Түп районунун баш имам хатиби Фрунзе айылынын жергиликтүү жашоочулар менен жолугушуп, ысырапкерчиликтин алдын алуу боюнча пикир алышты

Түп районунун баш имам хатиби Бакыт ажы Кайкиев иш сапары менен Фрунзе айылына барып, жергиликтүү жашоочулар менен жолугушту. Эл менен болгон жолугушууда баш имам хатиб терс диний агымдардын алдын алуу, ысырапкорчулук  жана жаштардын тарбиясына көңүл буруу жаатында пикир алышты. «Жыл башында план …

Дальше »

Таластагы «Чет тилдер» кыздар медресесиндеги студенттер ашпозчулук кесиби боюнча сынак тапшырышты

Талас облусунун мусулмандар казыятынын окуу бөлүмү АВЕП фондунун «медресе жаштарын кесиптик шыктарга үйрөтүү» долбоорунун алкагында Талас шаарындагы   «Чет тилдер» кыздар медресесиндеги студенттерден ашпозчулук кесиби боюнча сынак алып, сертификат тапшырды. Иш-чарага  Талас казыятынын окуу бөлүм адиси …

Дальше »

Ак-Суу районунун баш имам хатиби Теплоключенка айылындагы окуучуларга “Келгиле адептүүлүк менен келечекке кадам” темасында баяндама жасады

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун баш имам хатиби Асантур ажы Абдрахманов Теплоключенка айылындагы Мурат Калиев атындагы мектебинде айыл жетекчилери, ата-энелер, мугалимдер жана мектеп окуучулары менен жолугушуп, зордук-зомбулуктун алдын алуу, мектептеги талап- тоноочулук, суицид, ата-энени урматтоо маселелерин камтыган “Келгиле адептүүлүк менен келечекке …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев диний окуу жайлардын мүдүрлөрү менен жолугушуп, билим берүүнүн сапаты боюнча пикир алышты

Талас облусунун мусулмандар казысы Таалайбек ажы Бапиев Талас аймагындагы медресе мүдүрлөрү менен жолугушуп, окуу жайлардын билим берүү сапаты, тарбия жана усулдук колдонмолор, окуу жайлардын ишмердүүлүгүн жакшыртуу жаатында пикир алышты. Облус казысы диний окуу жайлардын билим берүү сапатын жана таалим …

Дальше »

Тоң районунун Ак-Өлөң, Коңур-Өлөң айылдарындагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң, Коңур-Өлөң айылдарындагы мечиттер оңдоп-түзөөдөн өтүп, кышка даярдык көрүүдө. Бул туурасында Ак-Өлөң айылынын имамы Замирбек Супаев жана Коңур-Өлөң айылынын имамы Жылкайдар Койчуманов билдирди. Кышка даярдык иштери айыл жаштарынын жана жергиликтүү ишкерлердин демөөрчүлүгү менен жүргүзүлүп, учурда Ак-Өлөң айылынын Жармухаммад мечити толук оңдоп-түзөөдөн …

Дальше »

Ош шаардык мэриясы уюштурган ишембиликте дин кызматкерлери өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүштү

Бүгүн, 2-ноябрда Ош шаардык мэриясы тарабынан ишембилик жарыяланып, анын алкагында Ош шаардык мусулмандар казыятынын жалпы эмгек жамааты, мечит имамдары ишембилик өткөрүштү. Ишембиликте имамдар  мечиттердин айланасын, жолдордогу таштандыларды, бак дарактардын жалбырактарын тазалашып, тазалык кызматынын атайын таштанды чыгаруучу унаасына жүктөп беришти. …

Дальше »

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев милиция кызматкерлерин майрамдык иш-чарасына катышып, өзүнүн куттуктоосун билдирди

Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев кечээ, 1-ноябрда Нарын драма театрында уюштурулган кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 95 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Иш-чаранын алкагында дубан башчысы Эмилбек Алымкулов, Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров, ОИИБнин жетекчиси Уланбек Аалиев, Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев …

Дальше »

Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен ордо калаадагы жалгыз бой энеге үй курулууда

Көк-Жар жаңы конушунда  Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Маджитовдун демилгеси менен муктаж болгон жалгыз бой эненин үйүн куруу иштери башталды. Курулуш иши элибизден чыккан берешен жигиттердин колдоосу менен башталып, жалпы чыгым 10 миң АКШ долларын түзмөкчү. Ал эми Аль-Хиджама мечитинин жамааты …

Дальше »

Нарын шаарынын баш имам хатиби Нарын мамлекеттик университетинде өткөн «Кыз ала качуу-кылмыш» аталышындагы тегерек столго катышты

Нарын мамлекеттик университетинде «Кыз ала качуу–кылмыш» деген теманын алкагында тегерек стол болуп өтүп, ага облустук, райондук жана шаардык жана аймактык милиция, прокуратура кызматкерлери, мэрия, КР Акыйкатчысынын облустагы өкүлү, НМУнун психология боюнча адиси,  Теңир-Тоо гезитинин журналисти …

Дальше »

Эрназар ажы Асатов: Ар кандай бир мечитте Жума намазы окулушу үчүн шариятта атайын шарттар бар

Мындай пикирин бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов «Калыс Ордо»-2 жаңы конушунда салынып жаткан намазкананын жамааты менен жолугушуу учурунда билдирди. Анын айтымында, бир жерде жума намазы окулушуна уруксат берилиши үчүн калктын …

Дальше »

«Ош» базарынын жанындагы «Абдулла ибн Аббас» мечити кеңейтилет

Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Бейшеналиева көчөсүндө жайгашкан «Абдулла ибн Аббас» мечитине кошумча намаз окула турган жай курула баштады. Бул тууралуу мечиттин наиб имамы Болотбек ажы Кулуев билдирди. Анын айтымында, мечитке келген кишилердин саны да күн …

Дальше »

Бишкектин Орто Сай айылындагы мечит кеңейтилип, медересеси менен кошо салынууда

Бишкек шаарындагы Орто Сай айылында жайгашкан «Аль Аббас» мечити кайрадан жаңыланып курулууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-ноябрда аталган мечиттин имам хатиби Бекказы ажы Азыков билдирди. Анын айтымында, буга чейинки мечит тар болгондуктан жанында медресеси менен кошо …

Дальше »