Азирети Муфтий Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү жана шаар мэри менен биргеликте жергилктүү тургундар менен жолугушту

Бүгүн, 13-ноябрь күнү Ош облустук мамлекеттик администрациянын жыйындар залында  аймактарды өнүктүрүү жылына  карата жыйын  өтүп, ага Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү У. Жылкыбаев, Ош шаарынын мэри …

Дальше »

Кадамжайдын Халмион айылында коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында атайын чечим кабыл алынды

Коомдо орун алып жаткан терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Кадамжай районунун Халмион айыл өкмөтүндө жергиликтүү бийлик, дин жана укук  коргоо кызматкерлери, мугалимдер ошондой эле аксакалдар менен жаштардын катышуусунда жыйын өттү. Жыйын алкагында  кылмыштуулукту болтурбоо, өз …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби “Ардактуу инсан” наамы менен сыйланды

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын баш имам хатиби Мукадас ажы  Кожониязов Кыргыз Республикасынын “Ардактуу инсандары” коомдук бирикмеси тарабынан “Ардактуу инсан”  наамы жана ордени менен сыйланды. Ошондой эле Кызыл-Кыя шаардык мэриясынын буйругунун негизинде  Кызыл-Кыя шаарынын өсүп-өнүгүсүнө кошкон …

Дальше »

Баткен казыяты Баткен телеканалынын эки кызматкерине ардак грамота тапшырды

Баткен облусунун мусулмандар казыяты Баткен облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясынын жогорку категориядагы техниги Адылбек  Орозалиевди жана телеканалдын башкы редактору Асылкан Махамат кызын казыяттын ардак грамотасы менен сыйлады. Сыйлык 7-ноябрь Кыргыз Ресупликасынын маалымат жана басма сөз күнүнө карата  …

Дальше »

Түп районунун баш имам хатиби Фрунзе айылындагы жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, жаштарды билим алууга чакыруу керектигин билдирди

Ысык-Көл облусунун Түп районунун баш имам хатиби  Бакыт ажы Кайкиев Фрунзе айылындагы борбордук мечитте жергиилктүү тургундар менен жолугушуп, ысырапкерчиликти токтотуу жана бөгөт коюу,  эл ичиндеги ынтымакты бекемдөө, конфессиялар аралык мамилени жогорулатуу боюнча баяндама жасап, айыл …

Дальше »

Нарын райондук хатибияты жергиликтүү бийлик жетекчилери менен биргеликте 6 мектепте түшүндүрүү иштерин жүргүздү

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата Жалгыз-Терек, Жаңы-Талап, Кара-Чий, Орук-Там, Эмгекчил жана Өрнөк айылдарынын орто мектептеринде райондук жетекчилердин катышуусунда  мектеп  мугалимдерине жана ата-энелерге атайын семинарлар өтүлдү.  Нарын районунун акиминин орун басары Роза Жумаевна, Нарын райондук усулдук билим …

Дальше »

Тоң районунун хатибияты Бишкектеги «Расул Акрам» Ислам институтун 3 тонна картошка менен камсыз кылды

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдун демилгеси менен Четинди, Ж. Бөкөнбаев, Ак-Ɵлөң айылдарынан 3 тонна картошка чогултулуп, Бишкек шаарын Учкун кичи районунда жайгашкан «Расул Акрам» Ислам институтуна  жалпы элдин атынан жеткирилди. Кайрымдуулук иш …

Дальше »

Тоң районунун Ж.Бөкөнбаев айылында ысырапкерчиликти токтотуу боюнча атайын комиссия түзүлдү

Тоң районунун акими Таалайбек  Ажиев айылдагы аксакалдар кеңешин, активистерди жана Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов менен биргеликте жыйын өткөрүп, анын алкагында терс диний агымдар менен күрөшүү жана алдын алуу, айыл ичиндеги ынтымакты …

Дальше »

Базар-Коргон райондук хатибияты имамдарга терс диний агымдардын алдын алуу жана жаштарды туура жолго салуу боюнча сабак өтүүнү тапшырды

Аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз карынын Закировдун  тапшырмасы менен Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун иш мерчеминин негизинде Базар-Коргон райондук хатибиятынын кеңсесинде Арстанбап айыл окуругуна караштуу жалпы имамдар менен кеңешме …

Дальше »

Тоң райондук хатибияты социалдык абалы оор Жумагүл эжеге акчалай жана азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акуновдун демилгеси менен жалпы хатибият жамааты  социалдык абалы оор Ж. Бөкөнбаев айылынын тургуну Жумагүл эжеге 5 миң сом акчалай жана тамак-аш түрүндө жардам көрсөтүштү. Райондук баш имам хатибдин …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Баткен шаарынын борбордук «Нумани» мечитин зыярат кылды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын борбордук «Нумани» мечитин зыярат кылды. Азиретий Муфтий борбордук мечитте аткарылган иштер жана оңдоп-түзөө иштери менен таанышып, Баткен шаарынын баш имам …

Дальше »

Баткенде Азирети Муфтийдин катышуусунда 100 орундуу “Жоро кызы Шарапат” атындагы кыздардын окуу бөлүмү ишке берилди

Бүгүн, 4-ноябрда  Баткен шаарындагы “Муьаз ибн Жабал” медресесинин “Жоро кызы Шарапат” атындагы кыздар бөлүмү ишке берилип,  салтанаттуу ачылыш аземге Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев, КР Өкмөтүнүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн Аппарат жетекчиси  Мунарбек Насыров, …

Дальше »