Бөлүнүү же болбосо бирин-бирин басмырлоо эч бир жакшылыкка алып барбайт

Араван районуна караштуу Мангыт айылындагы А. Эргенов атындагы орто мектебинде райондун башкы имам хатиби Алибек ажы Жусуповдун катышуусунда «Этностор аралык мамиле» аталышындагы  жыйын өттү. Жыйынга Араван райондук аксакалдар кеңешинин мүчөсү Абдырахман ажы Динисламов, райондук этностор аралык …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы иш сапары менен Кара-Кулжа районуна барып, жергиликтүү тургундарга илим алуу, кошунанын акысы боюнча баяндама жасады

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Кара-Кулжа районуна караштуу Буйга айылындагы Абдыраман Акматов орто мектебиндеги иш-чарада  айыл тургундарын жана мектеп окуучуларын кирип келген ыйык Рамазан айы менен куттуктап, илим алууга, кошунанын акысын кынтыксыз аткарууга, …

Дальше »

Чоң-Алай районунда мавлид кечеси өтүп, китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыкты

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылында аялдарга арналган мавлид кечеси өттү. Саамалыкка Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облустук казыяттын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, Чоң-Алай районунун башкы имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбеков катышты. Облус казысы мындай саамалыктардын өтүүсү жарандардын диний жааттагы маалыматын кеңейтип, туура түшүнүк алууга өбөлгө болоорун баса белгиледи. …

Дальше »

Кара-Суу районунун баш имам хатибинин демилгесин эл колдоого алып, ишембиликке чыгышты

Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыровдун демилгеси менен жергиликтүү жашоочулар ишембиликке чыгышып, Кара-Суу шаарындагы сейил бактын айланасын таштандылардан арылтып, арыктарды тазалашып, гүл отургузууга  жай даярдашты. Муну менен катар Кара-Суу районундагы мечит имамдары бул …

Дальше »

Чоң-Алай районуна пайгамбарыбыздын (САВ) урматына карата китеп окуу боюнча сынак өттү

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айыл аймагындагы «Алайчы уулу Саит» атындагы орто мектебинде райондук деңгээлде кыз-келиндер арасында «Мухаммед пайгамбарыбыздын (с.а.в) өмүр таржымалы» боюнча сынак өттү. Сынакка жалпысынан 300гө чукул окурман катышып, конкурстун жыйынтыгы 10-апрелде …

Дальше »

Чоң-Алайдагы кыз-келиндер үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Карамык айылынын имамы Бекболот Маданов жана орун басары Максат Идиросовдун демөөрчүлүгү алдында аялдар үчүн «Айша даанышман эне» аттуу китеп окуу конкурсу уюштурулду. Иш-чарага Чоң-Алай районунун баш имам хатибинин орун басары …

Дальше »

Аравандагы кыз-келиндер үчүн Рамазан айына карата китеп окуу конкурсу уюштурулду

Ош облусуна караштуу Араван районундагы маданият үйүндө ыйык Рамазан айынын урматына «Кош келдиң Рамазан» аттуу онлайн китеп окуу конкурсунун жыйынтыгы чыгарылды. Аталган саамалык Араван районунун хатибияты жана «Муслима Букс» китепканасы менен биргеликте уюштурулду. Конкурс аялзатына арналып уюштурулуп, …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Ош облустук казыятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети  Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук мусулмандар казыятынын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып, Рамазан айына карата даярдыктарды баштоо боюнча тапшырма берди. Жолугушууга Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, казыяттын эмгек …

Дальше »

Азирети Муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев Ош облустук казыятынын алдындагы аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыев иш сапары менен Ош облусунун мусулмандар казыятына келип, аялдардын окуу борборлорунун жамааты менен жолукту.  Айымдар менен болгон жолугушууда  «напсини тарбиялоо»,  «акылды туура пайдалануу»,  «балдардын тарбиясы»,  «илим алуу», «үй-бүлөнү сактоо», «адал-арам» жана   «жан дүйнө азыгы» темаларында баяндамасын жасады. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары …

Дальше »

Ош облустук казыятында айымдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өттү

Бүгүн, 1-апрель күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын борбордук мечитинде аялдар үчүн «Бактылуу үй-бүлө куруунун сыры» аттуу семинар өтүп, аялдардын үй-бүлөдөгү орду, уяттуулук, шарияттагы үй-бүлө куруунун максаты жана эркектердин үй-бүлөлүк жашоодогу милдеттери боюнча темалар талкууланды. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, облус …

Дальше »

Кара-Суу районунда жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 200 жаранга 110 000 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Шарк айыл аймагында имамдын демилгеси менен жардамга муктаж балдар үйүнө, балдар интернат мектебине,  карыялар үйүнө жана көзү азиз мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга 110 000 сомдук азык-түлүк жардамы көрсөтүлдү. Буга кошумча 6 жандык союлуп, эти …

Дальше »

Кара-Кулжа районунда “Аз. Билал” мечитинде тазалык иш-чарасы болуп өттү

Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу “Аз. Билал” мечитинде айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана тазалык иш-чарасы болуп өттү. Иш-чарада “Аз. Билал” мечитинин имамы Абдулхаким Аскаров жамааты менен биргеликте мечиттин айланасын тазалап, айлананы көрктөндүрүштү. «Ислам динибизде тазалык өзгөчө маанилүү орунду …

Дальше »