Лесное айылында таза суу чыгарылды

Чүй облусунун Сокулук районунун Лесное айылынын тургундарына таза суу чыгарылды. Бул тууралуу бүгүн, 20-сентябрда Сокулук районунун баш имам хатиби Икрам ажы Ырысбаев билдирди. Анын айтымында, «Ас-Софа» кайрымдуулук фондунун жардамы менен таза суу тартылып, 350 кожолук …

Дальше »

Чубак ажы Жалилов Ош шаарындагы Тээке айылынын тургундары менен жолугушту

Бүгүн, 20-сентябрда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү, дин аалымы Чубак ажы Жалилов Ош шаарынын Жапалак муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Тээке айылынын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга Ош шаарынын казаысы Убайдулла ажы Сарыбаев дагы катышып, инсандын билим …

Дальше »

Манас айылында жаңы мечит ачылды

Чүйдүн Сокулук районунун Манас айылында жаңы мечит элге пайдалууга берилди. Мечит 400 кишиге ылайыкташып, «Ас-Софа» кайрымдуулук фондунун каржылоосу менен курулду. Имараттын курулуш иштери тез аранын ичинде аягына чыгып, заманбап болуп бүткөрүлдү. Мечиттин ачылыш аземине Кувейт …

Дальше »

Чүй казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Ивановка айылында өттү

Чүй аймагындагы хатибияттардын ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу иретинде, Чүй казыятынын демилгеси менен өтүп жаткан кезектеги көчмө жыйын Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылында болуп өттү. Аталган көчмө жыйынга Чүй казысы Руслан ажы Жумагулов жетектеген казыят кызматкерлери, …

Дальше »

Тоңдун Кара-Шаар айылынын тургундары айылдашы, жалгыз бой эненин 2 бөлмөлүү үйүн бүткөрүп беришти

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында, райондо бир катар сооптуу иштер өткөрүлүүдө. Бул туурасында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов бүгүн, 20-сентябрда билдирди. Анын айтымында, райондун Кара-Шаар айылынын тургуну, жалгыз …

Дальше »

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков менен мэрия биргеликте иш алып барышат

Бүгүн, 20-сентябрда Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2019-2020-окуу жылына карата калаадагы мектеп окуучуларын ар кандай терс көрүнүштөрдөн алдын алуу жана таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер жана Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты. …

Дальше »

Ак-Суу райондук хатибияты “Ислам таалимдери” аялдар курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттарды тапшырды

Кечээ, 19-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук хатибияты аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу жана диний маданиятты көтөрүү максатында “Ислам таалимдери” аталышта атайын окуу курсун бүтүргөндөргө сертификаттарды тапшырды. Райондук баш имам хатиб Асантур Абдрахмановдун айтымында, окуу курсун …

Дальше »

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев окуучулардын ата-энелерине жыйын өткөрдү

Кечээ, 19- сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун  Т. Балтагулов атындагы №1 орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев дагы катышты. Жолугушуу учурунда …

Дальше »

Нарын медресесинде жаңы окуу жылында 100 студент кабыл алынды

2019-2020-окуу жылына карата Нарын медресеси биринчи курска 60 эркек студент кабыл алды. Учурда медресенин эркектер бөлүмүндө жалпы 76 студент билим алып баштады. Ал эми кыздар бөлүмү бул жылы жаңы 2 кабаттуу имаратка көчүрүлдү жана жаңы …

Дальше »

“Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов адам сатууга каршы жыйынга катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы борбордук “Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн адам сатууга каршы арналган жыйынга катышты. Жыйынга мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, коомдук ишмерлер жана …

Дальше »

Ысык-Көл районунун  баш имам хатиби Максат Сейталиев окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы А.С Пушкин атындагы орото мектебинде окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга мугалимдер дагы катышып, аларга никенин маанилүүлүгү, ата-энеге урмат көрсөтүү, адептүүлүк маселелерин камтыган тарбия сабагы болуп, баяндама жасалды. “Бүгүнкү …

Дальше »

Ак-Суу районунун баш имам хатиби  Асантур ажы Абдрахманов имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Ак-Булун айылынын “Ажыбек Ата” мечитинде райондук имамдар менен жолугушту. Жолугушууда КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылып жаткан иштери туурасында маалымат алып, ар бир …

Дальше »