Чоң-Жаргылчак айылында заманбап шарт менен жаңы мечит пайдаланууга берилди

Ысык-Көл облусунун Жети -Өгүз районуна караштуу Чоң-Жаргылчак айылында учурдун талабына ылайык шартта салынган жаңы мечиттин ачылышы болду. Мечит “Ассанабиль” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен салынып, анын ачылышына жергиликтүү тугундар жана дин кызматкерлери катышты. “Бүгүн айылыбызда чоң иш-чара болуп олтурат. Анткени заманбап …

Дальше »

Кызыл-Суу айылынын жаштары элдин саламаттыгы үчүн бир катар сооп иштерин жасашууда

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Кызыл-Суу айылынын жаштары, райондук хатибият менен бирге демилге көтөрүп, эл үчүн кызмат кылышууда. Бул туурасында Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Талантбек Акылбек уулу билдирди.    “Бүгүнкү күндө биз, бири-бирибизге колдоо …

Дальше »

Сары-Камыш айылында элибиздин амандыгын, тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл районуна караштуу Сары-Камыш айылында учурдагы кырдаалдан улам элибиздин амандыгын, жерибиздин тынчтыгын тилеп түлөө өткөрүлдү. Бул тууралуу айыл имамы Талгат Туйбаев билдирди. Имам айыл тургундарын ынтымака, биримдике, сабырдуулука чакырып, ибадат-амалдардын кабыл болуусу туурасында түшүндүрүү иштерин …

Дальше »

Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында Жараткандан амандык, тынчтык тилеп түлөө өткөрүлдү

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тилекмат айылында Жараткан Алла Тааладан амандык, ар кандай кырсыктан, өлүм-житимден алыс болушун тилеп түлөө өткөрүлдү. Бул туурасында Жети-Өгүз райондук хатибиятынан билдиришти. «Акыркы убакта мекенибизде биз күтпөгөн окуялар болуп кетти. Элибиздин жылдызы …

Дальше »

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кыргызстандын мурунку Муфтийи Чубак ажы Жалиловдун ааламдан өткөнүнө байланыштуу анын үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Бул дүйнөдө баарыбыз туруктуу эмес экенбиз….. Адам баласынын аң-сезими чектелүү болгон соң, бул татаал жашоодо адашып кетүү коркунучу бар себептен, мээрими чексиз Аллах Таала пенделерин бул дүйнөдө адашпай бактылуу жашоосун, акыретте түбөлүк бактылуулукка ээ болуусун каалап, …

Дальше »

Ысык-Көлдө элибизге шыпаа тилеп, түлөө өткөрүлдү

Бүгүн, 10-июль жума күнү Ысык-Көл облустук мусулмандар казыяты  элибиздин амандыгын, ар кандай илдет-дарттан, кырсыктан алыс болушун Жараткандан тилеп, дуба кылып, курмандык чалды. Мындай түлөө КМДБнын демилгеси кайрымдуу инсандын демөөрчүлүгү менен союлуп, аксакалдар дуба кылышты. “Бул …

Дальше »

Каракол шаарында эртеңден баштап жума намазы убактылуу токтотулат

Бүгүн, 9-июлда Каракол шаардык мэриясында жыйын болуп, дүйнөлүк пандемияга байланыштуу өлкөбүздөгү кырдаалды эске алуу менен Каракол шаары боюнча жума намазын убактылуу токтотуп туруу чечими кабыл алынды.   “Бүгүнкү отурумда обсервацияга жана күндүзгү стационарга орун даярдоо, …

Дальше »

Алмазбек ажы Сагындыков: Үй бетин көрбөй күнү-түнү иштеп жаткан дарыгерлерге көмөк көрсөтөлү

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков пандемиядан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Ассаламу алайкум ва рохматуллохи ва барокатуху, Урматтуу мекендештерим, урматтуу мусулман биртуугандарым. Ааламдардын Эгеси, Жаратуучусу, ырыскы берүүчү, мээримдүү, ырайымдуу Аллах Таалага баардык мактоолор айтып, бүткүл …

Дальше »

Караколдо жардамга муктаж 20 үй-бүлөгө акчалай жардам көрсөтүлдү

Ысык-Көл облусунда садака-битирдин эсебинен чогултулган каражат жардамга муктажардарга таратылып берилүүдө. Анын арасында Каракол шаарында жашаган колу жука үй-бүлөлөргө таратылып берилди. Бул тууралуу Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков билдирди. Анын айтымында, быйылкы чогултулган …

Дальше »

Каракол шаардык мэриясы мечиттерди каттоодон өткөрүүгө жардам берет

Кечээ, 25-июнда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун демилгеси менен Каракол шаарынын мэри А.Ж Каныметов дин кызматкерлерин кабыл алды. Жолугушууда каттоосу жок мечиттерди тезинен каттоодон өткөрүү маселеси каралып, мэрия бул жаатта көмөк көрсөтүүгө …

Дальше »

Талант ажы Сабриков ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Дейшин айылында Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриковдун жергиликтүү эл менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушууда Талант ажы жалпы элди ысырапкерчиликке жол бербөөгө чакырып, маркумду акыркы сапарга узатууда ыксыз чыгымдарга, …

Дальше »

Ысык-Көл облустук казыяты муктаждарга фитир-садака таратууда

Рамазан айында чогултулган фитир-садака муктаж болгон үй-бүлөлөргө, жетим-жесирлерге таратылып берилүүдө. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков билдирди. Рамазан айында чогултулган фитир-садака, жардамга кол сунган жарандарыбыздын арыздардын негизинде ден соолугуна  байланыштуу дарыланып жаткандарга,  көп …

Дальше »