Кызыл-Кыя шаарында «Имамдын коомдогу орду» аталышындагы жыйын өткөрүлдү

Кечээ, 9-сентябрда Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов имамдарга жыйын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө имамдын коомдогу орду жана жергиликтүү жамаат өзүнүн арасынан эң илимдүү, Куранды жакшы окуй турган, такыба, үлгүлүү мүнөзү, жүрүш-турушу, адеп-ахлагы менен …

Дальше »

Ак-Суу районунун баш имам  хатиби Асантур ажы Абдрахманов  жаңы салынып жаткан мечиттин курулуш иштери менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам  хатиби Асантур ажы Абдрахманов Теплоключенко айылында салынып жаткан райондук борбордук мечитинин курулуш иштери менен таанышып, аткарылып жаткан иштерди жеринен кабар алды. “Теплоключенко айылынын тургундарынын суроо-талабы менен өткөн жылы ушул …

Дальше »

«Жанбото ата» мечитинин жамааты 5 балалуу энеге акчалай жардам көрсөтүштү

Бишкек шаарындагы «Жанбото ата» мечитинин имам хатиби Муратов Камилжандын демилгеси менен мечиттин жамааты жума сайын кайрымдуулук иш-чарасын улантууда. Аз болсо да жума сайын муктаж үй бүлөлөргө мечиттин атынан акчалай жардам көрсөтүлүүдө. Бул жолу турмуштун сыноосу …

Дальше »

Калыс Ордодо 15 жаш жеткинчек кыздар 2 айлык курстан өтүштү

Бишкек шаарындагы Калыс Ордо жаңы конушунда жайгашкан «Латифа» мечитинде 15 кыз эки айлык окуу курсун аяктап, сертификаттарды алышты. Бул тууралуу мечитттин имам хатиби Нурбек ажы Исманалиев бүгүн, 9-сентябрда билдирди. Анын айтымында, кыздар июль жана август …

Дальше »

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Каракол шаарынын имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков шаардык мечиттердин имамдарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу максатында баардык мечиттерди кыдырып, имамдар менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө шаардагы мечиттердин тазалыгын карап, имамдардын күнүмдүк турмушу менен жакындан таанышты. Мындан сырткары “Ислам тынчтыктын …

Дальше »

Ленин районунун имамдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү менен жолугушту

Кечээ, 8-сентябрда Бишкек шаарындагы Ленин районунун имамдары КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, учурдагы диний кырдаал боюнча пикир алмашты. Жолугушууда ар кандай себептерден улам каттоодон өтө элек мечиттерди тез аранын ичинде каттоодон …

Дальше »

«Достук» мечитинин алдыңкы тарабы жабылууда

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарындагы «Достук» мечитинин жергиликтүү жамааты каражат топтоп, мечиттин алдындагы 250 чарчы метр жерди жабуу иштерин жүргүзүүдө. «Айрыкча жума күнү мечитке келген бир тууган мусулмандарыбыз көп келишет. Жаан-чачын жааган убакта сыртта …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев чет элдик туристтерди кабыл алды

Бүгүн, 9-сентябрда Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев Түркиянын Измир шаарынан Ош шаарына турист катары келген Ахмед Карачаг баштаган чет элдик жарандарды кабыл алды. Жолугушууда Убайдилла ажы Сарыбаев чет элдик конокторду жылуу тосуп алып, аларга …

Дальше »

Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев студенттер менен жолугушту

Баткен облусунун Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшеев Абдулло ибн Аббас Ислам институтунун студенттери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда окуу жайдын студенттерин  жаңы окуу жылы менен куттуктап, окууларына ийгиликтерди каалады. Ошондой эле илим алууга …

Дальше »

Сүлүктүнүн баш имамы  жаштарга  билим таймашын уюштурду

Сүлүктү шаарынын баш имамы Артык Мадаминов Сүлүктү шаарындагы «Нурвали» борбордук мечиттинде жаштарга билим таймашын уюштурду. Иш-чарага жергиликтүү жаштар катышып, Ислам дини, адеп ахлак багыттындагы түрдү суроолорго жооп берип күч сынашты. Билим таймашы жаштардын Ислам дини, …

Дальше »

Баткен облусунун имамдары “Өзгөчө кырдаалдарда дин кызматкеринин ролу” аттуу семинарына катышат

Ушул жылдын 10-11-сентябрда Ош шаарынын “Санрайс” мейманкансында “Өзгөчө кырдаалдарда дин кызматкеринин ролу” аттуу окуу семинары өткөрүлөт. Иш-чарага Баткен облусунун аймагынан жалпы 15 дин кызматкери катышып, өзгөчө кырдаалдар учурунда тийиштүү чараларды көрсөтүү боюнча билим деңгээлин жогорулатмакчы. …

Дальше »

«Мекке» мечитинин имам хатиби Урмат Султанов окуучуларга кичи футбол мелдешин өткөрдү

Бишкек шаарынын казыятынын «Мекке» мечитинин имам хатиби Урмат Султанов каары бүгүн, 6-сентябрь күнү мектеп окуучулары менен биргеликте кичи футбол боюнча мелдеш өткөрдү. Балдарды ынтымака, достукка жана бир туугандыкка чакырган мелдеш мындан ары дагы уланмакчы. Ошондой …

Дальше »