Абдирашит ажы Батыров Наримандагы флагшоттун ачылышына катышты

Кечээ, 15-ноябрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнө флагшот орнотулду. Иш-чаранын ачылышына КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүчүлүгүнүн жана райондук мамлекеттик администрациянын жетекчилиги, Абдирашит ажы Батыров баштаган хатибият жамааты, айыл өкмөт башчылары …

Дальше »

Ала-Бука районунда муктаж үй-бүлөлөргө 56 тонна көмүр таркатылды

Кара-Кече көмүр кенинде иштеген Чыңгыз Сулайманов жана Мирлан Ажыгулов аттуу ишкерлер аз камсыз үй-бүлөлөргө 56 тонна көмүр таркатуу демилгесин колго алышкан. Алар Ала-Бука райондук хатибияты менен биргеликте район аймагындагы жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, мечиттерге, ыйман жана …

Дальше »

Кочкор районундагы мектептердин жогорку класстарына лекциялар окулуп, зарыл маалыматтар берилди

Нарын облусуна караштуу Кочкор районунун РИИБнин башчысынын орун басары, милициянын подполковниги Кайрат Садыбакасов, БИИнин аймактык инспектору Нурлан уулу Нурсултан жана Кочкор районунун баш имам-хатиби Женишбек Арзымкожоевдер райондогу Кызыл-Дөбө, Дөң-Алыш, Кара-Мойнок айылдарындагы орто мектептердин 7-8-9-10-11-класстын окуучуларына …

Дальше »

Ош шаарында ВИЧ-СПИДге каршы күрөшүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү

Бүгүн, 15-ноябрь күнү Ош шаарындагы «Баяна» мейманканасынын жыйындар залында СПИДге каршы күрөшүнүн бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Ош шаардык мусулмандар казыяты, Ош облустук казыяты, Ош облустук СПИДге каршы күрөшүү жана алдын алуу борбору менен биргеликте тегерек …

Дальше »

“Апиза эне” ислам институту диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өткөрдү (фото)

Ош облусунун Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институту “Достук” аттуу спорттук иш-чара уюштурду. Ага Кара-Суу районунун Фуркат айылындагы “Абдужапар” ислам институтунун мугалимдери жана студенттери, Ош шаарындагы “Умму Мухаммад” Куран жаттоо медресесинин мугалимдери жана студенттери катышты. Иш-чараны “Апиза эне” институтунун ректору Абдирашит кары Батыров ачып, ынтымактуу …

Дальше »

Баткенден Ысык-Ата районуна эвакуацияланган жарандар өз үйлөрүнө кайтууда

Баткен облусунан Чүйдүн Ысык-Ата районуна эвакуацияланган мекендештер өз үйлөрүнө кайта баштады. Мындай маалыматты аталган райондун баш имам-хатиби Бактыбек ажы Убабеков тастыктады. Райондогу мечиттерден буга чейин топтолгон азык-түлүктөрдөн кичи мекенине кайтып жаткандарга бөлүштүрүп берилди. Бактыбек ажынын …

Дальше »

Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун имамдарына жыйын өткөрдү

Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна иш сапары барып, Покровка айылынын борбордук мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү. Баш имам-хатиб Миржалал ажы Дадабаев облус казысына райондогу дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. «Жараткан насип …

Дальше »

Абдилазиз ажы Абдурахманов: «Илим адамды жакшылыкка жетелейт»

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам-хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов Ош шаарындагы №24 М. В. Фрунзе атындагы орто мектептин окуучуларына «Билим алуу үчүн убакытты туура пайдалануу» деген темада лекция өттү. «Бузукулук, жаман иштердин баары бекерчиликтин …

Дальше »

Токмокто мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн сый тамак уюштурулду

«Биримдик Токмок» коомдук бирикмесинин колдоосу менен Чүй районунун Токмок шаарында жайгашкан «Майыптар үйүндө» сый дасторкон уюштурду. Уюштуруучулар шаардын баш имам-хатиби Муржан Касымов жана коомдук бирикменин өкүлү Шерзод Абдурахмановдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге сый тамак үчүн торт, …

Дальше »

Ош шаарында «Хувайда» Куран окуу борборунун жаңы имараты курулууда

Ош шаарынын мусулмандарынын казысынын милдетин аткаруучусу Мирланбек ажы Токтомушов Туран муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан «Хувайда» Куран окуу борборунун курулуп жаткан жаңы имаратына барып, курулуш иштеринде эмгектенип жаткан усталарга жана жергиликтүү демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирди. «Куран окуу …

Дальше »

Кара-Суудагы «Абдужапар» мечитинин дааратканасы жаңыланды

Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айыл өкмөтүндөгү «Абдужапар» жума мечитинде заманбап даараткана курулуп бүтүп, ишке берилди. Мечиттин мурдагы дааратканасы талапка жооп бербегендиктен, «Абдужапар» мечитинин имам-хатиби Абдусами кары Бегматовдун демилгеси менен жаңы, бардык шарттары бар, …

Дальше »

Кызыл-Кыяда окуучуларга экстремизмдин алдын алуунун жолдору түшүндүрүлдү

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында окуучуларга экстремизм жана терроризмди алдын алуу жолдору түшүндүрүлдү. Бул тууралуу Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев билдирди. Маалыматка ылайык, иш-чараны КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Баткен облусу боюнча өкүлү Ч. …

Дальше »