Баткен облусунун казысы  Пазыл ажы Султанмуратов имамдарга бир катар тапшырмаларды берди

Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов Исфана шаарындагы борбордук «Нур» мечитинде Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү. Иш-чарага Лейлек районунун баш имам хатиби Абдиравшан ажы Дүйшөев, Сүлүктү шаарынын баш имам хатиби Артыкбай  Мадаминов  …

Дальше »

Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын имамдарына жыйын өткөрдү

Бүгүн, 2-декабрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук администрациясынын жыйындар залында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Бишкек шаарынын жалпы имамдарына жыйын өткөрдү. Ага КМДБнын Аппарат жетекчиси Садыбакас ажы …

Дальше »

КМДБнын отчет текшерүү комиссиясынын адиси Акжигит Көкөев Баткен облусундагы имамдардын отчетун текшерүүгө алды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын отчет текшерүү комиссиясынын адиси Акжигит Көкөев Баткен облусуна иш сапарынын алкагында Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов менен жолукту. Жолугушуда имамдардын ай сайын КМДБга берүүчү отчету туурасында маалымат алды. …

Дальше »

Каракол шаарында “Экстремизмди жана улуттар аралык жаңжалдарды алдын алуу” аталышында форум өттү

Аталган форум Ысык-Көл облустук ИИБ тарабынан уюштурулуп, Каракол шаарынын К. Жантөшев атындагы музыкалык драма театрында өткөрүлдү. Иш-чарага облус казысы Алмазбек ажы Сагындыков, КМДБнын Даават үгүт-насаат жана аялдар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Билалидин ажы Сайпиев, шаар-райондук …

Дальше »

Өзгөн районунун имамдарына ВИЧ илдетин алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун Өзгөн районунун борбордук мечитинде Өзгөн районунун борбордук ооруканасынын дарыгери Алишер Сатыкулов ВИЧ оорусун адын алуу боюнча имамдарга мааалымат берди. Иш-чарага Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев, Өзгөн районунун баш имам хатиби Акжол …

Дальше »

КМДБ диний сабаттуулукту өркүндөтүү жана кесип үйрөтүү жаатында тажрыйба алмашууну күчөтүүдө

Кыргызстандагы диний окуу жайлардын жетекчилери бирин-бири тажрыйба бөлүшүү аркылуу байытып жатат. Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы, «Жаштарды кесиптик шыктарга окутуу» долбоорунун алкагында, өлкөнүн бардык аймактарындагы медреселерден алдыңкы окутуучуларды, кызматкерлерин чогултуп, диний сабаттуулукту өркүндөтүү жана кесип үйрөтүү …

Дальше »

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору атуулдук жоопкерчиликти күчөттү

«Медресе жаштарын кесиптик шыктарга окутуу” долбоору тарабынан медреселерде билим алган жаштарды коомчулук менен активдүү аралаштырып, социалдаштыруу процесси жүрүүдө. Бул тууралуу “АВЕП” коомдук фондунун координатору Нарынбек Кыдыргычов билдирди. Анын айтымында, быйыл бул долбоор жаштар арасында лидерлик …

Дальше »

Молдо Сабыр ажы Досболов-өмүр баяны

Молдо Сабыр ажы Досболовдун кыскача өмүр таржымылы Досболов Мамасабыр устаз (Молдо Сабыр) 1955-жылы Баткен районуна караштуу Зардалы айылында туулган. Ал мектепте окуп жүргөндө эле диний сабатын атасынан ачат. Орто мектепти бүтүргөндөн кийин, андан ары диний …

Дальше »

Кимсанбай ажы Абдурахманов-өмүр баяны

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 километр алыстагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген. Ал 1957-жылда орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы Мир-и Араб Ислам медресесине …

Дальше »

Ош шаарында “СПИДке каршы күрөшүү” күнүнө карата жыйын болуп өттү

Кечээ, 27-ноябрда Ош шаарынын мусулмандар казысынын тапшырмасынын негизинде Ак-Буура чыгыш хатибиятынын баш имам хатиби Абдилазиз ажы Абдурахманов “Манас-Ата” муниципалдык аймактык башкармалыгында жайгашкан мечит имамдары менен биргеликте “СПИДке каршы күрөшүү” аттуу темада жыйынга катышты. Жыйындын алкагында …

Дальше »

Кара-Суу районунда өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай жардам көрсөтүлдү

Ош облустук казыятынын Кара-Суу районунун баш имам хатиби Абдирашит ажы Батыров баш болгон хатибият кызматкерлери Кара-Суу районунун Султан-Абад айылындагы өрттөн жабыркаган үй-бүлөгө 28 миң сом акчалай  жардам көрсөттү. «Кара-Суу районундагы бардык эле айыл бизге кошуна …

Дальше »

Алибек ажы Жусупов: «Алайын деп жутунба, ач көздүктүн белгиси, жулайын деп умтулба, журт бузардын белгиси»

Ош облустук казыятынын Араван районунун баш имам хатиби Алибек ажы Жусупов Араван районундагы  «Алишер Новаи» атындагы орто мектептин 9-10-11-класстын окуучуларын ынтымакка, биримдикке, адептүүлүккө жана ысырапкерчилик кылбоого чакырды. Иш-чара аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата …

Дальше »