Чүй облусунун казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын өткөрүп, казыяттын ишмердүүлүгү боюнча сүйлөштү

 Чүй облусунун мусулмандарынын казысы Абдил-Азиз ажы Чыныбеков аймактагы баш имам-хатибдер менен алгачкы жыйынын  өткөрүп,  ыйык рамазан айына карата даярдыктар, мечиттердин тазалыгын камсыз кылуу, таравих намазын жогорку деңгээлде өткөрүү, диний объекттердин каттоосун тездетүүнү тапшырды. Баш имам-хатибдер …

Дальше »

Чүйдө дин кызматкерлери ишембиликке чыгып, диний объектилердин айланасын тазалашты

Азирети Муфтийдин №83 буйругунун негизинде Чүй облусунун аймагындагы диний объектилердин айланасында ишембилик өткөрүлдү. Тазалык иш-чарасына казыят жамааты, хатибияттар, имамдар жана жергиликтүү тургундар катышты. «Ислам дини тазалыктын үстүнө тургузулган. Тазалыктын маанисин мындан билиңиз, керек болсо шариятыбыз …

Дальше »

Манас районунун баш имам-хатиби «Анарбек ажы» мечитиндеги курулуш иштери менен таанышты

Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев Үч-Коргон айылынын «Анарбек ажы» мечитинин жамааты менен жолугушуп, мечиттин абалы жана курулуш иштери менен таанышып чыкты. Мечит жамааты район баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев менен болгон жолугушууда мечитти …

Дальше »

Ысык-Ата имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны Буденовкада өттү

Ысык-Ата районуна караштуу Буденовка айылынын «Нур Ислам» мечитинде имамдардын кезектеги көчмө жыйыны өттү. Жыйналышта ажылык боюнча регистрация бүгүн, 20-февралдан башталары жана ажы башчылыкка 27-февралдан баштап 10-мартка чейин каттоо жүргүзүлөрү эскертилди. Көчмө жыйында каттоодон өтө элек …

Дальше »

Кеминде алгачкы жолу Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Борбордук мечитинде өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Райондун тарыхында алгачкы ирет өткөрүлгөн Куран жарышта баш байгеге 5000 сом, 2-орунга 3000 сом, 3-орунга 2000 сом, 4-орунга 1000 сом акчалай байгелер, андан …

Дальше »

Кеминде Рамазан айынын урматына улан-кыздар арасында Куран жарышы өтөт

Кемин районунун имамдарынын кезектеги көчмө жыйыны Төрткүл айылында болуп өттү. Жыйынды ачкан райондун баш имам-хатиби Абдурахман Дуйшебаев ажылык ибадаттык сапарынын шарт жана талаптарын түшүндүрүп берүү менен баштады. Жыйында ажылыкка каттоо, муфтияттан берилген ажылык жөнүндөгү маалыматтарын …

Дальше »

Чүй районунда жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү

Чүй районунда райондун баш имам-хатиби Сапарали ажы Акбаевдин демилгеси менен 12 жашка чейинки өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлдү. Жарышка Рахматулла Бекмуратов баштаган карылар калыстык кылышып, жыйынтыгында 1-орунду ээлеген өспүрүмгө 7000 сом жана диплом, 2-орунга 5000 …

Дальше »

«Разва» медресесинде кесипке үйрөтүү бөлүмүндө окуган студенттерге сертификаттар тапшырылды

Сокулук районуна караштуу Жаңы-Жер айылындагы «Равза» медресесинин  кесипке үйрөтүү бөлүмүндө сертификат тапшыруу аземи болду. Аземге ДИМКнын Чүй облусундагы өкүлү Шүкүр Шерматов, Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаев жана медресе жетекчилиги катышты. Шүкүр Шерматов «Равза» …

Дальше »

Панфиловдо дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны өткөрүлүп, мечиттердин каттоосу боюнча мониторинг жүргүзүлдү

Чүй облусунун Панфилов районундагы дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында төмөнкү маселелер каралды: 1) мечиттердин жылуулугу жана тазалыгы; 2) №05 токтомду өз убагында төгүү; 3) мечиттерди каттодон өткөрүү; 4) муфтияттан жана казыяттан берилген буйрук, …

Дальше »

Сокулуктагы дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйыны Дача-СУда өттү

Сокулук районундагы дин кызматкерлеринин кезектеги көчмө жыйыны Дача-СУ айылындагы «Абу-Бакр» мечитинде өттү. Жыйында экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, улуттар аралык ынтымакты бекемдөө, каттоодон өтө элек мечиттердин каттоосун тездетүү, КМДБ жана казыяттын буйруктарын өз убагында аткаруу …

Дальше »

Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы мектептерде экстремизмдин алдын алууга багытталган семинар өткөрүлдү

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Б. Бейшеналиева жана Ф.А.Стрельникова атындагы орто мектептерде «Экстремизм жана терроризмге каршы туруу» аттуу семинар өткөрүлдү. Райондук мамлекеттик администрациянынын бекиткен иш планынын негизинде уюштурулган семинарга баш имам-хатибдин орун басары Нуркалый ажы, …

Дальше »

Чүй: мечит жана медреселерде ишембиликтер уюштурулду

Азирети Муфтий Замир кары Ракиевдин буйругун ишке ашыруу максатында Чүй облусунун аймагындагы район-шаарлардын райондук баш имам-хатибдери жана диний окуу жайлардын жетекчилери ишембилик өткөрүштү. Ага негизинен дин ишмерлери, медресе окууучулары жана мечит имамдары тартылды. Ишембиликтин алкагында …

Дальше »