Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам хатибдеринин жылдык отчетун укту

Ысык-Көл облусунун мусулмандар казысы Алмазбек ажы Сагындыков райондун баш имам хатибдерин кабыл алып, алардын жыл ичинде аткарган иштеринин отчетун укту. Отчеттук жыйында облус казысы  Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан келген буйруктардын аткарылышын текшерип чыкты. Муну …

Дальше »

Ат-Башы районунун Казыбек айылынын тургундары Нарын медресесине үшүр жыйнап беришти

Күздүн кирип келиши менен Ат-Башы районунун Казыбек айылынын жергиликтүү тургундары Нарын медресесин колдоо максатында өз ыкыяры менен күзгү түшүмдөн үшүр жыйнап беришти. Нарын медресесинин мүдүрү Жакыпов Баатырбек жана медресенин студенттери аталган айылга барышып, кайрымдуулук кылган …

Дальше »

Нарын районунун баш имам хатиби Казан-Куйган айылынын окуучуларына билим туурасында лекция окуп, айыл эли менен жолугушту

Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек ажы Орозалиев Казан-Куйган айылынын Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 8-9-10-11-классынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушуу лекциялык сабак түрүндө өтүп, баш имам хатиб  ыймандуулук, илим-билим, таалим-тарбия туурасындагы маалыматтарды айты берди. …

Дальше »

КМДБнын маалымат бөлүмүнүн башчысы Баткен облусунун казысы менен жолугушуп, имамдардын маалыматтык базасын жакшыртуу жаатында пикир алышты

Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын маалымат бөлүмүнүн башчысы Максат Атабаев Баткен облусуна жасаган иш сапары алкагында облустун мусулмандар казысы Пазыл ажы Султанмуратов менен жолугушуп, казыяттын ишмердүүлүгү, имамдардын маалыматтык базасын жакшыртуу жаатында пикир алышты. Жолугушууга облус казысынын …

Дальше »

Ак-Талаанын баш имам хатиби жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен 19 билим берүү мекемесине барып, терс диний агымдар жана ата-энени сыйлоо боюнча маалымат берди

Экстремизм жана терроризмдин алдын алуу максатында Ак-Талаа райондук мамлекеттик администрациясынын башкы адиси Жайдарбек Сыдыков, МУКК, ИИМ, Ак-Талаа районунун баш имам хатиби Жаныбек ажы Жээнбеков жана Нарын казыятынын кызматкери Эрик ажы Молдокуловдун катышуусунда 18 мектеп жана …

Дальше »

Абдирайым каары Атабаев: Мырза-Аке айыл өкмөтүндөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөгө 5 бөлмөлүү үй куруудабыз

Ош облустук мусулмандар казыятынын алдындагы имам Бухарий Ислам институтунун ректору Абдирайым каары Атабаев Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабев жана облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаевдин катышуусунда Өзгөн районунун Мырза—Аке айыл өкмөтүндөгү ден соолугунан мүмкүнчүлүгү …

Дальше »

Ош облусунун казысы Самидин каары Атабаев Өзгөн районунун баш имам хатибинин ишмердүүлүгүн текшерип, хатибияттын имаратынын курулушу менен таанышты

Кечээ, 12-октябрда Ош облусунун мусулмандар казысы Самидин каары Атабаев, облус казысынын орун басары Нурбек каары Орунбаев Өзгөн районуна болгон иш сапарында райондун баш имам хатиби Акжол ажы Козубаев жана  шаардын жооптуу имамы Хоринов Махаммадаюб менен …

Дальше »

Мырза кары Осмонов: Жаштар ыймандуу болсо коомубуз оңолот

Ош шаардык мусулмандар казыятына караштуу борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары  Осмонов ОшМУнун  Кыргыз-Кытай  факультетинде окуган студенттерге “Адеп-ахлак” туурасында баяндама жасап берди. Аталган иш-чара “Энеке” аттуу видеороликти көрсөтүү менен башталып, андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасындагы кептер козголду. “Жаштар ыймандуу болсо …

Дальше »

Ордо калаадагы «Ас-Сабур» мечити кеңейтилүүдө

Бишкек шаардык мусулмандар казыятына караштуу «Ас-Сабур» мечитине кошумча орундар жасалууда. Бул тууралуу бүгүн, 11-октябрда аталган мечиттин имам хатиби Талгатбек ажы Эркинбек уулу билдирди. Анын айтымында мындай муктаждык жума намазга келген жарандардын батпай калуусунан улам пайда …

Дальше »

Баткенде түштүк региону боюнча Куран жана азан жарышы өткөрүлөт

Курани карим окуу жарышы  18-19-октябрь күндөрү Баткен шаарындагы борбордук «Нуьмани» мечитинде өткөрүлөт.  Сынак түрлөрү: Куранды 30 пара тилават тажвиди менен жатка билүү Куранды 20 пара тилават тажвиди менен жатка билүү Куранды 10 пара тилават тажвиди …

Дальше »

Ошто окуучуларды адептүүлүккө чакырган тарбиялык саат өттү

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаардык казыятынын алдындагы “Имам аль-Бурахий-Алай”  мечитинин имамы Мырза кары Осмонов калаанын Туран муниципалдык аймагында жайгашкан №16 мектептин окуучулары менен жолугушуп, аларга “Адептүү адам абийир табат” деген темада тарбиялык саат өттү. Тарбиялык саат …

Дальше »

“Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов ОшМУнун студенттерине адеп-ахлакка чакырган баяндамасын жасады

Бүгүн, 10-октябрда Ош шаарындагы борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов Ош мамлекеттик университеттиинин эл аралык мамилелер факультетинде “Адеп-ахлак” деген темада лекция окуду. Иш-чара эң алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен …

Дальше »