынын жергиликтүү жашоочулары ысрапкерчиликтин алдын алат. Мындай чечимди алар  Кадамжай райондук  хатибиятынын 26-январда Актурпак айыл өкмөтүндөгү  Төрали мечитинде жалпы имамдар жана жергиликтүү эл менен биргеликте өткөргөн жыйынында айтышты. Жыйынга облус казысы Пазыл …

Дальше »

Баткен облусунун казысынын орун басары Муаз ибн Жабал медресесинин студенттерин билимдүү болууга чакырды

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Нурдин ажы Мамасабиров  Баткен шаарындагы  Муаз ибн Жабал медресесинин студенттерди менен жолугушту. Студенттер менен жолугушуу учурунда облус казысынын орун басары “Билим алуунун пайдалары” туурасында лекция өтүп, өлкөнүн келечеги билимдүү …

Дальше »

Исфананын Самат айылындагы төрөттөн жабыркаган Кайырма Вайдуллаевага айыл эли 18700 сомдук акчалай жардам көрсөтүштү

Исфана шаарынын  Самат айылынын жашоочулары төрөттөн жабыркап,  оор операцияга дуушар болгон айылдашы Кайырма Вайдуллаевага 18700 сомдук  акчалай жардам көрсөтүштү. Жардамды тапшырууга айыл имамы Алланазар  Кайымов жана айыл башчысы Кубанычбек Искандаров барып, Кайырма Вайдуллаеванын ден соолугунан …

Дальше »

Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат

Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат. Бул туурасында бүгүн,  15-январда Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облустук телеканалынын жетекчиси Мамажан Бердишев менен жолугушкан учурда билдирди. Облус казысы өз сөзүндө коомчулукту ынтымакка, биримдикке, …

Дальше »

Баткендеги имамдар элди тазалыкты сактоого чакырышат

Баткен облусундагы имамдар мындан ары жума баяндамаларында элди тазалыкка чакырышат. Бул боюнча Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов имамдарга тапшарма берди. Тапшырмага ылайык имамдар элге тазалыктын шарияттагы орду боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. ««Тазалык-ыймандан»,-демекчи …

Дальше »

Пазыл ажы Султанмуратов: Баткенде ажылык сапарына барууну каалагандар көбөйүүдө

Учурда ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоо Баткен облустук мусулмандар  казыятында жана район, шаарлардын хатибияттарында жүрүп жатат. Бүгүн, 15-январда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов массалык маалымат каражаттарына 2019-жылы ажылык сапарына катталуу, талаптары боюнча кеңири …

Дальше »

Шашылгыла! Баткенде азан айтуу боюнча сынак өтөт

2019-жылдын 9-февралында Баткен  облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан Баткен облусундагы  азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт. Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо …

Дальше »