Ош облусу боюнча Умра ибадатына 40 зыяратчы барат

Бүгүн, 27-декабрда Ош облусунун мусулмандар казыятынын Умра ибадаты боюнча жооптуу адиси Акжол ажы Бакиров кичи ажылык сапарына бара турган жарандарды каттоодон өткөрө баштады. «Умра ибадаты Кыргыстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан ноябрь айынын аяк ченинде ачылган …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдулла ажы Сарыбаев үзүрлүү эмгектенген имамдарга сыйлыктарды тапшырды

Кечээ, 24-декабрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев башында турган казыят кызматкерлери жыл жыйынтыгы үчүн шаардагы жалпы имамдарга чогулуш өткөрүп, 2019-жылы үзүрлүү эмгектенген дин кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды. Сыйлык алгандардын ичинен “Аль-Фаарук” мечитинин имам хатиби …

Дальше »

Мындан ары Чоң-Алайда маркумдун үйүнөн ысык тамак берүүгө тыюу салынды

Кечээ, 24-декабрда Ош облусунун Чоң-Алай районуна караштуу Дароот-Коргон айылынын борбордук мечитинде маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча ысырапкорчулук менен  күрөшүү боюнча жыйын болуп өттү. Жыйынга Чоң-Алай районунун баш имам хатиби Эрмекбай ажы Ташбекев, хатибият кызматкерлери, мечит …

Дальше »

Баткен шаардык хатибиятында «Исламдагы аялдардын орду» аттуу иш-чара уюштурулду

23-декабрда Баткен шаардык хатибияты тарабынан «Исламдагы аялдардын орду» аталышында жыйын болуп өттү. Бул тууралуу Баткен шаарынын баш имам хатиби Абдурашид ажы  Юнусов билдирди. Жыйынга шаардын ар кайсы аймактарынан келген айымдар катышты. Иш-чарада исламда аялдардын орду, укуктары …

Дальше »

Баткен шаарынын «Таква» мечитинин имамы Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланды

Баткен шаарындагы «Таква» мечитинин имамы Абдулаким ажы Сейдакматов аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө матриалдык жана моралдык жактан колдоо көрсөтүүдө жана коомдук ишкерге активдүү катышкандыгы үчүн  КРнын Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн «Ардак грамотасы» менен сыйланды. …

Дальше »

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучуларды китеп окууга чакырып, бул жаатта райондук билим берүү бөлүмү менен кызматташат

Бүгүн, 25-декабрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Кочкор районунун Кочкор айылындагы И. Арабаев жана  Калыгул Бай уулу атындагы орто мектебинде окуучулар жана ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда ата-энелерге бала тарбиясы, адеп-ахлак тууралуу баяндамасын жасап, …

Дальше »

Ош шаарындагы медреседе эмгектенген «Мыкты мугалимдер» сыйланды

Кечээ, 24-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятында калаадагы медреселерде билим берген окутуучуларга «Мыкты мугалим» сыйлыгы тапшырылды. Сыйлыкты Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев өз колу менен тапшырды. Мындай сыйлыкты тапшырууда окутуучунун адеп-ахлагы, жүрүм-турумуна көңүл бурулуп, балдардын …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз каары Закиров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өттү

Кечээ, 24-декабрь Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз каары Закиров жана казынын орун басары Бакытбек ажы Түнгатаров умра ибадатына баруучу зыяратчыларга жыйын өткөрдү. Жыйында облус казысы умра сапарын Бакытбек ажы Түнгатаров жетектей тургандыгын билдирип, кичи ажылдык …

Дальше »

Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров районго караштуу мечит имамдарына жыйын өткөрдү

Кечээ, 24-декабрда Ош облусунун Алай районунун баш имам хатиби Тиллабай ажы Кадыров Алай районунун мечит имамдарына жыйын өткөрдү. Жыйында  Тиллабай ажы Кадыров имамдардын жыл ичинде аткарган кызматы менен таанышып, имамдарды нике журналдарын колдоно билүүгө чакырды. …

Дальше »

Ош шаарында 3 кабаттан турган бардык шарты менен «Мажүрүм тал” мечити ишке берилди (фото)

Кечээ, 24-декабрда Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу калаанын «Курманжан-датка» кичи районунда 2500 адам ылайыкташкан  3 кабаттан турган бардык шарты “Мажүрүм тал” жаңы мечити ишке берилди. Мечиттин ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев, …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев Кароол-Дөбө айылынын тургундарына ысырапкерчиликтен арылуу боюнча баяндамасын жасады

Ысык-Көл районуна караштуу Кароол-Дөбө айылынын мечитинде, райондук баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, элди ынтымакка жана биримдикке чакырды. Жолугушууда айыл тургундарына адеп-ахлак туурасында маалымат берип, терс агымдардын жалпы коомчулукка тийгизген зыяны …

Дальше »

Жети-Өгүздүн Кызыл-Суу айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 24-декабрда баш имам хатиби Акылбек Талантбек уулу билдирди. “Куран жарышын өткөрүү боюнча райондук хатибият демилге көтөрүп, демөөрчүлүк кылууга райондук …

Дальше »