Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков иш сапары менен Чаткал районуна барды

Бүгүн, 25-августа Жалал-Абад областынын мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков жумуш сапары менен Чаткал жергесинде болду. Иш сапардын алкагында Чаткал районунун акими Нарын жергесинен жаңы которулуп келген аким Алтынбек Жыргалбекович менен жолугушуп, Чаткал районундагы диний кырдаал, мамлекеттик саясатты бирге …

Дальше »

Сузак районундагы Орто-Азия айылында «Куран жаттоо» борбору ишке берилип, ага облус казысы катышты

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Орто-Азия айыл аймагына облустун казысы Нематулла ажы Жээнбековдун колдоосу, айыл тургуну Бапанов Мырзакулбектин талыкпай көрсөткөн эмгеги жана Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын Кыргызстандагы президенти Мухаммад Мадинин демөөрчүлүгү менен курулган 3 кабаттуу «Куран …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков азиздер жана дүлөйлөр коомунун тигүү цехинин курулуш иштери менен таанышты

Кечээ, 12-августта Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарында жайгашкан азиздер жана дүлөйлөр коомунун заманбап тигүү цехинин курулуш иштери менен таанышты. Тигүү цехи Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясынын президенти Саид Баюми тарабынан каржыланууда. «Аталган азиздер жана …

Дальше »

Ала-Букадагы дин кызматкерлери Аксы, Сузак жана Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы селден жабыр тарткан үй-бүлөлөргө материалдык жана акчалай жардам көрсөтүштү

Жалал-Абад облусунун Аксы, Сузак районундагы жана Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Терек айылындагы селдин кесепетинен жабыр тарткан үй-бүлөлөргө Ала-Бука районундагы дин кызматкерлери тарабынан материалдык жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өтүп, алардын отчетторун укту

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков район, шаарлардын баш имам хатибдерине онлайн жыйын өтүп, анда баш имам хатибдердин ишмердүүлүгүн күчөтүү, ыкластуулук менен аманаттарды өз убагында аткаруу керектигин билдирди.  Муну менен катар район, шаарларда диний …

Дальше »

Сузак райондук хатибияты жергиликтүү тургундар менен биргеликте селден жабыркаган Кара-Дарыя айылына акчалай жардам жана азык-түлүктөрдү жарам катары жеткиришти

Сузак районунун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов аймактагы мечит имамдары менен биргеликте  селден жабыркаган Кара-Дарыя айылынын тургундарына 30 000  сом акчалай жардам жана үй тиричилигине колдонуучу жабдыктарды, азык-түлүктөрдү тапшырды. Кайрымдуулук иш-чарасына Сузак айылында жайгашкан …

Дальше »

Сузак районунун баш имам хатиби Жунус Исмаилов селден жабыр тарткан элден кабар алды

20-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Кара-Дарыя айыл округунда катуу нөшөрлөп жааган жамгырдан улам аймакты сел каптап, жергиликтүү тургундардын турак жыйын жараксыз абалга алып келген. Бүгүн, 23-июлда Сузак районунун баш имам хатиби Исмаилов Жунус жеринде кабар алып, жабыр …

Дальше »

Жалал-Абад шаарында Курман айт майрамы белгиленди

Бүгүн, 20-июлда Жалал-Абад шаарында Курман айтка карата Адеп Башаты коомдук прогрессивдүү фонду тарабынан уюштурулган «Раббиң үчүн намаз  окуган жана курмандык чалгын» аттуу иш-чара өткөрүлдү. Анда 28 баш кара мал жана сүйүктүү пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) урматына …

Дальше »

Сузактагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү

Кечээ, 13-июлда Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Арстанбап Ата медресесинде бүтүрүүчүлөрдүн күбөлүктөрүн тапшыруу зыйнаты болуп өттү. Бүтүрүү кечесине Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынан үгүт-насаат жана окуу бөлүмүнүн башчысы Жороев Арпидин ажы, дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Жалал-Абад …

Дальше »

Нематулла ажы Жээнбеков: Ата-энесинен айрылып, ошол эле учурда Куранды толук жаттаган бул азаматтарыбыз мындан дагы артык сыйлыкка татыктуу

Бүгүн,  13-июль күнү Жалал-Абад облусунун мусулмандар  казысы Нематулла ажы Жээнбеков ыйык Куранды жат билген балдарды кабыл алып, аларга илим алуунун пайдалары тууралуу насааттарын айтты. Муну менен катар облус казысы чет жерде эмгектенип жүргөн мекендештердин атынан …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы магистр илимий даражасына ээ болду

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Нематулла ажы Жээнбеков И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин теология адистиги боюнча магистр илимий даражасына ээ болду. Облус казысы магистрдик диссертациялык ишинде «Кыргыз элинин каада салттары, байыркы ишенимдери» жөнүндө анализ жүргүзгөн. …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, мечиттердеги санитардык абал, намаз убакыттары, тазалыкты сактоо боюнча имамдарга тапшырма берди

Бүгүн, 7-июлда Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы  «Насирдин Ата» жума мечитинде облустагы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, анын алкагында мечиттердеги санитардык абал, намаз убакыттарын көзөмөлдөө, ибадат кылуучу жайлардагы тазалыкты сактоо боюнча имамдарга …

Дальше »