Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин төрагасы болуп Абибилла ажы Кадырбердиев шайланды

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын Уставынын негизинде кечээ, 19-февраль күнү Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйынында АКнын төрагасын  шайлоо маселеси көтөрүлүп, жыйынтыгында Абибилла ажы Кадырбердиев төрага, ал эми Ниязали ажы Арипов менен Фархат ажы Юсупов төраганын …

Дальше »

Нарын казыяты имамдардын билимин жогорулатып, алар үчүн спорттук иш чараларды дагы уюштурууда

Нарын облустук  мусулмандар казыяты аймактагы имамдарынын билим деңгээлин жогорулатуу максатында уюштурган 10 күндүк окуу курсу аяктап, сертификат  тапшырылды. Учурда окуунун экинчи айлампасы башталып, анын алкагында имамдар Куран жаттоо, хадис, тил маданияты, фикх, тажвид, хутба кылуунун …

Дальше »

Сокулук районунун Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты жашылдандыруу ишин башташты

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы «Жабал» мечитинин жергиликтүү жамааты мечиттин айланасына 13 жылдык балатыларды отургузушту. Балатыларды мечиттин жергиликтүү жамааты өз каражаттарына алышып, жаз айынын жакындап калгандыгына байланыштуу жашылдандыруу ишинин алгачкы саамалыгы экендигин айтышты. …

Дальше »

Ош облусундагы диний окуу жайлардын мүдүрлөрүнө жаңы кодекстер боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаевдин жетекчилиги астында облустагы диний окуу жайлардын жетекчилерине жыйын болуп өттү. Жыйынга КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана башкы адиси Бөрүмухамбед Эсенов, …

Дальше »

Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңеши Азирети Муфтийдин ишмердүүлүгүнө «Эң жакшы» деген бааларын беришти

Бүгүн, 19-февралда Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги 7-жыйыны өтүп, анын алкагында Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын жана Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин, ошондой эле Борбордук Текшерүү Комиссиясынын жана БТКнын төрагасы Жунус ажы Сарановдун 2018-жылда …

Дальше »

Баткен облусунун казысынын орун басары С.Айматов атындагы орто мектебинин окуучулары менен жолугуп, мугалимди урматтоого чакырды

Баткен облусунун мусулмандар казысынын орун басары  Нурдин ажы Мамасабиров Баткен шаарындагы С.Айматов атындагы орто мектебиндеги 8-11-класстын окуучулары жана мугалимдери менен жолугушту. Мектеп окуучулары менен уюштурулган жолугушууда Нурдин ажы Мамасабиров адеп-ахлак, ата-энени сыйлоо, мугалимдерди урматтоо, элге, …

Дальше »

Нарын районунун жаштары «Бир адамдан бир китеп» аттуу иш чаранын алкагында 1900 китеп чогултушуп, айылдын китепканасына тапшырышты

Нарын районунун 8-март айылында “Бир адамдан бир китеп” аттуу иш чара өтүп, ага “Ыйман” диний маданиятты өнүктүрүү фондунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков, “Алиппе”, “Сөз жөнүндө сөз” китептеринин автору Сулайман Рысбаев, Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек …

Дальше »

2019-жылдагы ажылардын кийимин тигүүчү ишкер аныкталды

2019-жылдагы ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штаб ажылардын кийимин тигүүчү тараптар ортосунда конкурс өткөрүп, ага 13 талапкер ат салышты. Конкурстун жүрүшүндө ажылыкты уюштуруу боюнча республикалык штабынын мүчөлөрү ажылардын кийиминин тигилишине коюлган наркка, кездеменин курамына жана сапаттуулугуна, …

Дальше »

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү облус жана шаар казылары өздөрүнүн 2018-жылдагы отчетторун тапшырышты

Бүгүн, 18-февралда Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын түзүмүндөгү облус жана шаар казылары өздөрүнүн 2018-жылдагы аткарган иштеринин  отчетторун тапшырышты. Отчеттук жыйынга Азирети Муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Азирети Муфтийдин орун басарлары Жоробай ажы Шергазыев, Замир каары Ракиев жана …

Дальше »

Ысык-Атадагы «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдары төрөттөн жабыркаган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүк жардамын тапшырышты

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу «Амир» жана «Нур-Ислам» мечитинин имамдарынын демилгеси менен 2018-жылдын 7-ноябрь күнү төрөт маалында мээсине кан куюлуп,   учурда мурду менен тамактанып калган Залина Үмөталиеванын үй-бүлөсүнө 20 миң сомдук азык-түлүктөр тапшырылды. Жардамды тапшырууга …

Дальше »

Бишкектин Ак-Босого конушунун имамдары жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, кызматташуу жаатында пикир алышты

Бишкек шаарындагы Ак-Босого жаңы конушунун Аммар бин Ясир намазканасынын имамы Мухаммадин ажы Разыков айыл өкмөт жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп, намазканалардын иштөө тарбиптерин талкуулашты. Муну менен катар коомчулукка терс диний агымдар боюнча түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Талант ажы Сабриков: Жаштарды ыймандуу, билимдүү жана жоопкерчиликтүү кылып тарбиялоого милдеттүүбүз

Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков  ИИМдин 10-бөлүмү, МУКК кызматкерлери менен биргеликте Каракол шаарындагы №14 мектебине барды. Окуучуларга уюштурулган жыйында баш имам хатиб «ыймандуулук», «арак жана зына», «адептүүлүк»,  «суицид» темаларында баяндама жасап, мектептин …

Дальше »