Ош облусунун казысы Токмок шаарынын тургундары менен жолугуп, улуттар аралык биримдик боюнча баяндама жасады

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Токмок шаарындагы «Нур-Ислам» мечитинде жума баянын өтүп, шаар тургундары менен жолукту. Облус казысы  улуттар аралык биримдик боюнча баяндама жасап, жалпы жамаатты ынтымакка чакырды. «Ыйык Куранда Алла Таала «… бири-бириңерди таанып-билишиңер …

Дальше »

Ош шаарында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды

Кечээ, 4-ноябрь күнү Ош шаарында «Кыргыз Республикасындагы дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланды. Иш-чарага КР ДИМКнын директору Тойгонбай Абдыкаров, ДИМКнын директорунун орун басары Гүлназ Исаева, КР ДИМКнын Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай …

Дальше »

Аравандагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда мечиттердин жылуулугу, тазалыгы жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо маселелери каралды

Ош облусунун Араван районунун борбордук мечитинде райондогу  жалпы дин кызматкерлеринин катышуусунда  жыйын өтүп, анда мечиттердин жылуулугу, тазалыгы жана шайлоо алдындагы үгүт иштерине аралашпоо боюнча жыйын өттү.   «Азирети Муфтий тарабынан дин кызматкерлери шайлоо алкагындагы үгүт …

Дальше »

Музаффар ажы Турдубаев: Пайгамбарыбызды (САВ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм»,- деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес

Ош облусунун Ноокат районунда сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) туулган айында мавлид окулду. «Пайгамбарыбызды  (САВ) сүйүү зарыл. Жөн эле «жакшы көрөм» деп ооз учунан айтып коюу жетиштүү эмес», – деди Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев. …

Дальше »

Ноокат районундагы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда каттоодон өтө элек мечиттердин ишин тездетүү маселеси каралды

Ош облусунун Ноокат районунда дин кызматкерлердин катышуусунда кышка даярдыкты күчөтүү, электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу жана инвентаризацияны бүткөрүү маселелери талкууланды. Жыйынга Ноокат районунун баш имам хатиби Музаффар ажы Турдубаев, райондук администрациянын аппарат жетекчи Назирбай Нышанбай уулу, укук …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандарынын казыятында дин кызматкерлерине жыйын өтүп, анда мечиттердин каттоосу жана кышка даярдыгы каралды

Ош облусунун мусулмандарынын казыятында кезексиз жыйын болуп, ага казыят кызматкерлери, райондук баш имам-хатибдер жана КР ДИМКнын ТАБ өкүлү катышты. Жыйында шайлоо процессиндеги үгүт иштерине аралашпоо маселеси, жыл жыйынтыгына даярдануу, эсептик каттоодон өтө элек диний уюмдардын ишин тездетүү жана кышка …

Дальше »

Ош облусундагы имамдар алгачкы медициналык жардам көрсөтүү боюнча окуудан өтүштү

Ош облустук казыятка караштуу 10дон ашуун мечит имамы алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окуудан өттү. Окууну «Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коому» коомдук бирикмесинин Ош облустук өкүлчүлүгү өткөрдү. Тренингдин жыйынтыктоочу бөлүгүнө катышкан Ош облусунун казысы Сайдамир …

Дальше »

Ош облустук казыятында «Абдыжапар» ислам институтунун студенттерине семинар өткөрүлүп, Ханафи мазхабын терең өздөштүрүү керектиги айтылды

Ош облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында «Абдыжапар» ислам институтунун окутуучулары жана студенттерине семинар өткөрүлдү. Семинарга  Ош облусунун мусулмандарынын казысы Сайдамир ажы Жейналиев, КР ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, «Абдыжапар» ислам институтунун ректору Нурбек …

Дальше »

Өзгөн шаардык мэриясында үй-бүлө маселеси жана алиментке байланыштуу көйгөйлөр камтылган жыйын өттү

Ош облусунун Өзгөн шаарында жашы жете электерге нике кыюу, алиментке байланыштуу көйгөйлөр камтылган жыйын өттү. Жыйынга ДИМКнын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, Ош облустук казыятынын үгүт-насаат жана мечиттер адиси, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Абдималик ажы …

Дальше »

Кара-Суудагы «Абдуррахман ибни Ауф» медресесинин мурдагы жетекчиси, маркум Рахматулла ажы Басировду эскерүү аземи болуп, эмгектери үчүн бөлмө ачылды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жийделик айылында жайгашкан «Абдуррахман ибни Ауф» медресесинин мурдагы жетекчиси, маркум Рахматулла ажы Басировду эскерүү аземи болуп өттү. Бул күнү Рахматулла ажыга арналган музей көргөзмөсү уюштурулуп, атайын бөлмө ачылып, анда колдонгон …

Дальше »

Араванда айыл имамынын демилгеси менен жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусунун Араван районундагы Керме-Тоо айыл өкмөтүндөгү Чөгөм айылында имамдын демилгеси менен жергиликтүү эл ашар жолу менен 4-класска чейинки окуучулар үчүн 40 орундуу жаңы мектеп бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына Араван районунун акими Сейтек Кулубаев, Араван …

Дальше »

Ошто «Экстремизм, терроризм жана радикалдуу көз караштарга каршы турууда аялдардын ролу» аталышындагы конференция өттү

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгы жана Ош облустук мусулмандар казыяты тарабынан «Экстремизм, терроризм жана радикалдуу көз караштарга каршы турууда аялдардын ролу» аталышындагы конференция өттү. Конференцияга КРнын Президентине караштуу Дин иштери …

Дальше »