Ошто КМДБнын окуу жайлар жана диний билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулган семинар уланууда

Матуриди акыйдасын терең окутуу максатында Кыргызстандын түштүк аймагындагы диний окуу жайлардын мугалимдерине багытталган семинар уюштурулуп, Ош облусундагы ДОЖдордун окутуучулары катышып жатат.  Семинарда Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев акыйданын бүгүнкү күндөгү орду чоң экендигине токтолуп …

Дальше »

Лейлек районунун баш имам-хатиби эл менен жолугуп, дин кызматкерлерине жыйын өткөрдү

Бүгүн, 5-апрель күнү Лейлек районунун баш имам-хатиби Сейитбек ажы Полотов, Лейлек райондук хатибиятынын катчысы Бахтияр Рахматиллаев, Бешкент айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы Хурсанбай Турсунбеков Бешкент айылындагы «Бешкент Тагоб» мечитине иш сапары менен барып, айыл тургундарын зыярат …

Дальше »

Лейлек району жана Сүлүктү шаарында ажылык сапарга баруучулар үчүн сабак уюштурулду

Кечээ, 5-күнү Лейлек районунун Раззаков шаарындагы “Нур” мечитинде Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва жана диний адабияттар бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров Баткен облусунун Лейлек районунан жана Сүлүктү шаарынан ажылык сапарына аттана турган жарандар менен жолугушуп, ажылыктын шарияттагы орду, ажылык …

Дальше »

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы болочок ажыларга сабак өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков Жалал-Абад шаарындагы «Исмаил-Аль Бухарий» жума мечитинде облустагы ажылыкка барууга мүмкүнчүлүк алган болочок ажыларга сабак өттү. Сабактын жүрүшүндө ажылыктын фарз, ваажиб, сүннөттөрү, ажылыкта өзүн алып жүрүү маданияты, адеп-ахлак боюнча …

Дальше »

Баткен казыяты студенттерге, муктаждарга жана майыптарга 632 миң сомдук битир-садага таратты

Баткен облустук мусулмандар казыяты тарабынан Баткен облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттерине, жетим-жесирлерге жана колунда жок үй-бүлөлөргө 2023-жылы чогулган битир-садаганын эсебинен жалпысынан 632 миң сомдук акчалай жардам таратылды. Битир-садага Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан кабыл …

Дальше »

Өлкөнүн түштүк аймагындагы ДОЖдордун акыйда мугалимдеринин матуридия боюнча билимин жогорулатуу семинары башталды

Бүгүн, 5-май күнү, Ош шаарындагы «Умму Мухаммад» медресесинде диний окуу жайлардагы акыйда предметинен сабак берген устаз жана устазалардын матуриди акыйдасынын негизинде квалификациялык билимин жогорулатуу максатында 6 күндүк семинар башталды. Ага Жалал-Абад, Ош, Баткен облустары жана …

Дальше »

Баткенде 3 кабаттуу медресенин курулушу башталды

Баткен облусунун Баткен районундагы Чек айылында жаңы медресенин курулушуна капсула салынды. Саамалыкка Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Баткен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Учкунбек Жоробаев, имамдар жана медресе кызматкерлери, ошондой эле жергиликтүү тургандар катышып, …

Дальше »

Ош облусунда жооптуу имамдарга жыйын болуп өттү

Ош облустук казыятында жалпы облус аймагындагы жооптуу имамдарга жыйын болуп өттү. Анда башчыга баш ийүү, расмий идаара тараптан чыккан буйруктарды жана фатваларды так жана толук аткаруу боюнча тапшырмалар берилди.  Аны менен катар КР Президентинин «Кыргыз …

Дальше »

“Апиза эне” ислам институтунун устаздар курамы күчтөнүүдө

Кара-Суу районундагы “Апиза эне” ислам институтунун устаздар курамы араб устаз менен, тактап айтканда, Каир шаарынан келген Ахмад Шита Мансур Али менен толукталды. Ректор Абдирашит ажы Батыров: “Институттун устаздар курамын жана кадрдык сапатын жакшыртуу максатында тиешелүү …

Дальше »

Базар-Коргондо имамдардын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган семинар болуп өттү

Базар-Коргон районунда «Ак-Тайлак Ата» мечитинде имамдарга багытталган үй-бүлө, талак маселелери, диний кызматкердин адеп-ахлагы боюнча семинар-сабак болуп өттү. Семинарды Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбеков ачып, окууга келген жалпы имамдарга диний кызматтарында жоопкерчиликтүү, бекем болууга, …

Дальше »

Ош облусунда мечиттерди эсептик каттоо жыйынтыкталды

Ош облустук казыяты облус аймагындагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоо процессин толук бүткөрүп, Сайдамир ажы Жейналиев баштаган казыят аппараты каттоого даярдалган акыркы мечиттердин документтерин КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Түштүк аймактык бөлүмүнө тапшырышты.  Ош облустук казыяты 2022-жылы 86 мечит, ал эми …

Дальше »

КИУда Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган студенттер аралык Куран жарышы өттү

Бүгүн, 2-май күнү Кыргызстан Ислам университетинин студенттери арасында айтылуу кыргыз карысы, булбул үндүү Зиябидин кары Атабаевдин жаркын элесине арналган Куран жарышы уюштурулду. Конкурстун ачылыш аземине катышкан Азирети Муфтийдин биринчи орун басары Самидин кары Атабаев бардык …

Дальше »