Меккедеги ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман Тоолиб менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары жана 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев, КМДБнын Борбордук Текшерүү комиссиясынын  (БТК) төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган штаб кызматкерлери Мекке шаарындагы «Лажнатуль-Тансиик» Вакф мекемесинин жетекчиси доктор Абдурахман …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Ош шаардык Кеңешинин төрагасы менен жолугушту

Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Салман Назылбеков Ош шаарынын казысы болуп дайындалган Мырзакул Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда төрага Салман Назылбеков Ош шаарынын тургундарына ислам дининин асыл баалуулуктарын жеткирүү керектигин айтып, казыят менен мамилеге өзгөчө маани берерин …

Дальше »

Азирети Муфтий Замир кары Ракиев менен Бишкек епархиясынын епискобу Савватий кызматташууну талкуулашты

Бүгүн, 22-июнда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев Бишкек шаарынын жана Кыргызстандын епискобу Савватий менен жолугушту.  Эки тараптуу жолугушууда Азирети Муфтий Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгы менен Кыргызстандын православ епархиясынын ортосундагы жемиштүү кызматташтыкты белгилеп, ошондой …

Дальше »

Мырза кары Осмонов: Тартип жана тазалык боюнча мусулман адам башкаларга үлгү болуусу керек

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов казыят кызматкерлери менен биргеликте Амир-Темир муниципалдык аймактык башкармалыгындагы айрым мечиттерди кыдырып, жергиликтүү тургундарга ислам дининин баалуулуктары боюнча баяндама жасады. Муну менен катар шаар казысы мечиттердин тазалыгы жана коопсуздук …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов мурдагы казы Убайдулла ажы Сарыбаев менен биргеликте спорт комплекстин пайдубалына капсула салды

Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов  Ош шаарынын мурдагы казысы Убайдулла ажы Сарыбаев менен биргеликте «Жаңы турмуш» айылындагы спорт комплекстин пайдубалына капсула салды. Шаар казысы спорт жаштардын ден соолугун чыңдап, ынтымагын бекемдөөдө  маанилүү экендигин айтып …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери менен жолугушту

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мурзакул кары Осмонов ОшМУнун теология факультетинин мугалимдери менен жолугушту. Жолугушууга теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажимаматов, декандын орун басары Хилми Кара Агач, теология илимдеринин доктору Ниязалы ажы Арипов жана  Үмүт Али келишип, …

Дальше »

Мырза кары Осмонов: Алла Таала ысырап кылгандарды жакшы көрбөйт

Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мырза кары Осмонов «Али аль-Байт» мечитиндеги жергиликтүү тургундар менен жолугушуп,  ысырапкорчулуктун алдын алуу боюнча баяндама жасады. «Тапканыбыздын баарын эл көрсүн үчүн бир күндө чачсак дагы инсан унутчаак болгондуктан, көп өтпөй унутулат. …

Дальше »

Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров Сүлүктү шаарынын жана Лейлек районундагы дин кызматкерлери менен биргеликте диний абалды талкуулады

Баткен облустук мусулмандарынын казыяты  Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын  №02-104 буйругунун  негизинде терроризм жана диний экстремизм идеологиясына каршы аракеттенүү маселелери боюнча КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен биргеликте Сүлүктү шаарындагы жана  Лейлек районундагы имамдар, диний …

Дальше »

Ош шаарынын казысы Мурзакул кары Осмонов жалпы дин кызматкерлерине жыйын өткөрүп, бир канча тапшырмаларды берди

Ош шаарынын борбордук «Имам аль-Бухари Алай» мечитинде шаардагы жалпы дин кызматкерлерине жыйын өтүп, ысырапкорчулуктун алдын алуу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү, өрт коопсуздугу боюнча тиешелүү иштерди аткаруу, беш убак намазга жана жума намазы үчүн азандардын өз убагында …

Дальше »

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү облус казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады

КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим  Алимбаев  Баткен облусунун мусулмандар казысы Нуридин ажы Мамасабировду ардак грамота менен сыйлады. “Баткен облусунун социалдык -экономикалык абалын жакшыртууга,  коомдук жана жарандык маданий адеп-ахлакты, руханий баалуулуктарды калыптандырууда кошкон …

Дальше »

Быйыл Кыргызстандык ажыларды мейманканалардан ыйык Харам мечитине ташууда 8 автобус кызмат кылмакчы

Ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын башчысы Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб мүчөлөрү Жидда шаарындагы автобустар менен камсыз кылуучу Магриби мекемесинин жетекчиси Ахмад Магриби менен жолугушуп, Кыргызстандык ажыларды мейманканалардан ыйык Харам мечитине ташуучу маршруттук каттамдарды …

Дальше »

Алгачкылардын болуп ыйык Мекке шаарына келген ажылар Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышты

Кыргызстандык ажылардын алгачкы тобу ыйык Мекке шаарына келишип, Дауар Кудей районундагы мейманканаларга жайгашышты. Ажыларды коштоп дарыгерлер жана штаб мүчөлөрү келишкен. Алгачкы топту 2022-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Абибилла ажы Кадырбердиев баштаган штаб мүчөлөрү тозуп алышты. …

Дальше »