Бактияр ажы Токтогазы уулу Ысык-Көл облусунан ажылыкка баруучу жарандарга сабак өттү

Бүгүн, 6-май күнү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында 2024-жылы ажылык сапарына баруучу жарандарга сабак уюштурулду. Ажылык амалдары туурасындагы сабакты КМДБнын халал иштерин өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Бактияр ажы Токтогазы уулу өттү. Сабакта ажылыктын пазилети, сооптору, парздары, ваажибдери, …

Дальше »

Кара-Суудагы Маданият айылынын жаштары имамга автоунаа белек кылышты

Бүгүн, 6-май күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Жоош айыл аймагындагы Маданият айылынын жаштары жергиликтүү «Маданият» мечитинин имам-хатиби Исламбек ажы Ташматовго автоунаа белек кылышты. Маданият айылынын жаштары элдин ынтымагын бекемдөөдө, жаштардын таалим-тарбиясын жакшыртууда талыкпастан эмгектенип …

Дальше »

Тоңдо өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өттү

Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Тогуз-Булак айылынын имамы Эмил Акуновдун уюштуруусу жана айыл жаштарынын колдоосу менен элеттеги өспүрүм балдар арасында Куран окуу жарышы болуп өттү. Таймашта Куран окуудан сырткары ар кандай диний, аң-сезимди өстүрүүчү суроолор берилип, жеңүүчүлөргө …

Дальше »

«Имам Жазарий» медресесинин студенттери ишембилик өткөрүштү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Пахта айылындагы «Имам Жазарий» медресесинин студенттери жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери менен биргеликте Жаңы-Пахта айыл аймагына алып баруучу чоң жолдун жээктерин толугу менен тазалап чыгышты. «Пайгамбарыбыздын (с.а.в.) куттуу хадисинде: «Жолдун …

Дальше »

Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат

Айнура Сагынбаева аттуу интернет колдонуучунун диний багыттагы айткан пикирлери ислам динин ачык бурмалоого жатат. Анын коомдун, өзгөчө жаш өспүрүмдөрдүн адеп-ахлактык баалуулугуна каршы билдирген ойлору таптакыр орунсуз. Сагынбаеванын ислам эрежелери жана нарк-насил нормаларына туура келбеген пикирлери …

Дальше »

«Күндү бузган ала булут, элди бузган ушакчы чуут» (макал)

«Эй, ыймандуулар! Шектенүүлөрдүн көпчүлүгүнөн арылгыла. Анткени, айрым шек саноолор – күнөө. Бири-бириңерди аңдыбагыла жана бири-бириңерди артыңардан тилдебегиле. Силердин араңардан ким өлгөн бир тууганынын этин жешти жакшы көрсүн?! Силер аны жактырбайсыңар! Алладан корккула. Чындыгында Алла – …

Дальше »

Баткенде медреселер аралык спорттук мелдеш өттү

Кечээ, 4-майда Баткен облусунун аймагындагы медреселер арасында спорттун кичи футбол, теннис жана аркан тартыш оюндары боюнча мелдештер өткөрүлдү.  Спорттук иш-чара Баткен облустук мусулмандарынын казыяты, Кызыл-Кыя шаардык хатибияты жана Кызыл-Кыя шаарындагы диний окуу жайлары менен биргеликте …

Дальше »

Сузактагы болочок ажыларга сабак өтүлүп, суроолорго жооп берилди

Бүгүн, 4-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев, Азирети Муфтийдин орун басары Асан ажы Сыргабаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Сузак районундагы болочок ажылар менен жолугушуу уюштурду. Иш-чарага облус мусулмандарынын казысы …

Дальше »

Мурталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган кезектеги спорттук мелдеш жыйынтыкталды

Бүгүн, 4-май күнү Бишкек шаарында диний мекемелер арасында маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлдү. Салтка айланган спорттук иш-чараны Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Хазрети Осмон» жана «Куран нуру» ислам …

Дальше »

Асан ажы Сыргабаев Базар-Коргон жана Ноокендеги ажыларга сабак өттү

Бүгүн, 4-май күнү Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Асан ажы Сыргабаев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Базар-Коргон жана Ноокен райондорундагы борбордук мечиттерде болочок ажыларга жыйын өткөрдү. Жыйынга облус мусулмандарынын казысы Ниматулла ажы Жээнбеков, …

Дальше »

ФОТО: Мурталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган кезектеги спорттук мелдеш өтүүдө

Бүгүн, 4-май күнү Бишкек шаарында КМДБ түзүмүндөгү диний мекемелер арасында маркум Мураталы ажы Жумановдун жаркын элесине арналган футбол жана волейбол боюнча мелдеш өткөрүлүп жатат. Салтка айланган спорттук иш-чара бул жолу Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Азирети …

Дальше »

Каракол шаарында 2024-жылдагы ажылык сапарына барчу жарандарга сабак өтүлдү

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы «Ибрахим ажы» атындагы борбордук мечитинде 2024-жылы ажылыкка бара турчу болочок ажыларга сабак уюштурулду. Ажылык маселелери тууралуу сабакты Каракол шаарынын баш имам-хатиби Талант кары Сабриков өтүп, ажылыктын маанилүүлүгү, парздары, ваажиптери жана башка …

Дальше »