Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби бейтаптардан кабар алды

Бүгүн, 25-ноябрь күнү Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков авто кырсыктан жапа чеккен жана бутунан жабыркап кестирүүгө мажбур болгон шаар тургундарынан кабар алды. Тагдырдын татаал сыноосуна туш болгон мекендештерге жылуу сөздөрүн …

Дальше »

Таш-Көмүр шаарында муктаж үй-бүлөлөргө кышкы жылуу кийимдер таратылууда

Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаардык хатибияты жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, көп балалууларга кышкы жылуу кийимдерди таратууда. Бул тууралуу бүгүн, 25-ноябрда баш имам хатиб Мураталы ажы Мансуров билдирди. Анын айтымында, Якутия жергесинде жашап, эмгектенген Таш-Көмүр шаарынын уул-кыздары 2018-жылдан …

Дальше »

Базар-Коргон районундагы “Ак-Тайлак ата” борбордук мечитинин дааратканасы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда жайгашкан «Ак-Тайлак ата» борбордук мечитинин дааратканасы капиталдык ремонттон өтүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 24-ноябрда Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков билдирди. Анын айтымында, райондук хатибият тарабынан демилге көтөрүлүп, …

Дальше »

Жалал-Абад казыятында медресе студенттери арасында уюштурулган сынактын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бүгүн, 23-ноябрь күнү Жалал-Абад облустук казыяты жана  “Аз-Захра” медресеси тарабынан уюштурулган конкурс жыйынтыкталып,  жеңүүчүлөр аныкталып белектер тапшырылды. Сыйлоо аземине облустук казыяттын окуу бөлүм башчысы Арпидин ажы Жороев, “Ак нур” жана “Жаңы муун” кайрымдуулук фонддорунун өкүлдөрү, …

Дальше »

Чаткалдын баш имам хатиби жергиликтүү дарыгерлерден кабар алып, медициналык кол каптарды тапшырды

Бүгүн, 20-ноябрда Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов өлкөбүздө жүрүп жаткан эпидемиялык оор кырдаалга байланыштуу аталган  райондун Кызыл-Токой айылындагы ФАП кызматкерлеринен кабар алды. Өз кезегинде Кубанычбек ажы калктын саламаттыгы үчүн жан …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» мечитинин терезелери жаңыланууда

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы «Абдуллах ибн Масъуд» атындагы борбордук мечитинин имам-хатиби Бакыт Нурматовдун демилгеси менен мечиттин эскилиги жеткен терезелери алынып, ордуна жаңы заманбап терезелерге алмаштырылды. Бул Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбек ажы …

Дальше »

Ноокен районундагы “Арал” мечитинде эл үчүн ыңгайлуу шарт түзүлүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун Арал айыл аймагынын имамы Мелисбек Кадырбековдун демилгеси менен «Арал» жума  мечитине келген жарандарга  ыңгайлуу шарт түзүү максатында мечиттин алдыңкы тарабына узундугу  30 метр, туурасы 13 метр болгон чатыр курулууда. Бул …

Дальше »

Ала-Бука районунун Жойбелент айылынын тургуну атасына аш өткөрөм деген каражатка эки айылды бириктирген көпүрө салды

Ала-Бука районунун дин кызматкерлери  жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин  натыйжасында  Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Жойбелент айылынын тургуну Муратбек Райымбеков бир туугандары менен кеңешип, атасына аш өткөрөбүз деген каражатка эки айылдын ортосун бөлгөн сууга көпүрө салышты. Бул иш-чарага …

Дальше »

Чаткалда элдин колдоосу менен «Артыкбай ажы Осмон уулу» мечити оңдолууда

Алыскы  Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы «Артыкбай ажы Осмон уулу»  мечитинин имамы  Раталы ажы Бүркүтбаевдин демилгеси менен ашар жолунда  мечиттин айланасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Баш …

Дальше »

Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 50 мүшөк көмүр таратылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Ак-Дөбө аймагындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 5 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди. Баш имам хатибдин айтымында бул …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын Мира көчөсүндө намазкана ачылат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Мира көчөсүндө жаңы намазкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Анын айтымында, намазкана салына турган жерде СССР доорундагы кароосуз калган  эки кабаттуу имарат …

Дальше »

Сузакта мечиттердин кышка даярдыгы текшерилди

Жалал-Абад облустук казыятынын Сузак райондук хатибияты район боюнча  мечиттердин кышка карата камылгасын текшерүүгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда аталган  райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди. Анын айтымында, түзүлгөн графиктин негизинде райондун аймагындагы мечиттер …

Дальше »