Алай райондук хатибиятында айттык баштыкчалар таратылды

Ош облусунун Алай райондук хатибияты “Примов” кайрымдуулук фонду менен биргеликте райондогу жашы улуу аталарга орозо айт майрамына карата баштыкчаларды таратты. Алай районунда ар дайым мечиттен үзүлбөгөн ак сакалдуу 150 атага, аны менен бирге 70 мечиттин …

Дальше »

Кара-Сууда 730 үй-бүлөгө 1,5 млн сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда мечит имамдары өз жамааты менен биргеликте орозонун соңку он күндүгүндө кайрымдуулук иштерин дагы да көбөйттү. Бул тууралуу облустук казыяттан билдиришти. Айт майрамынын алдында кылынган кайрымдуулук иш-чаралары көптөгөн  муктаж үй-бүлөлөргө жагымдуу маанай …

Дальше »

Акжол ажы Бакиров эл менен жолугушууларды өткөрүүдө

Ош облусунун Өзгөн районунун баш имам-хатиби Акжол ажы Бакиров райондогу мечиттерге келген жамааттар менен жолугушуп, ислам баалуулуктары боюнча баяндарды айтууда. Баш имам-хатиб жалпы элди өлкө тынчтыгын, бүтүндүгүн, ынтымагын тилеп дуба кылууга чакырып, «Кош келдиң, Рамазан» …

Дальше »

Чүй облусунун аймактарында «Өмүр — аманат» акциясы өткөрүлдү

КМДБ жетекчисинин тапшырмасына ылайык, аймактагы баш имам-хатибдер Чүй ОИИББ Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте «Өмүр – аманат» акциясын өткөрүшүп, айдоочуларга жана жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүнүн эрежелерин сактап, тартипке баш ийүүгө чакырышты. «Шашмалык – кырсык чакырат» …

Дальше »

Ысык-Көлдө «Өмүр – аманат» аттуу акция жыйынтыкталды

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында Ысык-Көл облусутук казыяты КР ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун  камсыздоо башкармалыгы менен биргеликте орозонун соңку күндөрүндө «Биз менен бирге ооз ачыңыз» жана «Өмүр — аманат» аталышындагы акциясын өткөрүштү. Мекеме өкүлдөрү акция алкагында …

Дальше »

Чолпон-Ата шаарында өспүрүмдөр арасында Куран жарышы уюштурулду

Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон-Ата шаарында жаш балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Сынакка Ысык-Көл районунун аймагындагы айылдардан келеген өспүрүмдөр катышты. Конкурсанттардын айылдардагы имамдардан сабак алып Куран жаттап жаткан балдар экенин казыяттан билдиришти. Куран конкурска жалпы …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарында мектеп окуучуларына терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкамалыгы тарабынан берилген тапшырмаларга жана Кыргыз Республикасынын Копсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашыруу максатында Кызыл-Кыя шаарындагы мектептерде шаардык хатибияттын кызматкерлери, укук коргоо органдары, билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери мугалимдер жана окучулары менен жолугушуу өткөрдү. …

Дальше »

Чүйдө мүдүрдүн демилгеси менен 300 кишиге жардам көрсөтүлүп, 300 түп көчөт тигилди

Чүй облусунун Москва районундагы «Таштан ажы» медресесинин мүдүрү Махамадали ажы Махмашариповдун демилгеси менен Москва районунун тургундарына 300 муктаж үй-бүлөгө 300 кап ун, 3 тонна күрүч, 3 тонна суу май таратылып берилди. Ошону менен катар медресе …

Дальше »

Жети-Өгүз районунда жаш балдар арасында Куран жарышы өттү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун хатибиятынын уюштуруусу менен Жон-Булак айылында жаш өспүрүм балдар арасында Куран жарышы болуп өттү. Аталган саамалыкка облустук казыяттын үгүт-насаат жана мечиттер адиси Талгат Соноев, Жети-Өгүз районунун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу, Каракол …

Дальше »

Кулундуда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы уюштурулду

Баткен облусунун Лейлек районундагы Кулунду айылында 1991-жылы туулган жигиттердин демөөрчүлүгү астында «Куран жазы» аталышындагы 30-парадан Куран жарыш конкурсу жана Куранды кооз окуу конкурстары өткөрүлдү. Жарышка Ибрахим Кадыров, Султан кары Гапаров, Аскар кары Карабаев жана Абдуразак …

Дальше »

«Ала-Тоо», «Ала-Тоо 2» медреселери ишембилик өткөрүштү

Кечээ, 9-апрель күнү Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы «Ала-Тоо» балдар медресеси, «Ала-Тоо 2» кыздар медресесинин мугалимдер жамааты жана студенттери КМДБ жетекчисинин тапшырмасынын негизинде жума сайын окуу жайлардын тегерегин, айылдагы коомдук жайларды, көчөлөрдү тазалашып, көчөттөрдү отургузушту. «Тазалык …

Дальше »

Талас казыятында 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды

Узап бараткан орозо айынын соңку күндөрүндө Талас облусунун мусулмандарынын казыятында 100 муктаж үй-бүлөгө азык-түлүк баштыгы таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын демилгеси жана жеке ишкер Нуржан Атакановдун колдоосу менен уюштурулду. Облус казысы Сулумбек ажы …

Дальше »