Ала-Бука районунун Жойбелент айылынын тургуну атасына аш өткөрөм деген каражатка эки айылды бириктирген көпүрө салды

Ала-Бука районунун дин кызматкерлери  жүргүзгөн түшүндүрүү иштеринин  натыйжасында  Өрүктү айыл өкмөтүнө караштуу Жойбелент айылынын тургуну Муратбек Райымбеков бир туугандары менен кеңешип, атасына аш өткөрөбүз деген каражатка эки айылдын ортосун бөлгөн сууга көпүрө салышты. Бул иш-чарага …

Дальше »

Чаткалда элдин колдоосу менен «Артыкбай ажы Осмон уулу» мечити оңдолууда

Алыскы  Чаткал районунун Кызыл-Токой айылындагы «Артыкбай ажы Осмон уулу»  мечитинин имамы  Раталы ажы Бүркүтбаевдин демилгеси менен ашар жолунда  мечиттин айланасын оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Бул туурасында Чаткал районунун баш имам хатиби Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Баш …

Дальше »

ОшМУнун теология факультетинин жана теология колледжинин студенттери Ош облусунун мусулмандар казыятына практикага келишти

ОшМУнун теология факультетинин жана теология колледжинин студенттери Ош облусунун мусулмандар казыятында, облуска караштуу бардык райондук хатибияттарда практикаларын өтөшүүдө. Теология факультетинин студенттери 1ай, ал эми теология колледжинин студенттери 2 жума практикадан өтүшөт. Ош облусунун аймагына жалпысынан 50дөн ашуун студент бөлүндү. Облустук казыяттын курулуш жана мечит адиси Абдималик ажы Турсунбековдун айтымында казыятта ар жылы ОшМУнун теология факультетинин …

Дальше »

Кербен шаарындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 50 мүшөк көмүр таратылды

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Кербен шаарынын Ак-Дөбө аймагындагы аз камсыз болгон 10 үй-бүлөгө 5 мүшөктөн көмүр таратылды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда райондун баш имам хатиби Мырзабек ажы Абдыкалыков билдирди. Баш имам хатибдин айтымында бул …

Дальше »

Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ысык-Көл облустук казыяттын жаңы идарасынын курулуш ишин тездетүүнү тапшырды

Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийдин орун басары Жоробай ажы Шергазиев Ысык-Көл облустук казыятына жасаган иш сапарынын алкагында кызяттын эмгек жамаатына жыйын өткөрүп, бир катар тапшырмаларды берди. Тактап айтканда Жоробай ажы учурдагы коронавирус пандемиясына байланыштуу сактык чараларын …

Дальше »

Майлуу-Суу шаарынын Мира көчөсүндө намазкана ачылат

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы Мира көчөсүндө жаңы намазкана ачылат. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда Майлуу-Суу шаарынын баш имам хатиби Абсатар ажы Эркинбеков билдирди. Анын айтымында, намазкана салына турган жерде СССР доорундагы кароосуз калган  эки кабаттуу имарат …

Дальше »

Ош шаарында дин кызматкерлеринин арасында спорттук мелдеш болуп өттү

Ош шаардык мусулмандар казыяты тарабынан дин кызматкерлери үчүн атайын спорттук мелдеш өткөрүлүп, ага казыят кызматкерлери, Ак-Буура батыш хатибияты жана Ак-Буура чыгыш хатибиятынын имамдары катышты. Мелдеш Ош шаарынын мусулмандар казысынын орун басары Мирланбек ажы Токтомушов көзөмөлгө алып, …

Дальше »

Сузакта мечиттердин кышка даярдыгы текшерилди

Жалал-Абад облустук казыятынын Сузак райондук хатибияты район боюнча  мечиттердин кышка карата камылгасын текшерүүгө алды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда аталган  райондун баш имам хатиби Жунус ажы Исмаилов билдирди. Анын айтымында, түзүлгөн графиктин негизинде райондун аймагындагы мечиттер …

Дальше »

Ысык-Көлдө 2020-2026-жылдарга карата кабыл алына турган КРнын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясы коомдук талкууга коюлду

Бүгүн, 11-ноябрда Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан “Карагат” мейманканасында КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы жыйын өткөрдү. Отурумда 2014-2020-жылдарга карата кабыл алынган Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын Концепциясынын долбоорунун жыйынтыгы чыгарылып, аны менен катар …

Дальше »

Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Бишкектеги “Билим шамы” медресесине жардам көрсөттү

 7-ноябрь күнү Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шарынын баш имам хатиби Абдыразак ажы Балтабаев Бишкектеги Жал айылында жайгашкан  “Билим шамы” карылар медресесине барды. Ал жактан Абдыразак ажы аталган окуу жайда жетишсиз болуп жаткан 24 даана  Курани Карим китебин …

Дальше »

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин кары Атабаев Садыбакас ажы Дооловго көңүл айтты

Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев белгилүү дин аалымы, Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Садыбакас ажы Дооловдун атасынын көзү өткөндүгүнө байланыштуу көңүл айтат. Урматтуу Садыбакас ажы! Суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Атаңыз молдо Шараптын дүйнө …

Дальше »

Жоробай ажы Шергазыев: Кызмат ордубузга жоопкерчилик менен мамиле жасап, өз милдеттерибизди так аткаруубуз керек

Кыргызстан Мусулмандарынын Азирети Муфтийинин орун басары Жоробай ажы Шергазыев Ош облусу жана Ош шаарына болгон иш сапарынын алкагында шаардык казыяттын эмгек жамааты менен жолугуп, жыйын өткөрдү. Жыйында Азирети Муфтийдин орун басары:  Дин кызматкерлери кызматтык милдеттерин …

Дальше »