Бүгүн, 17-июлда Баткен обустук мусулмандарынын казыяты тарабынан Лейлек районунун мамлекеттик администрациясында Лейлек районунун жана Сүлүктү шаарындагы жалпы имамдарга, диний окуу жайлардын кызматкерлерине жыйын болуп өттү. Аталган жыйынга Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров, Лейлек …
Дальше »Баткен облусунун казыяты
Ош шаардык жана Баткен облустук казыяттары тажрыйба алмашты
Баткен обусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров жана Ош шаарынын мусулмандарынын казысы Мирлан ажы Токтомушовдун демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 12-13-июль күндөрү казыяттардын тажрыйба алмашуу саамалыгы өттү. Анын алкагында Ош шаардык казыятынын кызматкерлери тажырыйба алмашуу максатында иш сапары …
Дальше »Мурзабай ажы Бердикулов: «Баткен облусунан ажыга барган 644 жаран сак-саламат кайтып келди»
Үстүбүздөгү жылдын 8-июнунда Баткен облусунан ажылык сапарына кеткен ажылар кайтып келишти. Ажылык сапардан келе жаткан жарандарды жергиликтүү жетекчилер, дин кызматкерлери жана алардын жакындары тосуп алып, кыргыз элинин аманчылыгы, жергебиздин тынчтыгы, өлкөбүздүн өнүгүүсү үчүн бата кылынды. …
Дальше »Баткен облусунун мусулмандар казыятында экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, бир катар тапшырмалар берилди
Баткен облусунун мусулмандар казыятында экстремизм, терроризмдин алдын алуу максатында баш имам-хатибдерге жыйын өтүп, ага Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын (ДИМК) Баткен облусундагы өкүлү Чагылган Юсупов катышты. Терс диний агымдарды алдын алууга багытталган жыйында облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров аймактарда жүргүзүлүп жаткан агартуу иштери …
Дальше »Баткен облусунан 644 жаран ажылык амалдарын өтөө үчүн ыйык жайларга жөнөп кетишти
Баткен облусунан ажылыкка сапар алган жарандарды узатуу саамалыгына КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, облус казысы Нуридин ажы Мамасабиров, район акимдери жана шаар мэри катышты. Облус жетекчиси болочок ажыларды мекендин тычтыгы, өнүгүүсү …
Дальше »Баткенде медресе мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелер таратылды
Баткен мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Баткен облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелерди таратты. Аталган кайрымдуулук иш-чараны колго алган «Себепкер» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мустафа ажы Абдиев башында турган эмгек жамаатын облус казысы …
Дальше »Кызыл-Кыяда имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам таратылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 32 миң сомдук акчалай кайрымдуулук таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы аталган шаардагы мечиттин имам-хатиби Нурсултан ажы Назарбаев демилгеси менен уюштурулду. “Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» …
Дальше »Кызыл-Кыядагы борбордук мечитте көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Кызыл-Кыя шаарындагы “Мураталы ажы Жуманов” атындагы борбордук мечитинин багын көрктөндүрүү, түнкү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мечиттин имам-хатиби Мырзалим Каратаевдин айтымында, көрктөндүрүү жамааттын колдоосу менен жасалууда. Учурда борбордук мечитинин кире беришине тосмо, бурсчатка, …
Дальше »Баткенде «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу иш-чара өткөрүлдү
Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан аялдар үчүн «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу теманын алкагында лекция уюштурулду. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров саамалыкты ачып, …
Дальше »Айдаркендин борбордук мечитинин имам-хатиби окуучуларды туура максат коюуга чакырды
Баткен облусундагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында №7 Айдаркен, №19 Б.Садыков жана №20 Маканов атындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери катышкан «Мекенге кызмат мектептен башталат» аттуу иш-чара болуп өттү. Ынтымак, биримдик, билимдүү болуу пропаганда кылынган иш-чаранын жүрүшүндө Айдаркен …
Дальше »«Азирети Али» медресесинин студенттери өрт учурунда эмне кылуу керек экенин үйрөнүштү
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жайгашкан «Азирети Али» медресесинин студенттерине ӨКМдин «Өрт өчүрүү» бөлүмү тарабынан өрт чыккан учурда эмне кылуу керек жана эмне кылууга болбойт экенин, атайын адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, практикалык сабак өтүлдү. Сабак …
Дальше »Нуридин ажы Мамасабиров мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров БатМУнун алдындагы «Баткен Ыйман» гимназиясынын аяктап билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты. Иш-чара жүрүшүндө облус казысы сөз сүйлөп, бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин …
Дальше »