Кара-Буура районунда 400 орундуу мечит пайдаланууга берилди

Кечээ, 9-августта Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбай айылында 400 орунга ылайыкталган «Абдул Азиз ибн Мухамад Ал Анвар» мечити бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Аталган мечит Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы тарабынан каржыланып, жаш балдардын таалим-тарбия алуусу үчүн …

Дальше »

Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун фазилеттери жана шарттары туурасында баяндама жасады

Бүгүн, 9-августта Ош облусунун Кара-Суу районундагы  Ташлак айылынын “Имам Ат-Тирмизий” мечитинде Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Курмандык чалуунун  фазилеттери жана шарттары туурасында жума баяндамасын жасады жана айт намаздын кайсыл убакта окулуусун жалпы жамаатка жеткирди. …

Дальше »

Жайыл айылында 260 орундуу мечит элге кызматка берилди

Чүй облусунун Жайыл районундагы Жайыл айылында 260 орунга ылайыкталган «Халед Эйдо ал Матрафи» атындагы мечит бүткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Аталган мечит Сауд Араб Падышачылыгынын боордош кыргыз элине «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду тараптан каржыланып, дааратканасы жана жаш балдардын …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби имамдар менен жолугушуп, аларга бир катар тапшырмаларды берди

Бүгүн, 9-августта Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат Сейталиев Кош-Көл айылдык мечитинде райондук имамдар менен жолугушуп, алардын жүргүзүп жаткан иши менен жакындан таанышты. Жолгушуу учурунда күн тартибинде айлык отчётторду тапшыруу талаптары, мечиттердин тазалыгына көңүл буруу, КМДБ жана облустук Казыят тарабынан келген буйрук билдирүүлөрдүн аткарылышы, …

Дальше »

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты

Ыйык Мекке шаарындагы кыргызстандык ажылар Мина өрөөнүнө көчө башташты. Учурда ажылардын алгачкы тобу Мина өрөөнүнө келишип, Сауд Араб Падышачылыгынын ажылык министрлиги тарабынан бөлүнүп берилген чатырларга жайгашууда. Ажыларды Мина өрөөнүнө көчүрүү иши Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабы тарабынан кечки саат 20:00до башталып, тозуп алуу жана …

Дальше »

Курман айт намазынын программасы

2019-жылдагы Курман айт намазы 11-августта Бишкек шаарынын эски аянтында окулат. Айт намаз күнү дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолору айтылмакчы. Айт намаздын программасы төмөнкүчө: 06:15 — 07:15     Аалымдардын  шарият боюнча насыйкаттары: Билал ажы Сайпиев …

Дальше »

Баткен облусунун казысы аймактагы имамдарга жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди

Кеээ,6-августа Баткен облустук мусулмандар казыятынын жыйындар залында Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов район-шаарлардын баш имам хатибдерине жыйын өткөрдү. Жыйынга КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов жана казыят кызматкерлери катышты. …

Дальше »

Жалал-Абад облусттук казыяты 6 айдын жыйынтыгын чыгарды

Кечээ, 6-августта Жалал-Абад облустук казыятынын жыйындар залында  үстүбүздөгү жылдын 1-жарым жылдыгына карата 6 айда аткарылган иштердин жыйынтыгы чыгарылды. Отчёттук жыйын алкагында күн тартибинде Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүүдө имамдын ролу, Курман айтка даярдык, 2-жарым жылдыкка тапшырмалар жана ар түрдүү …

Дальше »

Азирети Муфтий Мекке шаарында өткөн илимий конференцияга катышып, САПтын Ажылык жана умра министри Мухаммед Салех ибн Тахер Бентен тарабынан сыйланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев бүгүн, 6-августта Сауд Араб Падышачылыгынын Мекке шаарында САПтын Ажылык жана умра   министрлиги тарабынан өткөрүлгөн «Ажылыктын улуу симпозиуму» аттуу илимий конференцияга катышып,  «Исламдагы толеранттуулуктун жол жоболору»  темасында  доклад окуду. …

Дальше »

Ажылык мезгили жакындады: Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Замир каары Ракиев штаб кызматкерлерине жана ажы башчыларга жыйын өткөрдү

Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Замир каары Ракиев Мекке шаарындагы жалпы штаб кызматкерлери жана ажы башчыларга жыйын өткөрүп, анда ажылык мезгилине даярдык көрүү маселеси каралды. Ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы ажы башчылар үчүн Мина, Арафат жана Муздалифа …

Дальше »

Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ыйык Мекке шаарындагы штаб кызматкерлери менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов ыйык Мекке шаарындагы ажылыкты уюштуруу штабынын жетекчиси Замир каары Ракиев жана штаб кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушууда штаб жетекчиси ажылыктын уюштурулушу …

Дальше »

Азирети Муфтий САПтын Ажылык министрлигинин алдындагы кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №28 мекемесинин жетекчи Хаттаб Ужейми менен жолугушту

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Сауд Араб Падышачылыгынын Ажылык министрлигинин алдындагы кыргызстандык ажыларды тейлөөчү №28 мекемесинин жетекчи Хаттаб Ужейми менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда тараптар кыргызстандык ажыларды Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүнө көчүрүү, …

Дальше »