Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү мекенибизге кайтып келет

Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылардын алгачкы тобу 23-август күнү мекенибизге кайтып келет. Жеринен билдирген ажы башчылардын айтымында, учурда мекендештерибиздин ажылык амалдары аяктап, кайтууга камылга көрүүдө. Ажылардын маанайы жакшы, Мекке шаарындагы Жидда аэропортунан мекенибизге учуп, …

Дальше »

Түп айылында 200 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусунун Түп районунун Түп айылында  200 адамга ылайыкташкан жаңы мечит бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Мечиттин ачылышына Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев,  демөөрчүлүк кылган фонддун өкүлү доктор Каид, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев имамдарга жолугуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Кашат айылынын мечитинде жалпы имамдарга жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйруктар боюнча аткарылып жаткан иштер туурасында маалымат алып, ар бир …

Дальше »

Ош шаарында биринчи жолу  көзү азиздердин арасында Куран жарышы болуп өттү

Кечээ, 20-августта Ош шаарынын борбордук  “Имам аль-Бухарий-Алай”  мечитинде Ош шаарындагы көзү азиздердин арасында “Курани Карим” жарышы жазуу, китеп окуу (колдун жардамы менен)  жана жатка окуу боюнча сынак болду. Аталган иш-чарага Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы …

Дальше »

Октябрь айылында 60 окуучу Куран жаттап, алар үчүн конкурс уюштурулду

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылынын имамы Сайдивали Байтеитовтун демилгеси менен айылдагы 60 бала Куран окуп, намаз үйрөнүп, аз болсо да өздөрүнө жараша диний билим алышып, адеп сабактарын да окушту. Бул сабак 2,5 айга …

Дальше »

Чүй облусундагы мечиттерде курмандык чалынып, 2000ден ашуун үй-бүлөгө эт таратылды

Курман айт күндөрү Чүй облусунун казыяты жана Чүй облусундагы мечиттерде курмандык чалам деген жарандар жана кайрымдуулук фонддордун колдоосу менен курмандык чалуу иш-чарасын уюштурду. Чүй облусундагы мечиттерде орто эсеп менен алганда 60ка чукул бодо мал, 600гө …

Дальше »

«Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди

Бишкек шаардык казыятына караштуу «Ыйман» маданий комплексиндеги мечит оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кайрадан колдонулууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-августа аталган мечиттин имам хатиби Рыскулов Ниматилла ажы билдирди. Анын айтымында, эки жылдан ашуун убакыттан бери мечитти кайра оңдоо …

Дальше »

Демөөрчүлөрдүн жардамы менен Кун-Туу айыл өкмөтүндөгү жергиликтүү элге таза суу чыгарылууда

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кун-Туу айыл өкмөтүндө демөөрчүлөрдүн жардамы менен жергиликтүү тургундарга таза суу чыгарылууда. Бишкек шаарындагы «Азирети Умар» мечитинин имам хатиби Ахунжанов Шахабидин ажынын демилгеси менен Кун-Туу айыл өкмөтүнө караштуу бир катар айылдарда сооптуу …

Дальше »

Чүй облусунда мечиттерди каттоодон өткөзүү маселеси талкууга алынды

Кечээ, 13-августта Чүй облусунун Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия жана Чүй облусунун мусулмандар казыятынын демилгеси менен, аймактагы мечиттерди каттоодон өткөзүүдө туулуп жаткан маселелерди жоюу иретинде жыйын болуп өттү. Жыйынды …

Дальше »

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун фазилеттери жана шарттары туурасында баяндама жасады

Бүгүн, 9-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы  Ташлак айылынын “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун  фазилеттери жана шарттары туурасында жума баяндамасын жасады жана айт намаздын кайсыл убакта окулуусун жалпы жамаатка жеткирди. …

Дальше »

Жайыл айылында 260 орундуу мечит элге кызматка берилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылында 260 орунга ылайыкталган «Халед Эйдо ал Матрафи» атындагы мечит бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Аталган мечит Сауд Араб Падышачылыгынын боордош кыргыз элине «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тараптан каржыланып, дааратканасы жана жаш балдардын …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдар менен жолугушуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Кош-Көл айылдык мечитинде райондук имамдар менен жолугушуп, алардын жүргүзүп жаткан иши менен жакындан таанышты. Жолгушуу учурунда күн тартибинде айлык отчётторду тапшыруу талаптары, мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, КМДБ жана облустук Казыят тарабынан келген буйрук билдирүүлөрдүн аткарылышы, …

Дальше »