Нарын казысы Мамбетасан ажы Ибраев окуучуларга тарбиялык сабак өтүп, «Эмне үчүн китеп окушубуз керек» деген китебин белеке берди

Кечээ, 23-октябрда Нарын облусунун казысы Мамбетасан ажы Ибраев Нарын шаарындагы М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин окуучулары менен жолугушуп, аларды билимдүүлүккө, адептүүлүккө, ыймандуулукка чакырган тарбиялык сабак өттү. Облус казысынын калемине таандык «Эмне үчүн китеп окушубуз керек» деген …

Дальше »

Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев: “Балдарыбыз көп кырдуу билимге ээ болушу керек”

Кечээ, 23-октябрда Ош шаарынын мусулмандар казысы Убайдулла ажы Сарыбаев казыят кызматкерлери менен биргеликте “Абдумуталиб каары” атындагы Куран окуу борборунда окуган балдар менен жолугушту. Жолугушууда борбордун окуу программасы менен таанышып, билим берүүнүн сапатына көңүл бурушту. “Окуу …

Дальше »

Ош шаарындагы “Сражидин” мечитин оңдоп-түзөө иштери башталды

Ош шаардык мусулмандар казыятынын “Сражидин” мечити жума намазы окулган мечиттердин катарында болгондуктан анын айланасы иретке келтирилип, алдыңкы тарабы салынууда. Бул тууралуу бүгүн, мечиттин имамы Абдурашид ажы Кадыркулов билдирди. Анын айтымында, буга чейин жума күндөрү ибадат …

Дальше »

Мамлекеттик кызматкерлер “Али ибн аби Толиб” ислам медресесинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Бүгүн, 23-октябрда КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын Талас облусундагы өкүлү Чынара Осмоналиева, Талас районунун социялдык өнүгүү бөлүмүнүн өкүлү Токтосун Байкишиев  жана Кум-Арык айылынын социалдык кызматынын адиси Бакиеда Динара Талас районунун Кум-Арык айылындагы “Али ибн …

Дальше »

Зекет — мал, мүлк, байлык менен жасалган ибадат

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Таш-Кудук айылында район баш имам хатиби Абдумажид Сагынбаев молдо айыл аксакалдары менен жолугушуп, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө зекеттин жана үшүрдүн эсебинен жардам берүү ар бир адамдын милдети экенин баса белгиледи. «Зекет …

Дальше »

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Үкү Ата медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жоолугуп, медресенин ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 23-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыяттын окуу бөлүмүнүн адиси Өмүрзак Абдусамат уулу  Талас районунун Манас айылында жайгашкан Үкү Ата медресесинин мугалимдери жана окуучулары менен жоолугуп, медресенин ишмердүүлүгүн,  кышка карата даярдыгы менен …

Дальше »

Жайыл району боюнча мектептерде окуучуларды адеп-ахлакка чакыруу боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Чүй облусунун Жайыл районунун Кара-Балта шаарындагы № 3 жана 4 – мектептин окуучуларына адеп-ахлак, билимге болгон умтулуу, ата-энени урматтоо, мугалимдерди сыйлоо жана ар кандай туура эмес агымдардан алыс болуу темасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган иш-чарага …

Дальше »

Тоң районунун Кара-Коо айылынын мечити оңдоп-түздөөдөн толук өткөрүлүп, эл кызматына берилди

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кара-Коо айылындагы мечит толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда райондун баш имам хатиби Таалайбек ажы Акунов билдирди. Анын айтымында, буга чейин мечиттин абалы өтө начарлап, даараткана, ажатканасы …

Дальше »

Талант ажы Сабриков: жаштарга туура, татыктуу билим берүүгө ар бирибиз милдеттүүбүз

Бүгүн, 23-октябрда Каракол шаарынын баш имам хатиби Талант ажы Сабриков мэрия тарабынан өткөрүлгөн жыйынга катышып, жаштарга туура багыт берип, татыктуу билим берүүгө баарыбыз өз салымыбызды кошуу керектигин билдирди. “Коомчулукка, жаштарга туура таалим-тарбия, татыктуу билим берүү …

Дальше »

Ысык-Көл районунун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев имамдардын ишмердүүлүгүнөн кабар алды

Бүгүн, 23-октябрда Ысык-Көл районунун имамдарынын кезектеги жыйыны Өрнөк айылынын  мечитинде өттү. Анда райондун баш имам хатиби Максат ажы Сейталиев имамдардын иштери менен жакындан таанышты. Ал өз сөзүндө 2019-жылга карата түзүлгөн иш пландын негизинде  аткарылган иштерге …

Дальше »

Ударник айылында «Салих Аль-Наххам» атындагы жаңы мечит ачылды

Чүйдүн Кемин районунун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтүнө караштуу Ударник айылында жаңы мечит пайдаланууга берилди. Мечит бардык шарттары менен, Кувейт мамлекетинин тургуну Абу Аюб мырзанын каржылоосу менен салынды. Мечиттин ачылыш аземине демөөрчү Абу Аюб мырза, Кемин районунун …

Дальше »

«Равза» медресесинин студенттери медициналык кароодон өтүштү

Чүй облусунун Сокулук районундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан «Равза» медресесинин студенттерине  Жаңы-Жер айылынын ооруканасынан дарыгерлер келип жеке гигиена тууралуу маалымат берип, медициналык текшерүүдөн өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 22-откбярда «Равза» медресесинин мүдүрү Ускенбай ажы Каландаров билдирди. Анын …

Дальше »