Кызыл-Кыяда мечит ачылышы өтүп, ага облус казысы катышты

Кечээ, 9-январь күнү Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында «Абу Бакир» мечитинин экинчи кабаты курулуп бүткөрүлүп, мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Иш-чарага Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, казынын орун басары Муса ажы Жолдошов, казыяттын мечит …

Дальше »

Кызыл-Жол айылынын жаштары кары-картаң жана бейтаптарды зыярат кылышты

Баткен облусундагы Баткен шаарынын Кызыл-Жол кварталынын жаштары «Карысы бардын ырысы бар» аталышында кайрымдуулук иш-чарасын өткөрүштү. Саамалыкта жергиликтүү жашоочулар айылдын «Жакшылыкта жарыш» коомдук кайрымдуулук фонду менен биргеликте чогулган 30 миң сомго чукул акчага белек алып, айылдагы …

Дальше »

Баткендеги 76 муктаж үй-бүлөгө 1386 мүшөк көмүр таратылды

Баткен облустук мусулмандар казыяты «Исар» кайрымдуулук фонду менен биргеликте 1386 мүшөк көмүр таратты. Кайрымдуулук саамалыкка облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов катышып, жардам колун сунгандарга ыраазычылыгын билдирди. «Жалпы 58 тонна көмүр 76 үй-бүлөгө таратылып …

Дальше »

Баткенде имамдын демилгеси менен жаш спортчуларга 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды

Баткен облусунун Кадамжай районундагы «Молдо Мурзакан» мечитинин имамы Айбек Кузибековдун демилгеси менен Москва шаарындагы «Кара-Жыгач» фондунун мүчөлөрү тарабынан «Дыйкан» орто мектебинин спортчу окуучуларына 16 миң сомдук спорттук кийимдер тапшырылды. Дин кызматкери жаш жеткинчектерге билим, тарбия …

Дальше »

Нийматилла ажы Топчиев диний билимдүү айымдар менен жолугушуп, аялдар арасындагы ысырапкорчулукту токтотуу боюнча пикир алышты

Кечээ, 29-декабрь күнү Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев шаардагы диний маалыматтуу устазалар менен жолугушуп, аларга салттуу Ханафий мазхабы жана Матуридий акыйдасы боюнча маалымат берди. Жыйындын алкагында баш имам-хатиб той-мааракелерде жана өлүм болгон жерлерде …

Дальше »

Баткен шаар-райондук хатибиятынын демилгеси менен Москвадагы мекендештер муктаж өспүрүмгө жардам колун сунушту

Баткен облусуна караштуу Баткен шаарындагы Келечек кварталынын 7 жаштагы тургуну Абибилла Убайдуллаев кичинекейинен эле белинде грыжа пайда болуп, тилекке каршы Кыргызстандагы ооруканалардан шыпаа таба алган эмес. Ата-энеси баласын айргасыз чет өлкөдө операция жасатууга муктаж болгон. …

Дальше »

Баткенде мечит азанчысына умра сапарына жолдомо тапшырылды

Бүгүн, 29-декабрь күнү Баткен шаар-районунун баш имам-хатиби Абдурашид ажы Юнусовдун демилгеси менен Баткен шаарындагы борбордук “Нуьмани” мечитинин жамааты азанчы Мойдун Рахимкуловдун элге, ислам динине кылган эмгегин баалап, умрага жолдомо беришти. Бешим  намазынан кийин эл алдына Баткен шаар-районунун баш …

Дальше »

Баткен шаарында мектеп окуучуларына терс агымдардын кесепети тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Кечээ, 26-декабрда Баткен облусунун Баткен шаарындагы “Ыйман” гимназиясынын окуучуларына ыйман, адеп-ахлак жана терс агымдардан оолак болуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Баткен шаардык ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер иштер инспекциясы боюнча …

Дальше »

Баткенде имамдын демилгеси менен аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам көрсөтүлдү

Баткен районунун Самаркандек айылындагы «Чек» мечитинин имамы Шарип Абдуллаев тарабынан айылдагы Мурат Салихов атындагы орто мектепте билим алып жаткан аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары менен «Силер биздин келечек «аттуу темада жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушуу соңунда 7 бала жана …

Дальше »

Сүлүктү шаарында жергиликтүү тургун тарабынан жаңы мечит курулуп, пайдаланууга берилди

Бүгүн, 26-декабрда Баткен облусунун Сүлүктү шаарында жаңы мечиттин ачылыш аземи болуп өттү. Ачылышка шаар мэри Болот Абдыжапаров, Баткен облусунун казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Сүлүктү шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Асадбек Ибрагимов, Сүлүктү шаарынын имам-хатиби …

Дальше »

Баткенде имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды

Баткен районунун Кызыл-Бел айылындагы «Кааба» мечитинин имамы Жусуп Кудайбердиевдин демилгеси жана жергиликтүү демөөрчүлөрдүн колдоосу менен айылдагы муктаж болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылды. «Аллах Таалам кээ бирине байлык берип сынаса, кээ бирин кембагал кылып сынайт. Байларга …

Дальше »

Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби окуучулар менен жолугушту

Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Нийматилла ажы Топчиев Исхак Раззаков атындагы сапат лицейинде жогорку класс окуучулары менен жолугушуп, диндердин өнүгүү тарыхы сабагынан окуучулар арасында өткөн сынакка катышты.  Сынактын алкагында Нийматилла ажы Топчиев окуучуларга ата-бабаларыбыз карманып келген салттуу дин боюнча маалымат берип, динде аша чаап …

Дальше »