Кеминдин баш имам хатиби райондогу мечиттерди текшерип чыкты

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам хатиби Азамат Джумадылов жетектеген хатибият кызматкерлери райондогу бардык мечиттерди текшерип чыгышты. Текшерүү учурунда баш имам хатиб мечиттердин документтерине жана шарттарына  көңүл буруп,  имамдардын иш алып баруусу менен жакындан таанышты. …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазыев КИУнун Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунун студенттери менен ийгиликке жетүүнүн сырын талкуулады

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Кыргызстан Ислам Университетинин алдындагы Ош шаарындагы Куран жаттатуу борборунда билим алып жаткан студенттер менен жолугушту. Жолугушуунун алкагында Азирети Муфтийдин орун басары «Канткенде ийгиликке жетебиз?» аталышындагы темада …

Дальше »

Ала-Буканын баш имам хатибинин демилгеси менен райондогу оорукананын 1 бөлмөсү оңдолуп, кайрымдуу инсандар атайын керебет белек кылышты

Ала-Бука районунун баш имам хатиби Шумкарбек ажы Чыналиевдин демилгеси менен Ала-Бука райондук борборлоштурулган ооруканасынын хирургия бөлүмүндөгү жарактан чыккан бир бөлмөчөнү жергиликтүү тургун Кулмурзаевдердин үй бүлөсү оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, заманбап шарттары менен Зыйнат апанын наамынан пайдаланууга берди. …

Дальше »

Түп районунун баш имам хатиби имамдардын ишин текшерип, коомчулукка Ханафий мазхабы, Матурудий акыйдасы боюнча маалыматтарды берүүнү милдеттендирди

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев «Белек ата» мечитинде жалпы имамдар менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү менен таанышты. Муну менен катар баш имам хатиб даават, үгүт-насаат ишинин жүргүзүлүшү КМДБнын жобосуна ылайык болуусун дагы бир …

Дальше »

Бишкектеги Хафиз уулдары мечитинин жамааты 4 баланы жалгыз тарбиялап келген энеге 5 миң сомдук жардам беришти

Бишкек шаарындагы Хафиз уулдары мечитинин имам хатиби Уланбек каары Курманбаевдин демилгеси менен ар ай сайын жакыр үй-бүлөлөргө мечиттин жамаатынын атынан жардамдар берилип келүүдө. Бул жолу Ак-Жар конушундагы жалгыз 4 баланы тарбиялап келген энеге 5 миң …

Дальше »

Балыкчы шаарындагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында имамдарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Балыкчы шаарындагы мечиттерде өрт коопсуздугун алдын алуу максатында  эвакуациялоо планы каралды. Иш чарага Балыкчы шаардык өзгөчө кырдаал бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбеталиев катышып, электр энергиясына этият мамиле кылып, мечиттерде коопсуздукту сактоо үчүн атайын маалыматтар илинүүсү керектиги …

Дальше »

Бишкек шаарындагы «Хафиз уулдары» мечитинин имамы менен «Ак Жар» жаңы конушунун координатору 2019-жылы аткарыла турган иштерди биргеликте талкуулашты

Бишкек шаарындагы  «Ак Жар» жаңы конушунда жайгашкан «Хафиз уулдары» мечитинин имам хатиби Уланбек каары Курманбаев аймактарды өнүктүрүү жылына  карата мечиттин бир жылдык иш планын иштеп чыгып, аны жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен талкуулады. Жаңы конуштун координатору …

Дальше »

Нарында азан айтуу боюнча сынак өтөт

2019-жылдын 27-мартында Нарын  облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан Нарын облусундагы  азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт. Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо …

Дальше »

Григорьевка айылынын маданият үйүндө диний кырдаал талкууланып, өспүрүмдөргө болгон зомбулуктун алдын алуу маселелери каралды

Ысык-Көл районунун Григорьевка айылынын маданият үйүндө диний кырдаал талкууланып, терс диний агымдар жана жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулуктарга каршы жүргүзүлүүчү иш-аракеттер боюнча бир катар маселелер каралды. Муну менен катар өспүрүмдөр арасындагы укук бузуулар жана суицид, талап-тоноочулукка …

Дальше »

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында араб тилинин грамматикасы жана фикх сабагы боюнча олимпиада өттү

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайлардын жана мугалимдердин жоопкерчилигин күчөтүү, тажрыйба алмашуу, сабактарды тереӊдетип окутууну жогорулатуу максатында араб тилинин грамматикасы,  фикх сабагы боюнча олимпиада болуп өттү. …

Дальше »

Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас ажы Доолов шаардагы бир катар мечиттерди текшерип чыкты

Бишкек шаарынын Свердлов районунун башкы имам хатиби Садыбакас ажы Доолов райондогу бир нече мечиттерди кыдырып, алардын ишмердүүлүгү менен жеринен таанышты. Муну менен катар мечиттин жергиликтүү жамааты менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин угуп кайтты. “ “Дордой”, “Жанбото …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби аймактагы дин кызматкерлердин иш пландары менен таанышты

Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги жыйыны Чок-Тал айылында өтүп, анда  баш имам хатиб Максат ажы Сейталиев айыл аймагындагы дин кызматкерлеринин иш пландары менен таанышты. Муну менен катар баш имам хатиб имамдын жоопкерчилиги, пландуу иштердин өз учурунда …

Дальше »