Дордойдогу Стамкул ата мечити толугу менен реконструкцияланууда. Эми жарандар үчүн жакшы шарттар түзүлөт

Бишкек шаардык мусулмандар казыятына караштуу Стамкул ата мечити кеңейтилүүдө. Учурда мечит толугу менен реконструкцияланып, жарандардын талабына ылайыкталууда. «Мечит «Дордой» базарында жайгашкандыктан намаз окууга келген жарандарга орундар жетишпей келген. Айрыкча жума күнү абдан чоң маселе жаралат. …

Дальше »

Кара-Суу районунда ысырапкерчиликти токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунун Кызыл-Суу айыл өкмөтүндө ысырапкерчиликтин алдын алуу   боюнча профилактикалык иш чаралар өткөрүлдү.  Иш чарага Ош облусунун казысынын орун басары Нурбек кары Орунбаев, Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Жеңишбек Аширбаев, …

Дальше »

Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы мечитке жылуулук системасы киргизилсе, Төш-Булак айылындагы мечит оңдоп-түзөөдөн өттү

Сокулук районунун Төрт-Күл айылындагы  Муса мечитине жылуулук системасы киргизилди. Төрт-Күл айылынын имамы Абдимиталип Жалалов жергиликтүү жамаат менен биргеликте 35 миң сом чогулуп, бул каражатка мечиттин ичине жылуулук мешин орнотушкан. Ушундай эле мечитти жылытуу, оңдоп-түзөө иштери …

Дальше »

Бишкектеги Абдулла Салих мечитинин имамы калаадагы балдарды реабилитациялоо борборуна барды

Бишкек шаардык казыятына караштуу Абдулла Салих мечитинин имамы Жакып  ажы Кайымов мечиттин жергиликтүү жамааты менен биргеликте калаадагы балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун социалдык жатаканасына барып, бадардын ал жайынан кабар алды. «Жетимдерди зыярат кылуу, алардын башынан …

Дальше »

Нарын казыяты имамдарды окута баштады

Нарын облусунун 5 районунан 10 имам хатиб облустук казыят тарабынан уюштурулган 10 күндүк окуу курсунда билим ала баштады. Окуу курсунда имамдар Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун эрежелери, акыйда сабактарын окушууда. Имамдардын …

Дальше »

Ош облустук казыяты райондук хатибияттардын иш кагаздарын текшере баштады

Ош облустук казыятынын иш башкарма башчысы Абдыжапар ажы Жакыпов баштаган казыят кызматкерлери региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Араван райондук хатибиятынын ишмердүүлүгү менен таанышып, иш кагаздарын  талаптагыдай жүргүзүүсүн текшеришти. Текшерүүнүн  жүрүшүндө Араван районунун башкы …

Дальше »

Чүй облусунун казысы казыят кызматкерлеринин апта ичиндеги отчетун кабыл алды

Чүй облусунун мусулмандар казысы Руслан ажы Жумагулов казыят кызматкерлерине кезектеги жыйынын өткөрүп, анын алкагында апта ичиндеги аткарылган иштердин отчету угулду. Муну менен катар казыяттын пландуу иштери, ажылыкка каттоо боюнча маалыматтар берилип, облус казысы ар бир …

Дальше »

Ысык-Көл облусундагы 53 имам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан окутулууда

Ысык-Көл облусундагы 53 имам Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасы тарабынан окутулууда. 3 күндүк окуу курсу Чолпон-Ата шаарындагы резиденцияда өтүп, анын алкагында дин кызматкерлери Исламдагы адептүүлүк, ыйманды күчөтүү, имамдын өзгөчөлүктөрү жана сыпаттары, Абу Ханифа мазхабынын санжырасы, хутба …

Дальше »

Жалал-Абадда өткөн азанчылардын облустук туру жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды

Жалал-Абад облустук мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан уюштурулган азан айтуу конкурсунун облустук туруна 21 азанчы катышты. Сынак Жалал-Абад шаарындагы Имам Бухарий жума мечитинде өтүп, анда азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, …

Дальше »

Талас районунун имамдарына 3 күндүк окуу семинары башталып, дин кызматкерлери компьютерде иштөөнү дагы өздөштүрүшүүдө

Талас шаарындагы “Али ибн Аби Толиб” медресесинде Талас районунун имамдары үчүн атайын  3 күндүк окуу семинар башталды. Семинар Талас районунун баш имам хатиби Канатбек  Жолдошбек уулу тарабынан демилгеленип, анын алкагында айыл имамдары өздөрүнүн билимдерин жогорулатышууда. …

Дальше »

Өрттүн кесепетинен жабыркаган «Ыйман» мечитинде оңдоо иштери башталды. Мечит элдин колдоосуна муктаж

Бишкек шаарындагы «Ыйман» мечитин калыбына келтирүү максатында оңдоо жана тазалоо иштери башталды. «Мечиттин үстүңкү кабаты толугу менен күйүп кетсе дагы биздин жергиликтүү жамаат беш убак намазды жана жума намаздарын ар дайым  окуп келдик. Жарандарыбыз үчүн …

Дальше »

Бишкектин четиндеги Чоюбек уулу Керималы мечитине жаңы шарттар түзүлдү

Бишкек шаарындагы Чоюбек уулу Керималы мечитинин имам хатиби Майрамбек Маматовдун демилгеси менен мечитте оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Учурда жарандар үчүн даараткана жаңыланып, мечиттин айланасы тосулган. «Мечит шаардын четинен орун алган. Биз жергиликтүү жамаат менен биргеликте мечитти …

Дальше »