«Ала Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Бүгүн, 6-мартта Бишкек шаарындагы «Ала Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечитинин дааратканасы, мечиттин бөлмөлөрү жана намаз окулуучу жай толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, колдонулууга берилди. Мындай демилгени жергиликтүү жамаат колдоп чыгып, бир жылдан ашык убакытта ишке ашырылган. …

Дальше »

Бишкектеги бардык мечиттердин тазалыгына дыкат көңүл бурулат

Бүгүн, 6-март күнү Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитов шаардагы бардык мечиттердин имамдарына бир катар тапшырмаларды берди. Анда мечиттердеги тазалык, санитардык абалга жакындан көңүл буруп, бардык жарандарга ар кандай жугуштуу оорулардан алдын ала сактануу боюнча түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Бишкек шаарынын имамдарына коронавирус тууралуу маалыматтар берилди

Кечээ, 3-март күнү Бишкек шаарындагы «Жал» мечитинде Ленин районунун имамдары учурда дүйнөнүн көпчүлүк мамлекетинде жайылып жаткан коронавирус тууралуу Бишкек шаардык санитардык эпидемиологиялык борбордун өкүлү менен жолугушуп кенен маалымат алышты. Жыйында негизинен вирустун пайда болушу, жугуу …

Дальше »

Бишкек шаардык казыяты шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору менен кызматташат

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык казыятында казынын орун басары Эрназар ажы Асатов мечит имамдары жана шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлеринин катышуусунда жыйын өткөрдү.   Жыйында мечиттердин тазалыгына дыкат көңүл буруу, анын айланасын зыян келтирүүчү ар кандай жандыктарды тазалоо боюнча ич …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысынын орун басары имамдарга мечиттердин иш кагаздары боюнча түшүндүрмө берди

Бүгүн, 17-февралда Бишкек шаардык Борбордук мечитинде Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов калаанын имамдарына чакан жыйын өткөрүп, анда мечиттин документ иштерин туура толтуруу боюнча түшүндүрмө берди. Имамдар менен болгон жолугушууда Эрназар ажы Кыргызстан мусулмандарынын …

Дальше »

«Махмуд Кашкари» мечитинин имам хатиби Илёс ажы Абдувалиев Ислам дининин асыл баалуулуктары тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарындагы «Махмуд Кашкари» мечитинин имам хатиби Илёс ажы Абдувалиев Бишкек шаарындагы № 2026 чек ара кызматкерлери менен жолугушуп, салттуу Ислам менен радикалдуу кыймылдын айырмасы тууралуу баяндама жасап берди. Анда негизинен ата бабаларыбыздын узак жылдардан …

Дальше »

«Ынтымак» жаңы конушунда жашаган көп балалуу жалгыз бой энеге 10 мүшөк көмүр таратылды

Кечээ, 16-февралда Бишкек шаарындагы «Ынтымак» жаңы конушунда жайгашкан «Шаршенбай ажы» мечитинин жамааты жалгыз бой жашап, 5 баланы тарбиялап жаткан жалгыз бой энеге 10 мүшөк көмүр жардам көрсөтүп, батаасын алды. Тагдырдын сыноосу менен башына келген ар кандай …

Дальше »

«Рашид Саид» мечитинин имам хатиби Туратбек ажы Чымбаев: Бейтаптарга зыярат кылуу сүннөт амалдарга кирет

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаарындагы «Ала-Тоо» конушунда жайгашкан «Рашид Саид» мечитинин имам хатиби Туратбек ажы калаадагы Чымбаев республикалык балдар ооруканасында дарыланып жаткан жаш балдарга зыярат кылып, алардын айыгып кетүүсү үчүн дуба кылды. Анын айтымында, оорулууларды зыярат …

Дальше »

«Латифа» мечитинде 10 үй-бүлөгө 1200 сомдук азык-түлүк таратылды

Бүгүн, 14-февралда Бишкек шаардык казыятына караштуу  Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинде кайрымдуулук иш-чарасы болуп өттү. Аталган сооп ишти жаңы конушта жашаган атын атагысы келбеген мусулман бир туугандын демилгеси менен бир нече жылдан бери өткөрүлүп келе жатат.  Мечиттин …

Дальше »

Бактияр ажы Шарапов окуучуларга жакшы кулк-мүнөз тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 13-фералда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Хайл Хижра» мечитинин имам хатиби Бактияр ажы Шарапов Бишкек шаарындагы №100 кесиптик лицейдин окуучулары менен жолугушуп, адеп-ахлак жана жакшы кулк-мүнөз тууралуу баяндамасын жасады. Анын айтымында, Ислам дининдеги Пайгамбарыбыздын жогорку …

Дальше »

«Көлмө» медресесинин окуучулары айлана-чөйрөнү тазалоону баштады

Бүгүн, 12-февраль күнү Бишкек шаарындагы «Көлмө» медресесинин окуучулары медресенин айлана-чөйрөсүн тазалоону баштады. Демилгени медресенин мүдүрү Идрис ажы Ахунбаев көтөрүп, мындан ары күндүн жылышы менен жума сайын тазалоону уланта бермекчи.   Идрис ажынын айтымында, медресенин тарбиялануучулары ар дайым …

Дальше »

«Бакай Ата» мечитинин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев жалпы жамаатты ынтымак жана биримдикке үндөп

Бүгүн, 11-февралда Бишкек шарындагы «Бакай Ата» мечитинин имам хатиби Файзулла ажы Мурзалиев жалпы жамаатты ынтымак жана биримдикке үндөп, Ислам дининин ынтымакка жасаган басымы тууралуу кенен баяндап берди. Анын айтымында ынтымак бар жерде Аллатын берекеси жаап …

Дальше »