Султанали ажы баштаган аалымдар Сокулук районунун тургундары менен жолугуп, суроолорго жооп беришти

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылындагы «Бермат-Ислам» мечитинде КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Султанали ажы Гапуров, КМДБнын даават бөлүмүнүн адиси Шерик ажы Карыпбеков, Сокулук районунун баш имам-хатиби Икрам ажы Ырысбаевдер жергиликтүү эл менен жолугушуу өткөрдү. …

Дальше »

Токмокто балдар арасында Куран окуу жана азан айтуу жарышы өттү

Токмок шаарында балдар арасында Куран окуу жана азан айтуу жарышы өтүп, ага катышкан 19 талапкер өз күчтөрүн сынап көрүштү. Сынак Токмок шаардык хатибияты тарабынан уюштурулуп, алдыңкы орунга ээ болгондор акчалай сыйлыктарга ээ болушту. Ал эми …

Дальше »

Кеминдин баш имам-хатиби Ильич айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды

Чүй облусунун Кемин районунун баш имам-хатиби Куттубек ажы Дүйшөбаев Кеминдин Ильич айыл өкмөтүнө иш сапары менен барды. Иш сапардын алкагында айыл өкмөттү зыярат кылып, айыл өкмөт башчысы Кайрат Жетенбаев менен жолугушту. Жолугушууда баш имам-хатиб райондогу …

Дальше »

Жергиликтүү жамааттын күчү менен «Азаре» мечитине жаңы мунара курулду

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы «Азаре» мечитинде Мухаммед Дургаловдун демилгеси, жергиликтүү тургундардын колдоосу менен жаңы мунара тургузулду. Мунараны куруу үчүн жергиликтүү жамаат 150 миң сом каражат чогулткан. Курулуш жыл башында башталып, үстүбүздөгү жылдын …

Дальше »

Сокулук районунун имамдары ханафилик боюнча атайын сабак окуй турган болушту

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Гавриловка айылындагы «Асан» мечитинде райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында мечиттердин каттоосу, зордук-зомбулуктун кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, улуттар аралык ынтымакты сактоо маселелери каралды. Жыйындын жүрүшүндө имамдардын суранычы боюнча ноябрь айынан …

Дальше »

Аламүдүн районундагы дин кызматкерлерине жыйын болуп, кышка даярдык көрүү тапшырмасы берилди

Кечээ, 19-октябрь күнү Аламүдүн районуна караштуу Октябрь айылындагы «Абу Бакир» атындагы мечитте райондогу имамдардын кезектеги жыйыны болуп өттү. Абдурахман ажы Анаркулов алып барган чогулушта төмөнкү төрт маселе каралды. 1. КМДБнын жана Чүй казыятынын буйрук-тапшырмаларын аткаруу, …

Дальше »

Ысык-Ата районундагы дин кызматкерлери кварталдык отчёт тапшырды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Ивановка айылындагы «Амир» мечитинде райондогу дин кызматкерлеринин кезектеги жыйыны болуп өттү. Жыйында имамдар райондун баш имам-хатибине төмөнкү пунктулар боюнча кварталдык отчёт беришти. Акыркы үч айда аткарылган иштер; Каттоодон өтө элек …

Дальше »

«Алексеевка» мектебинин окуучуларына ыйман жана адеп-ахлак баалуулугу боюнча баалуу маалыматтар берилди

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Алексеевка айылындагы «Алексеевка» орто мектебинин 7-класстан 11-класска чейинки окуучуларына «Ыйман, адеп-ахлак баалуулугу жана зордук-зомбулуктун зыяны» темасында маалыматтар берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Жайыл районунун баш имам-хатиби Нурдан Омуралиев, Жайыл РИИБнин …

Дальше »

Сары-Булак айылында имамдын демилгеси менен алдыңкы окуучуларга стипендиялар бериле баштады

Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Сары-Булак айылында мектептеги «эң жакшы» бааларга окуган окуучуларга ай сайын стипендиялар уюштурула баштады. Сабакты жакшы окугандарга стимул берүү үчүн стипендия берүүнү айыл имамы Мырза Төлөгөнов демилгелеген. «Айылыбыздагы балдар-кыздарыбыздын окууга, илим-билимге …

Дальше »

Ысык-Атада жаңы мечит-комплекс ачылып, пайдаланууга берилди (фото)

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун хатибиятына караштуу Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн  Кеңеш айылында комплекси менен жаңы мечит ачылды. Мечит-комплексте мечит, кыздар билим алуучу окуу корпусу, тигүүчүлүк цехи, компьютердик класс жана  төрт орунду чачтарачкана бар. Аталган комплекске Ас-Сафа …

Дальше »

Тилсиз жоодон жабыркаган мечит оңдолуп, салтанаттуу түрдө ачылды

Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Кеңеш айылындагы өрттөнүп кеткен мечит калыбына келтирилди. Тилсиз жоодон жабыр тарткан мечитти оңдоп-түзөөгө жергиликтүү эл жана ТИКА колдоо көрсөткөн. Мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи Мавлид кечине карата уюшутурулуп, ага райондун баш …

Дальше »

Чүйдөгү мечит-медреселерде тазалык иш-чаралары уюштурулду

«Таза Мурас» акциясынын алкагында Чүй облусунун мечиттеринде жана диний окуу жайларында тазалык күнү жарыяланып, ишембиликтер өткөрүлдү. Ишембиликке ДОЖ мугалимдери, имамдар баштаган дин кызматкерлери жана мечит жамааттары активдүү катышып, диний мекемелердин территориясындагы жайлар таштандылардан арылды. «Ыйык …

Дальше »