Ырдык айылындагы «Хазрети Юсуф» мектебинин окуучуларына өз жанына кол салууну токтотуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Жети-Өгүз районунун  баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов РИИБ кызматкерлери менен биргеликте Ырдык айылындагы «Хазрети Юсуф» атындагы орто мектепте экстремизм, терроризм, суицид жана  рекетчилик боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Иш чарага райондук акимчиликтен  Рахат Урдөөлөтова жана …

Дальше »

Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Мады айылынын №92840 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге “Мекенди сүйүү – ыймандан” аталышындагы лекциясын окуду

Ош шаарынын Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Кара-Суу районуна караштуу Мады айылынын №92840 аскердик бөлүгүндө кызмат өтөп жаткан жоокерлерге “Мекенди сүйүү – ыймандан” аталышындагы лекциясын окуду. Иш чарага түштүк гарнизон боюнча аскердик прокурорунун орун …

Дальше »

Чүй облусунун Расвет айылынын имамынын демилгеси менен айылдагы 3 муктаж үй-бүлөгө 10 миң сомдук тамак-аш азыктары жардам катары тапшырылды

Аламүдүн районунун Расвет айылынын имамы Абдыразак Нарказиевтин демилгеси менен  мечит жамааты жардамга муктаж жана мүмкүнчүлүгү чектелген 3 үй-бүлөгө 10 миң сомдук тамак-аш азыктарын жардам катары тапшырышты. Акча каражаттарын Расвет айылынын жергиликтүү жашоочулары топтошуп, тамак-аш азыктарын …

Дальше »

Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн баш имамынын бир жылдык отчету “жакшы” деп бааланды

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Жалал-Абад облусунун казысы Абдулазиз кары Закировдун  тапшырмасын ишке ашыруу максатында  Базар-Коргон районунун баш имам хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун  иш мерчеминин негизинде айыл өкмөттөр аралык кезектеги  көчмө жыйын Базар-Коргон айыл өкмөтүнүн «Хизр Алейхис-cалам» мечитинде  …

Дальше »

Мирбек Казаков: Биз адегенде тарбиялай турган баланын табиятын жакшы билүүбүз зарыл

Суусамыр өрөөндөгү «Конушбаев Кадырбек» орто мектебинде балдарга туура таалим-тарбия берүүнүн зарылдыгы, адеп-ахлакты жогорулатуу жана зордук-зомбулуктун алдын алуу максатында атайын иш чара өттү. Иш чарага айыл өкмөт башчысы Урмат Отунчиев, мектептин директору Азамат Кашкариев, ата-энелер комитети, …

Дальше »

Чолпон-Ата шаардык хатибияты Бишкек шаарындагы шарият окутуу медресесине азык-түлүк түрүндө жардам көрсөттү

Чолпон-Ата шаардык хатибияты Бишкек шаарынын Жал кичи районундагы шарият окутуу медресесине 1 кой, 3 кап ун, кесме, суу май, туз, суусундук, чай, 40 кап картошка түрүндө жардам көрсөтүштү. Муну менен катар Чолпон- Ата шаардык спортчулардын …

Дальше »

Ак-Башат айылынын имамы айыл өкмөт башчысы менен биргеликте иш алып барат

Жайыл районуна караштуу Ак-Башат айылынын имамы Замир Икромбаев Ак-Башат айыл өкмөтүнүн башчысы Канат Үмөталиев менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушуунун алкагында ысырапкерчиликти токтотуу, жаштарга таалим-тарбия берүү маселеси боюнча пикир алышып, бул жаатта биргеликте иш алып барууну …

Дальше »

Аладин ажы Исламидинов: Мекенди сүйүү – ага болгон кызмат менен болот

Ысык-Ата районунун Новопокровка айылындагы «Ахмад» мечитинин имамы Аладин ажы Исламидинов №11 аскердик бөлүктүн жоокерлерине мекенди сактоо жана кызмат кылуу, ата-энени ураттоо, өз өмүрүнө кол салуунун шарияттагы өкүмү боюнча маалымат берди. Иш чара №11 аскердик бөлүктүн …

Дальше »

Баткен казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын жашоочуларын ынтымакка үндөдү

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын  жашоочулары менен жолугушуп, ынтымак жана  мекенди коргоо темасынын алкагында баяндамасын жасады. Облус казысынын орун басары Кызыл-Кыя шаарынын тургундарына бөлүнүп-жарылуунун кесепеттерин айтып, шаар тургундарын биримдикке, дайыма кайрымдуу болууга …

Дальше »

Ысык-Көл облустук казыятынын алдындагы “Ислам таануу” аялдар борборунда билим алышкан кыз-келиндердин окуу курсу аяктады

Ысык-Көл облустук  мусулмандар казыятынын алдындагы “Ислам таануу” аялдар борборунда билим алышкан кыз-келиндердин 2-айлампасы жыйынтыкталып, сертификат тапшырылды. Окуу курсу кыз-келиндер арасындагы экстремисттик идеологиянын алдын-алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү багытында уюштурулуп, учурда сабактар улантылууда. Эскерте кетсек, аялдар, …

Дальше »

Чүй облусунда өткөн азанчылардын сынагында «Мадамин» медресесинин окуучусу менен «Фатима» мечитинин азанчысы мыктылыгын көрсөтүштү

Чүй облусунун Лебединовка айылындагы «Розалим» мечитинде азанчылар арасында сынак өтүп, ага Аламүдүн районундагы диний окуу жайлардын студенттери жана мечит азанчылары катышты. Сынактын алкагында жеңүүчүлөр 24-март күнү өтө турган облустук жарышка жолдомо алышса, мыктыларына сыйлыктар ыйгарылды. «Мыкты …

Дальше »

Нарын казыяты уюштурган имамдардын 10 күндүк окуу курсу аяктап, сертификат тапшырылды

Кечээ, 28-февралда Нарын казыяты имамдарынын билимин жогорулатып, алардын  ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында уюштурган 10 күндүк окуу курсунун экинчи айлампасы аяктап, сертификат тапшырылды. 10 күндүк окуу курсунда 5 райондун имамдары Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, …

Дальше »