Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков менен мэрия биргеликте иш алып барышат

Бүгүн, 20-сентябрда Каракол шаарынын мэриясынын жыйындар залында 2019-2020-окуу жылына карата калаадагы мектеп окуучуларын ар кандай терс көрүнүштөрдөн алдын алуу жана таалим-тарбиясына өзгөчө көңүл буруу боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чарага мугалимдер, мамлекеттик кызматкерлер жана Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков катышты. …

Дальше »

Ак-Суу райондук хатибияты “Ислам таалимдери” аялдар курсун ийгиликтүү аяктагандарга сертификаттарды тапшырды

Кечээ, 19-сентябрда Ысык-Көл облусунун Ак-Суу райондук хатибияты аялдар арасында диний сабатсыздыкты жоюу жана диний маданиятты көтөрүү максатында “Ислам таалимдери” аталышта атайын окуу курсун бүтүргөндөргө сертификаттарды тапшырды. Райондук баш имам хатиб Асантур Абдрахмановдун айтымында, окуу курсун …

Дальше »

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкар ажы Чыналиев окуучулардын ата-энелерине жыйын өткөрдү

Кечээ, 19- сентябрда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука районунун  Т. Балтагулов атындагы №1 орто мектебинде окуучулардын ата-энелеринин жыйыны өткөрүлдү. Жыйынга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, мугалимдер жана райондун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиев дагы катышты. Жолугушуу учурунда …

Дальше »

Нарын медресесинде жаңы окуу жылында 100 студент кабыл алынды

2019-2020-окуу жылына карата Нарын медресеси биринчи курска 60 эркек студент кабыл алды. Учурда медресенин эркектер бөлүмүндө жалпы 76 студент билим алып баштады. Ал эми кыздар бөлүмү бул жылы жаңы 2 кабаттуу имаратка көчүрүлдү жана жаңы …

Дальше »

“Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов адам сатууга каршы жыйынга катышты

Бүгүн, 19-сентябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы борбордук “Имам аль-Бухарий- Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош шаарынын мэриясы тарабынан өткөрүлгөн адам сатууга каршы арналган жыйынга катышты. Жыйынга мамлекеттик кызматкерлер, күч органдары, коомдук ишмерлер жана …

Дальше »

Ысык-Көл районунун  баш имам хатиби Максат Сейталиев окуучуларды адептүүлүккө чакырды

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Григорьевка айылындагы А.С Пушкин атындагы орото мектебинде окуучулары менен жолугушту. Жолугушууга мугалимдер дагы катышып, аларга никенин маанилүүлүгү, ата-энеге урмат көрсөтүү, адептүүлүк маселелерин камтыган тарбия сабагы болуп, баяндама жасалды. “Бүгүнкү …

Дальше »

Ак-Суу районунун баш имам хатиби  Асантур ажы Абдрахманов имамдардын ишмердүүлүгү менен таанышты

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Ак-Булун айылынын “Ажыбек Ата” мечитинде райондук имамдар менен жолугушту. Жолугушууда КМДБ жана облустук казыят тарабынан келген буйруктардын аткарылып жаткан иштери туурасында маалымат алып, ар бир …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков студенттерге дарыгерлик кызматынын пазилеттери тууралуу баяндамасын жасады

Кечээ, 18- сентябрда Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков “Илим алуунун жана дарыгерлик кызматтын пазилеттери”, “Никеге эрте туруунун зыяны” деген темада Майлуу-Суу медициналык колледжинин студенттерине лекция өттү. Жолугушуу учурунда Абсатар ажы …

Дальше »

Баткендеги бардык диний окуу жайларында мекенди сүйүүгө чакырган темада класстык саат өтүлөт

Баткен облусундагы бардык диний окуу жайларында мекенди сүйүүгө арналган сабактар өтүлөт. Бул боюнча Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратов Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармасынын тапшырсын медресе мүдүрлөрүнө жүктөдү. Тапшырмага ылайык, облус аймагындагы медреселерде 21-сентябрь мамлекеттик …

Дальше »

Баткен районундагы «Нур» медресесинин студенттерине өрт коопсуздугу боюнча маалымат берилди

Кечээ, 17-сентябрь күнү Баткен районундагы «Нур» медресесинин студенттерине өрт коопсуздугу боюнча түшүндүрү иш-чарасы өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге  өрт коопсуздугун алдын алуу, өрт чыккан мезгилде өзүн-өзү алып жүрүү эрежелери, туура эвакуациялоонун жолдору үйрөтүлдү. «Өрттү өчүргөндөн көрө, …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Кувейттин Эл аралык кызматташуу жана маалымат департаментинин башкы директору Мухаммад Насер Аль Мутайри менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев жана Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Кувейт мамлекетинин Вакуф жана ислам иштери боюнча министрлигинин эл аралык кызматташуу жана маалымат департаментинин башкы директору Мухаммад Насер Аль Мутайри …

Дальше »

Базар-Коргондогу “Имам-Тирмизий” кыз-келиндер медресесинде жаңы конференция залы ишке берилди

Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районунда жайгашкан “Имам-Тирмизий” кыз-келиндер медресесинде демөөрчүлөрдүн колдоосу менен жаңы конференция залы ачылды. Конференция залында медреселер аралык көчмө жыйындар, окуудан тышкаркы иштерди аткарууда жана Рамазан айында мугалимдер менен окуучулар биргеликте Куран катмылары …

Дальше »