Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Салих компаниясы уюштурган «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы Нарын облусунда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы жана Салих компаниясы уюштурган «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы Нарын облусунда уюштурулду. Иш-чараны Нарын облусунун мусулмандарынын казыяты өткөрүп, жарандар үчүн майрамдык маанай тартууланды.

Дальше »

Ош облусунун казысынын орун басары Алай райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районуна болгон иш сапарынын алкагында райондук хатибияттын ишмердүүлүгү менен таанышып, бир катар маселелер талкууланды. Алсак, КР Президентинин “Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адатын тартипке келтирүү” жөнүндөгү …

Дальше »

Алибек ажы Жусупов Алай эли менен жолугуп, ысырапкорчулуктун кесепеттери боюнча баяндама жасады

Ош облусунун казысынын орун басары Алибек ажы Жусупов Алай районунун Гүлчө айылына караштуу Марифхан уулу Жолборсхан төрө ажы атындагы борбордук «Алай-Гүлчө» мечитинде жергиликтүү тургундар менен жолукту.   Облус казысынын орун басары  жолугушууда ысырапкерчиликтин залалдары боюнча …

Дальше »

Балыкчы шаарынын имамдарына өрт коопсуздугунун эрежеси түшүндүрүлдү

Мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында эвакуациялоо планы каралды. Бул туурасында Балыкчы шаарынын баш имам-хатиби Чойбек ажы Исакунов билдирди. Жыйынга шаардагы жалпы имамдар катышып, анда өрт көзөмөлдөө кызматынын Ысык-Көл, Нарын облустары боюнча бөлүм башчысы Нурлан …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев студенттерге виртуалдык оюндардын зыяндуулугу жөнүндө баяндама жасап, убакытты ысырап кылбоого чакырды

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Ош шаарындагы филиалынында окуган студенттер менен жолугушуп, виртуалдык оюндардын зыяндуулугу жөнүндө баяндама жасады. Муну менен катар ысырапкорчулук жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча түшүндүрүү …

Дальше »

Ош шаарынын казысы ыйык Рамазан айында дин кызматкерлерин эл менен бирге болуп, ибадат кылууга шарттарды жакшыртуу тапшырмасын берди

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүлүп, анын алкагында  Рамазан айындагы иш чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү тапшырмасы берилди. Жыйындын жүрүшүндө кайсыл мечитте Куран хатм окулат жана канча күндүк экендиги …

Дальше »

Кара-Сууда имамдын демилгеси менен ишембилик өтүп, көрүстөндүн айланасына бак-дарактар отургузулду

Ош облусунун Кара-Суу районунун Ак-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Жылкелди айылында «Жылкелди» мечитинин имамы Бахадыр Калыбаевдин демилгеси менен ишембилик өткөрүлүп, бак отургузулду. Жыйынга Ак-Таш айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Бахадыр Калыбаев, айыл өкмөт башчысы Абдулла Дооронов баштаган …

Дальше »

Араван районуна жаңы дайындалган баш имам-хатиб өз ишин баштады

Араван районунун баш имам-хатиби Максат кары Сидиков имамдарга жыйын өткөрүп, анда  КР Президентинин «Үй-бүлөл­үк салтанат жана мар­кумду эскерүү үрп-ад­аттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун ишке ашыруу, Муфтият жана …

Дальше »

Ноокат районундагы мечиттер ыйык Рамазан айына даяр

Ош облусунун Ноокат районунда Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №65 Буйругун аткаруу багытында өткөрүлүп жаткан ишембиликтер жыйынтыкталды. Бул боюнча Ноокат районунун баш имам-хатиби Музаффар ажы Турдубаев билдирди.    «Туруксуз аба-ырайы жана жаан-чачын тоскоолдук жаратып, пландагыдай …

Дальше »

Максат кары Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды

Максат кары Сидиков Араван районунун баш имам-хатиби болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев кол койду. Сидиков буга чейин Араван районундагы «Имам Аль-Бухари» медресесинде Куран жана тажвид илиминен сабак берип келген. Сидиков Максат …

Дальше »

Ноокат районундагы жалпы имамдарга Рамазан айын жогорку деңгээлде өткөрүү боюнча тапшырмалар берилди

Ош облусунун Ноокат районунун борбордук мечитинде 17 айыл өкмөттүн жооптуу имамдарына жыйын өтүп, анда КР Президентинин «Үй-бүлөлүк салтанат жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү» жөнүндөгү Жарлыгын аткаруу, каттоодон өтө элек мечиттердин каттоо ишин тездетүү, Азирети …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев мечиттердин каттоосу боюнча имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев имамдар менен жолугушуп, мечиттердин каттоосу, тазалыгы, ишембилик иш-чараларын өткөрүү, айрым мечиттерди суу менен камсыз кылуу маселесин талкуулашы. “Жергиликтүү бийлик мечиттердин каттоо иштерине жардамын берүүдө. Бул жаатта дин кызматкерлери …

Дальше »