Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби «Суусамыр FM» радиосу аркылуу коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады

Суусамыр өрөөнүнүн имам хатиби Мирбек ажы Казаков 103-FM жыштыгында жайгашкан «Суусамыр» радиосунда коомчулуктун суроолоруна түз ободо жооп бере баштады. Мындан сырткары Мирбек ажы Казаков  ыйман, Ханафий мазхабы, жүрүм-турум эрежелери, адал ырыскы темаларында баяндама жасоодо. «Коомубуз …

Дальше »

Сокулук районундагы имамдар аалымдарды жана диний окуу жайларды зыярат кылышты

Чүй облусунун Сокулук райондук хатибияты аймактагы имамдар менен биргеликте аалымдарды зыярат кылышты. Бул күнү дин кызматкерлери Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов жана Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев менен жолугушуп, хатибияттын …

Дальше »

Жайыл районунун Петровка айылынын имамы терс диний агымдардын алдын алуу максатында сабак уюштура баштады

Жайыл районуна караштуу Петровка айылынын имамы Зиябидин Исаков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы жана облустук казыяттын тапшырмасына ылайык  Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы,  Мухтасар жана ыйык Куран китебинен сабак өтүүдө. «Имам-бул коомчулукка туура багыт берүүчү инсан. Ошондуктан …

Дальше »

Жайыл районундагы мечиттерди каттоодон өткөрүү иши тездетилүүдө

Чүй облусунун Жайыл районундагы каттоодон өтө элек мечиттердин документтери бүткөрүлө баштады. Учурда 4 мечиттин тиешелүү документи КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясына тапшырылса, 6 мечиттин документи Мамэкотех инспекциясына өткөрүлгөн. Ал эми калган мечиттердин документтери архитектурага жиберилип, …

Дальше »

Жайыл районунун Сары-Булак айылынын имамы мектеп окуучуларын китеп окууга чакырып, ар кандай терс көрүнүштөрдөн алыс болууга үндөдү

Жайыл районунун Сары-Булак айылынын имамы Мырза ажы Төлөгөнөв Сары-Булак орто мектебинин 4-5-6-7-классынын окуучулары менен жолугушуп, аларга ыйман сабагы боюнча баяндама жасады. Айыл имамы окуучуларга экстремизм, терроризм боюнча түшүндүрмө берип, билимдүү болууга чакырды. «Мектеп окуучулары менен …

Дальше »

Жайыл районунун Ак-Башат айылынын имамы айылдагы жаштардын машыгуучу залына барып, жаш спортчулар менен жолугушту

Чүй облусунун Жайыл районундагы Ак-Башат айылынын имамы Замир Икромбаев айылдагы жаштардын машыгуучу залына барып, жаш спорт чеберлери менен жолугушту.  Жаш спортчулар менен жолугушуу алкагында айыл имамы ыйман, адеп-ахлак, тарбиянын орду жана ата-энеге, мекенге кызмат кылуу …

Дальше »

Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы мечитке жылуулук системасы киргизилсе, Төш-Булак айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өттү

Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы  Муса мечитине жылуулук системасы киргизилди. Төрт-Күл айылынын имамы Абдимиталип Жалалов жергиликтүү жамаат менен биргеликте 35 миң сом чогулуп, бул каражатка мечиттин ичине жылуулук мешин орнотушкан. Ушундай эле мечитти жылытуу, оңдоп-түзөө иштери …

Дальше »

Чүй облусунун казысы казыят кызматкерлеринин апта ичиндеги отчетун кабыл алды

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлерине кезектеги жыйынын өткөрүп, анын алкагында апта ичиндеги аткарылган иштердин отчету угулду. Муну менен катар казыяттын пландуу иштери, ажылыкка каттоо боюнча маалыматтар берилип, облус казысы ар бир …

Дальше »

Таң заардагы дуба

Бир замандарда Хорасан аймагынын адилеттүү жана ак жүрөк бир башкаруучусу бар эле. Ысымы Абдуллах бин Тахир болчу. Бул башкаруучунун кол алдындагы тартип сакчылары, бир күнү ууруларды кармап, башчылыкка маалымдашат. Жолдо алып келе жатканда  уурулардын бири …

Дальше »

Руслан ажы Жумагулов: 2019-жылы облустук казыят бир топ маанилүү иштерди аткарууну пландады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин жардамчысы Улан ажы Ибраев Чүй облусунун мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, облус казысы Руслан ажы Жумагулов менен жолугушту. Муну менен катар сүйлөшүүлөрдүн алкагында облус казысы 2019-жылдагы иш …

Дальше »

Сокулуктун Чак-Көл айылынын жергиликтүү тургундары имамдын демилгеси менен айылдагы муктаж үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты

Сокулук районундагы Чак-Көл айылынын имамы Кудаяр Мусаев  жергиликтүү эл  менен биргеликте айылдагы муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө 10 миң сомдук азык-түлүк тапшырышты. «Айыл эли сунушубузду колдоп, муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө күнүмдүк турмушка керектелүүчү азык-түлүктөрдү …

Дальше »

Чүй облусунда 857 жаран ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталды

Чүй облусу боюнча ажылыкка каттоо 7 аймакта жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күнгө чейин облус боюнча ажылыкка катталган жарандардын саны 857ге жеткен. «Каттоо иши азыр да абдан кызуу жүрүүдө. Операторлор тынымсыз иш алып барып, облустук казыят тарабынан тыгыз …

Дальше »