Нарын районунун баш имам-хатиби Нарын шаарындагы № 93546  аскер бөлүгүндө лекция өттү

Нарын районунун баш имам-хатиби Кумарбек Орозалиев Нарын  шаарындагы №93546 аскер бөлүгүндө кызмат өтөгөн катардагы жоокерлерге  жолугуп «Салттуу Ислам дини жана экстремизм, терроризм» деген темада лекция өттү. Лекция учурунда баш имам-хатиб экстремизм жана терроризм тууралуу кеңири түшүндүрмө берди. …

Дальше »

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Лейлек районунан ажылык сапарга баруучу зыяратчыларга сабак өттү

Кечээ, 2-июлда Баткен облусунун Исфана шаарынын  борбордук мечитинде 2019-жылдагы ажылык сапарга баруучу жарандарга Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов ажылык сапары туурасында сабак өттү. Иш-чарага Баткен облусунун  казысы Пазыл ажы Султанмуратов, …

Дальше »

Ош шаардык казыяты “Алтын уя” балдар үйүнө кийим-кече таратты

Ош шаардык казыяты борбордук “Сулайман-Тоо” мечитинде муктаждар үчүн чогулган кийим-кечелерди калаадагы “Алтын уя” балдар үйүнө тапшырды. Элден чогулган кийим-кечени Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мырза каары Осмонов, Ош шаардык казыятынын эсепчиси Надыров Билалиддин  тапшырып, …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев иш сапары менен Ысык-Көл облусунда

Бүгүн, 2-июлда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында жумушчу сапары менен Ысык-Көл облусуна барды. Сапар учурунда Абибилла ажы Кадырбердиев облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков менен биргеликте …

Дальше »

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусунун имамдарына нике каттоо журналын таратты

Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов Баткен облусунун имамдарына нике каттоо журналы боюнча эки күндүк окуу семинарын өткөрүп, соңунда ар бир имамга нике каттоо журналын …

Дальше »

Чүй облусунун казысы казыят кызматкерлери менен биргеликте Токмок шаарындагы № 52806 аскер бөлүгүндө лекция өтүштү

Чүй облусунун казысы Руслан ажы Жумагулов Токмок шаарында жайгашкан № 52806 аскер бөлүгүнүн чакыруусу менен, Чүй казыятынын фатва бөлүм адиси Бектен ажы Зарылбеков жана Чүй казыятынын курулуш бөлүмүнүн адиси Элизар ажы Ажыбаев менен биргеликте «Салттуу …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Убайдилла ажы Сарыбаев ынтымакты бекемдөө жана жаштардын тарбиясына өзгөчө көңүл бурууга чакырды

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймактык башкармалыгында коомдогу терс көрүнүштөрдү алдын алуу жана жаштардын таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын болду. Иш-чарага Ош шаарынын  казысы Убайдилла ажы Сарыбаев, аталган аймакта жайгашкан мечит имамдары, Ош ШИИБинин башчысы …

Дальше »

Ош шаарындагы азиздер  үйүнө 68150 сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош шаарынын Анар  кичи  районунда жашаган көзү азиздер жана майыптарга Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев 68150 сомдук азык-түлүк тапшырды. Аталган райондун №18-үйүндөгү 45 квартиралуу  1-2-3-топтогу ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар улуу Рамазан айынан чогултулган …

Дальше »

Муфтияттын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Орок айлынын тургундары менен жолукту

Кечээ, 28-июнь күнү Чүй облусунун Сокулук районунун Орок айылынын мечитинде  жергиликтүү тургундардын катышуусунда, облус аймагындагы көп улуттуу калкты ынтымакка, биримдикке жана бакубат жашоого үндөгөн жолугушуу болду. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын даават, үгүт-насаат, жаштар жана …

Дальше »

Жайыл районунун борбордук мечитинде видеокөзөмөл орнотулду

Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун «Жайыл ата» борбордук мечитине 33000 сомго видео камералар орнотулуп, 24 саат бою видео көзөмөл жүрө баштады. Жайыл районунун баш имам хатиби Нурдан ажы Омуралиев камералардын иштеши менен жакындан таанышып, жалпысынан …

Дальше »

Ош шаарында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол өткөрүлдү

Кечээ, 27-июнда Ош шаарындагы Ош мамлекеттик университетинин жыйындар  залында “Экстремизм жана терроризм менен күрөшүүнүн негиздери” аттуу тегерек стол болуп өттү. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Дин иштери боюнча мамлекеттик  комиссиясынын Түштүк аймактык …

Дальше »

Ош облусундагы имамдарга нике каттоо журналы таратылды

Ош шаарынын борбордук «Сулайман-Тоо» мечитинде Ош шаары жана Ош облусу боюнча имамдардын чогулушу болуп өттү. Ага Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын фатва, диний адабияттар жана халал иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов жана облус боюнча …

Дальше »