Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев менен жолугушту

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев менен жолугушуп, райондун аймагындагы диний кырдаал боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. «Өлкөбүздө мечит-медреселердин саны боюнча облусубуз алдыңкы орунду ээлеп келет. Ошонун катарында …

Дальше »

«Яшар Групп» ЖЧК: «Үй-бүлөбүзгө каалабаган нерсени элибизге да каалабайбыз»

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жолдошбек ажы Абдылдаев баштаган КМДБ кызматкерлери «Яшар Групп» ЖЧКсын зыярат кылды. Зыяраттын алкагында Азирети Муфтийдин орун басары ун тартуу жана кондитердик азыктарды өндүрүү адистештирилген компаниясынын ишмердүүлүгү …

Дальше »

Абибилла ажы Кадырбердиев Барак эли менен жолугушуп, аларга мечит куруп берүүгө убада берди

Бүгүн, 29-апрель күнү Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев Кара-Суу райондук-мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Барак анклавынан көчүрүлүп келинген жарандар менен жолугушту. Жолугушууга Кара-Суу районунун акими Темирболот Абыкеев баштаган райондук-администрациянын кызматкерлери менен облус казысы Абибилла …

Дальше »

Самидин кары Атабаев Кара-Суудагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өттү

Бүгүн, 29-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин 1-орун басары Самидин кары Атабаев Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы ажылык сапарына аттанган зыяратчыларга сабак өтүп, аларды чын ыклас менен ибадат кылууга жана тиешелүү эрежелерди сактоого чакырды. «Динибизде …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазиев Баткенде ажыга баруучу жарандар менен жолугушту

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн башчысы Жоробай ажы Шергазиев иш сапары менен Баткен шаарына барды. Бөлүм башчы иш сапарынын жүрүшүндө калаанын “Нуъмани” атындагы борбордук мечитинде аймактагы 2024-жылы ажылык сапарына баруучу жарандар менен жолугушуу өткөрдү. …

Дальше »

Алайда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Ош облусуна караштуу Алай районунун Маданият үйүндө мектеп окуучулары жана ата-энелердин катышуусунда зордук-зомбулуктун алдын алуу боюнча иш-чара өткөрүлүп, анда райондун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков өз баяндамасын жасады. «Үй-бүлө — коомдун эң негизги элементи. Ар …

Дальше »

Баткен районунда дин кызматкерлери ишембилик өткөрдү

Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын тапшырмасынын негизинде мечит-медреселер кызматкерлеринин катышуусунда ишембилик өткөрүлүп, ага мечит жамааттары жана дин кызматкерлери катышты. Ишембиликтин алкагында Баткен шаарындагы Жеңиш паркынын айланасы ар кандай калдыктардан, таштандылардын, акыр-чикирлерден тазаланып, бак-дарактарды актоо иштери жүргүзүлдү. …

Дальше »

Алайда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарыш өттү

Алай районуна караштуу Тилектеш айыл аймагынын Үч-Чат айылында жайгашкан «Медресе Ислам» окуу борборунда Алай райондук хатибиятынын демилгеси менен Эркебай уулу Орунбай атанын жаркын элесине арналып «Китебим Куран» аттуу жарыш болуп өттү. Аталган жарышта Алай районунун …

Дальше »

Фитир-садакалар 3 категория боюнча таратылууда

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы элден чогулган фитир-садаканы 3 категория боюнча; жетимдерге, арыз менен кайрылган муктаж жарандарга жана медреселерге таратып жатат. «Элибиз ибадат иретинде фитир-садакаларын мечиттерге беришет. Биз ортодогу аманатчыбыз. Сиздер берүүчүлөр үчүн дуба кылыңыздар. Жалпыбыз …

Дальше »

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закиров Имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуду

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы Имам Сарахсий күмбөзүн зыярат кылып, Куран окуп дуба кылды. Азирети Муфтий менен бирге 1-орун басары Самидин …

Дальше »

Азирети Муфтий «Имам Аль-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим каары» медресесин зыярат кылды

Бүгүн, 26-апрель күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Ош облусуна жасаган расмий иш сапарынын алкагында Өзгөн районундагы «Имам Аль-Бухарий» ислам институту жана «Абдираим каары» медресесин зыярат кылып, студенттери менен жолугушту. Жолугушууда студенттердин окууларына …

Дальше »

Жолдошбек ажы Абдылдаев Кеминдеги акыйда семинарына катышкан имамдарга сертификат тапшыруу аземине катышты

КМДБ тарабынан 2023-жылдын 28-февралындагы «Имам Матуриди» илим изилдөө борборун түзүү боюнча чыгарылган №49 буйругу, ошондой эле Чүй облусунун мусулмандарынын казыятынын 2024-жылга карата иш-чараларынын планынын алкагында имамдардын мазхабдык жана акыйдалык билимдерин жогорулатуу жана алардын квалификацияларын көтөрүү, …

Дальше »