2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 АКШ долларын түздү. Төлөмдөр 12-апрелден башталат

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы 2023-жылдагы ажылык сапарына баруу үчүн ар бир адамга түзүлгөн калькуляция 3900 (үч миң тогуз жүз) АКШ доллары болуп түзүлгөндүгүн маалымдайт. Ажыга барууга 1000$ АКШ долларын төлөп мүмкүнчүлүк алган ар бир талапкер …

Дальше »

Ананьеводо мектеп окуучуларына түшүндүрүү иши жүргүзүлдү

Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын Ж. Турусбеков атындагы орто мектебинде окуучулар менен жолугушуу уюштурулуп, анда айыл имамы Бекбосун Дияров «Ыймандуулук жашоо маңызы» аттуу темада маалыматтык сабагын өттү. Бул иш-чара райондук хатибияттын жардамы менен өтүп, саамалыкка баш имам-хатиб Максат Сейталиев, участкалык …

Дальше »

Жалал-Абад шаарындагы “Зулпукаар сопу” жума мечитинде Рамазан баштыкчалары таратылды

Жалал-Абад шаарынын “Зулпукаар сопу” жума мечитинде 100 үй-бүлөгө ар бири 2000 сомдон турган кайрымдуулук баштыкчасы таратылды. Аталган иш-чара Жалал-Абад шаарынын баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов, шаардагы “ Зулпукаар сопу” жума мечитинин имам-хатиби Асан ажы Усенбаевдин демилгеси менен …

Дальше »

Кароол-Дөбөдө аз камсыз болгон 20 үй-бүлөгө 60 миң сомдук Рамазан баштыгы берилди

Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылында жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө рамазандык жардам көрсөтүлдү. Бул туурасында баш имам-хатиб Максат Сейталиев билдирди. Азык-түлүк түрүндө көрсөтүлгөн жардамдын жалпы суммасы 60 миң сомду түзсө, ар бир үй-бүлөгө берилген Рамазан баштыгынын наркы 3 миң …

Дальше »

Кара-Сууда 757 муктаж үй-бүлөгө 1 млн 650 миң сомдук жардам көрсөтүлдү

Ош облусунун Кара-Суу районунда жайгашкан мечиттердин имамдары жана жамааты Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин №80 буйругун тынымсыз аткарууда. Ыйык Рамазан айында аталган буйруктун аткаруу алкагында көптөгөн аз камсыз болгон муктаж үй-бүлөлөргө кубаныч тартууланды. Тактап айтканда, …

Дальше »

Шафии долбоорунун Кыздар арасындагы республикалык Куран жарышы өттү

Кечээ, 10-апрель күнү «Кара-Балта Куран Нуру» институтунда Шафии долбоорунун Кыздар арасындагы республикалык III Куран жарышы өтүп, анда 51 кыз күч сынашты. 3, 5, 8, 10, 15 жана 20 пара боюнча Куранды жатка окуу конкурсунда байгелүү …

Дальше »

Кара-Кулжадагы “Шарип Ата” медресесинин имараты кеңейтилүүдө

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы “Шарип Ата” медресесиде окуп жаткан студенттердин саны өскөндүгүнө байланыштуу медресенин имаратын кеңейтүүгө муктаждык пайда болуп, айыл элинин жардамы менен медресе кеңейтилип жатат. Курулуш иштери менен райондун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев …

Дальше »

Баткен шаарындагы мекеме, ишканаларда иштеген айымдар үчүн ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү

Баткен шаарындагы ар тармактагы мекеме, ишканаларда иштеген жалпы 110  айымга ооз ачыруу саамалыгы өткөрүлдү. Баткен облустук мусулмандар казыятынын аялдар менен иштөө адиси Уулкан Дүйшееванын айтымында, бул иш-чараны Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын аялдар жамааты, Баткен шаардык …

Дальше »

Ноокенде “Балдар – биздин келчек” атту жолугушуу өткөрүлдү

Ноокен районунда КР Башкы прокурорунун тапшырмасына ылайык, Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан Ноокен районун прокурору Замирбек Артисбекович жана Кочкор-Ата шаарындагы мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, райондук хатибияттын баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиковдун катышуусунда мектеп окуучулары менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууда облустук …

Дальше »

Ак-Талаада ыйман кечеси өткөрүлдү

Ак-Талаа районунун маданият үйүндө “Аталар жашоо тилеги – Аталар жашоо тиреги” аттуу ыйман кечеси болуп өттү. Ыйман кечесине облус казысы Эрик Молдокулов жана Ак-Талаа районунун акими Жумадилла Жапаров катышып сөз сүйлөштү.   “Азыркы заманда элибиз динге муктаж. Биз …

Дальше »

Ош шаарында “Куран айы – куттуу Рамазан” аттуу Куран жарышы болуп өттү

Бүгүн, 10-апрель күнү Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухари Алай” мечитинде “Ассалам” кайрымдулук фондунун демөөрчүлүгү менен Ош шаардык мусулмандарынын казыяты тарабынан Куран жарышы өткөрүлдү. Жарыш шаар деңгээлинде өткөрүлүп, ага медресе студенттери жана шаар тургундары катышты. Куран жарышы жалпы …

Дальше »

Ак-Талаалык тургун атасынын ашына союлчу уйду жалгыз бой энеге тапшырды

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Рахатбек Нуралиев жалгыз бой энеге 1 баш уй берди. Бул тууралуу аймактык катчы билдирди. Маалым болгондой, орозо айына карата аталган айылдын карапайым тургуну Рахатбек Нуралиев каза болгон атасы Кубатбек Нуралы …

Дальше »