Талас облусунунун казысы Айтматов районунун имамдары менен жолугушту

Жолугушуу Айтматов районунун Чолпонбай айылында өтүп, район баш имам-хатиби Исламбек Куматаев жыл башынан бери аткарылып жаткан иш-чаралар жана мечиттер тууралуу маалымат берди. Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев 2023-жылда салынып жаткан мечиттердин документтерин өз убагында бүткөрүлүшү …

Дальше »

Нарында жаш өспүрүмдөр арасында облустук деңгээлде Куран жарышы өткөрүлдү

Нарында облус казысы Эрик Молдокуловдун демилгеси менен 6 жаштан 13 жашка чейинки балдар арасында облустук этапта Куран жарышы болуп өттү. Куран жарышы Ат-Башы районунун Казыбек айылында уюштурулуп, ага облус райондорунан жалпы 31 бала катышты. Жарышка калыстык кылган …

Дальше »

Ош облусунда экстремизм, терроризм жана наркотикалык заттарды колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Ош облусунун аймагындагы жалпы жооптуу имамдар мектеп окуучулары менен жолугушууларды уюштурулууда. Аталган жолугушуулар Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Замир кары Ракиевдин №150 буйругун аткаруу алкагында өтүүдө.

Дальше »

Раззаков шаарындагы “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунда кылмышты болтурбоо боюнча жыйын өттү

Коомдогу терс көрүнүштөрдүн алдын алуу максатында Раззаков шаарындагы “Абдулло ибн Аббас” ислам институтунун студенттерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Иш-чарага Лейлек РИИБнин кызматкерлери жана медресе мугалимдери катышты.  Жыйын алкагында кылмыштуулукту болтурбоо, мыйзамдуулук тууралуу маалыматтар айтылып, сунуш-пикирлер ортого ташталды. …

Дальше »

Баткенде мектеп окуучуларын зыяндуу адаттардан алыс болууга чакырган жолугушуулар өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиевдин буйругуна ылайык, Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасбировдун тапшырмасы менен Баткен облусунун аймагындагы мектептерде жана окуу жайларда өспүрүмдөр арасында зыяндуу адаттарды алдын алуу максатында түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. “Учурда …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандарынын казысы Ош мамлекеттик университетинин студенттери менен жолугушту

Ош облусунун казысы Сайдамир ажы Жейналиев Азирети Муфтийдин №150-буйругунун алкагында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери менен жолугушту. Ага факультеттин деканы Зайлабидин Ажимаматов жана студенттер катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө облус казысы Сайдамир ажы Жейналиев наркотикалык заттардын …

Дальше »

Бакытбек ажы Убабеков Ысык-Атанын акими Алмазбек Осмонов менен жолугушуп, диний объектилерди эсептик каттоодон өткөрүү боюнча пикир алышты

Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Бакытбек ажы Убабеков Ысык-Ата районунун акими Алмазбек Осмонов менен жолугушту. Жолугушууда 2021-жылдын 2-ноябрындагы №27-4412 сандуу Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын жана Министрлер кабинетинин чечимдерди даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги А.К. Эргешовдун протоколдук тапшырмасын …

Дальше »

Чүй казыятында жергиликтүү бийлик органдары менен тыгыз кызматташуу талкууланды

Чүй облусунун мусулмандарынын казыятында бир катар маселелер боюнча жыйын болуп өттү. Ага КР Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Самат Исманов, КР Дин иштери боюнча мамлекеттик коммиссиянын Чүй облусундагы өкүлү Замир Өмүрзак …

Дальше »

Кант шаарынын баш имам-хатиби Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы менен диний объектилерди каттоо маселесин талкуулады

Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунун баш имам-хатиби Пазыл ажы Абдурахманов Ысык-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Аскат Төлөгөнов менен жолугушуп, айыл өкмөт аймагындагы эсептик каттоодон өтө элек мечиттерди каттоодон өткөрүү маселеси боюнча пикир алышты. Баш имам-хатиб каттоо …

Дальше »

Алайда социалдык коргоого муктаж жарандарга жардам көрсөтүлдү

Алай районунун баш имам-хатиби Тиллабай ажы Кадыров хатибияттын тизмесинде турган жардамга муктаж көзү азиз жана ден соолугунан ажыраган жаш жеткинчектерден кабар алып, райондук хатибияттын атынан акчалай жардам көрсөттү. «Эки жакшылык бар. Бирок, аны көп адам …

Дальше »

Майлуу-Сууда бүтүрүү кечелерин ашыкча шаан-шөкөтсүз өткөрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Майлуу-Суу шаарындагы №1 Ч.Айтматов атындагы орто мектебинде бүтүрүүчү класстардын окуучулары жана ата-энелери менен жолугушуу өттү. Жолугушуу Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан уюштурулуп, ага укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, аксакалдар жана шаардын баш имам-хатиби Апсатар ажы …

Дальше »

Ошто диний окуу жайлар арасында кезектеги спорттук мелдештер өткөрүлдү

Диний окуу жайлар арасында спорттук мелдештер өткөрүлүп, ага жалпысынан 12 команда катышты. Мелдештин ачылышында уюштуруучулардан “Абдурахман ибн Ауф” медресесинин мүдүрү Маматмуса уулу Кылычбек төмөнкүлөргө токтолду: «Бул иш—чаранын аталышы айтып тургандай, биздин негизги максатыбыз достук мамилелерди …

Дальше »