Кара-Сууда мектеп окуучуларына экстремизмдин алдын алуу боюнча лекция өтүлдү

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Кызыл-кыштак аймагынын жооптуу имам-хатиби Жахангир ажы Масаитов №123 Сүрөттүү-таш мектебинин жогорку класстын окуучуларына экстремизмдин алдын алуу, уюлдук телефондорду пайдасыз иштерге колдонбоо жана үй-бүлө баалуулуктары боюнча лекция өттү. «Телефонду жакшы иш …

Дальше »

Баткен шаарында кыз-келиндер үчүн Куран жана ислам негиздери боюнча сабактар уюштурулду

Баткен казыятынын аялдар менен иштөө боюнча жооптуусу Уулкан Дүйшееванын көзөмөлү астында Баткен шаарындагы «Фаиза Аль-Харафи» шаарчасындагы аялдар үчүн Ислам негиздери жана Куран окууну үйрөнүү сабактары уюштурулду. Уюштуруучулардын айтымында, катышуучулардын алды окуп калышса, жаңыдан окуй баштаган …

Дальше »

Кызыл-Кыядагы медреселерде ашпозчулук боюнча кошумча билим алган кыздар күч сынашты

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарындагы медреселерде ашпозчу-кондитер кесиби боюнча кошумча билим алган студенттер арасында сынак өткөрүлдү. Сынакка Кызыл-Кыя шаарынын баш имам-хатиби Ниймат ажы Топчиев, медресе мүдүрүн милдетин аткарып жаткан Абдыкалык ажы Базарбаев, хатибият кызматкерлери жана …

Дальше »

Балтабай айылынын жаштары айыл имамына умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Ырдык айыл өкмөтүнө караштуу Балтабай айылынын жаштары аталган айылдын имамы Ырысбай Асакеевге көп жылдан бери айыл үчүн аткарган эмгегин баалап, ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо белек кылышты.  Айыл жаштары чогулткан жалпы …

Дальше »

Ноокатта дин кызматкерлерине «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлдү

Бүгүн, 25-февраль күнү Ош облусуна караштуу Ноокат районунун жалпы имамдарына «Мухтасар аль-Викая» китебинен сынак өткөрүлүп, ийгиликтүү өткөндөргө сыйлуу байгелер тапшырылды. 1-орунду «Таксыр» мечитинин имам-хатиби Абдурахим Рузмаматов ээлеп тай утса, 2- орунга «Насирали» мечитинин имам-хатиби Анваржан …

Дальше »

Баткен казыятынын кызматкерлери «УТРК Баткен» телеканалынын жетекчиси менен жолугушту

Баткен казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдакмад ажы Аппазов жана казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёев УТРК Баткен телеканалынын жетекчиси Мамажан Бердишев менен жолугушту. Жыйында казыят адистери коомчулукту ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка, тазалыкка жана ыйман, адепке чакырууда массалык маалымат каражатынын орду …

Дальше »

Эмирлан ажы Бообеков: «Ар бир мечит курула башталганда эле, тиешелүү документтери да параллелдүү бүткөрүлүшү зарыл»

Ош облусуна караштуу Алай районунун баш имам-хатиби Эмирлан ажы Бообеков Коңур-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Караган айылынын тургундары менен жолугушуп, «Шамаке Асан молдо» атындагы мечиттин эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүгүн тапшырып, эми мыйзамдуу түрдө ишмердик жүргүзө …

Дальше »

Баткен казыятынын кызматкерлери КР Президентинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү тарабынан сыйланышты

Баткен облусунун аймагында 2023-жылдын жыйынтыгы менен кызматтык милдеттерин аткарууда жетишкен ийгиликтери үчүн Баткен облустук мусулмандарынын казыятынын мечиттер жана үгүт-насаат иштери боюнча адиси Сайдахмад ажы Аппазов менен казыяттын маалымат катчысы Фуркат Авлиёевге Презденттин Баткен облусундагы ыйгарым …

Дальше »

Баткенде «Салам сага, Пайгамбарым» аттуу ыйман кечеси өткөрүлдү

Баткен шаарында «Салам сага, пайгамбарым» деген аталышта ыйман кечеси болуп өттү. Саамалык Баткен облустук казыяты тарабынан уюштурулуп, ага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, облус казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов жана дин …

Дальше »

Араван районунда 2024-жылы ажылыкка баруучуларды группаларга бөлүштүрүп, ажы башчылары менен тааныштырылды

Кечээ, 24-февраль күнү Араван районунун борбордук мечитинде Араван районунун хатибияты тарабынан райондогу 2024-жылы ажылык сапарына барууга аттанган зыяратчыларга жыйын өткөрүлдү.  Жыйындын жүрүшүндө ыйык ажылык сапарына аттанган зыяратчыларды группаларга бөлүп, ажы башчылары менен тааныштырылды. Жыйын Куран …

Дальше »

Кызыл-Суунун жаштары айыл имамына жана жубайына умрага жолдомо белек кылышты

Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын жаштары Кызыл-Суу борбордук мечитинин имамы Максат Байтиковго жана анын жубайына ыраазычылык иретинде умра сапарына жолдомо тапшырышты. Жолдомо тапшыруу иш-чарасына райондун баш имам-хатиби Талантбек Акылбек уулу катышып, айыл жаштарынын имамдын …

Дальше »

Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районундагы ажылык иштеринен кабар алды

Бүгүн, 23-февраль күнү Ажылык иштеринин Ош облусу боюнча жооптуу куратору Алибек ажы Жусупов Кара-Суу районунун ажылык иштеринен кабар алып, ажы башчыларга бөлүп берүү иштерин тездетүү боюнча тапшырма берди. «Ажы башчыларга бөлүп берүүнү тездетип, тиешелүү эреже-тартиптер …

Дальше »