Кимсанбай ажы Абдурахманов-өмүр баяны

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1957-жылда орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине …

Дальше »

Ош шаарында “СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата жыйын болуп өттү

Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын тапшырмасынын негизинде Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечит имамдары менен биргеликте “СПИДке каршы күрөшүү” аттуу темада жыйынга катышты. Жыйындын алкагында …

Дальше »

Кара-Суу районунда өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Ош облустук казыятынын Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров баш болгон хатибият кызматкерлери Кара-Суу районунун Султан-Абад айылындагы өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай  жардам көрсөттү. «Кара-Суу районундагы бардык эле айыл бизге кошуна …

Дальше »

Алибек ажы Жусупов: «Алайын деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, жулайын деп умтулба, журт бузардын белгиси»

Ош облустук казыятынын Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Араван районундагы  «Алишер Новаи» атындагы орто мектептин 9-10-11-класстын окуучуларын ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө жана ысырапкерчилик кылбоого чакырды. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата …

Дальше »

Жалал-Абад облустук казыяты медреселердин кышка карата даярдыгын текшерди

Жалал-Абад облустук казыятынын кызматкерлери облустун аймагындагы медреселердин кышка карата даярдыгы менен жеринен таанышып келишти. Облустагы “Имам Азам, “Аз -Захра”, “Арсланбаб Ата ” балдар медреселери жана “Айша Сиддика”, “Имам Азам”кыздар медреселери кышка карата даярдыгы жеринен текшерилип, …

Дальше »

Талас районунун Беш-Таш орто мектебинин окуучуларына мектептеги рекетизмди жоюу жана илим, билим алуунун зарылдыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Бүгүн, 28-ноябрда Талас районунун баш имам хатиби Канатбек Жолдошбек уулу  Талас облусунун мусулмандар казысынын орун басары Сыдыков Касым ажы менен бирге аталган район аймагында жайгашкан Беш-Таш орто мектебинин окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда окуучуларга экстремизмди алдын …

Дальше »

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Ош шаарынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечити оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Азыркы маалда мечиттин ичиндеги килеми жаңыланып, ички сырткы бөлүгү сырдалып, мечиттин кире беришине кафель төшөлүп, алдыңкы тарабы жабылууда. “Борбордук мечит болгондугу үчүн жума намазына келген элдердин башка …

Дальше »

Самидин кары Атабаев: жегиле, ичкиле, бирок ысырап кылбагыла

Кечээ, 27-ноябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районундагы Эл аралык Өзгөн технологиялык жана билим берүү институтунун студенттерине ысырапкерчиликти алдын алуу эрежелери, ыймандуулук жана  адептүүлүк боюнча жыйын өткөрүлдү. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү …

Дальше »

ЖАРЫЯ! Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Умра ибадатын уюштурууну баштады

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы Умра ибадатын уюштурууну баштады. Умра ибадатын аткаруу үчүн ыйык Мекке жана Медина шаарларына барууну каалаган жарандар үчүн каттоо жакынкы убакытта облустук жана шаардык казыяттарда жүргүзүлөт. «Абу Хурайра р.а риваят кылган хадисте, …

Дальше »

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев Жапалак айылдык аймагындагы мечиттин ачылышына катышып, имамдарды эл менен тыгыз иштешүүгө чакырды

Бүгүн, 27-ноябрда  Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу Жапалак айылдык аймагындагы “Шами уулу Сары” мечитинин жанына “Ас-Салам” кайрымдуулук фонду жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн көмөгү менен заманбап мечит пайдаланууга берилди. Анын ачылыш аземине Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла …

Дальше »

Ош шаарынын Жапалак айылдык аймагында 260 орундуу мечиттин ачылыш аземи болду

Бүгүн, 27-ноябрда Ош шаарына караштуу Жапалак айылдык аймагында 260 орундуу «Хадижа бинт Хувуйлид Радиаллаху анха» атындагы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков, …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков окуучуларга «Чылым чегүүнүн жана ичимдик ичүүнүн кесепеттери» туурасында тарбиялык саат өттү

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков калаадагы №2-орто мектептин 10,11-класстарынын окуучулары менен жолугушуп, аларга бүгүнкү жаштардын жүрүм-туруму, алардын адеби тууралуу учкай кеп кылып, аларга адептүүлүккө, ата-эненин сыйлоого жана аларга урмат сый …

Дальше »