Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Талас облусундагы жаңы дайындалган өкүлү Темирлан Нурадилов менен жолугушту. Эки тараптуу жолугушууда облус аймагындагы диний кырдаал, диний объекттерди эсептик каттоодон өткөрүү, …
Дальше »Казыяттар
Тоңдо диний объектилердин айланасын жашылдандыруу иштери уланууда
Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев, Эшперов айылдарында мечиттин айланасын тазалоо жана курулуш иштери жүрүүдө. Тазалык саамалыгынын алкагында Бөкөнбаев айылындагы жергиликтүү жарандын демөөрчүлүгү менен курулуп, аяктоо алдында турган медресенин айланасы да көрктөндүрүлдү. Бул боюнча райондун …
Дальше »Баткенде медресе мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелер таратылды
Баткен мусулмандарынын казыяты «Себепкер» кайрымдуулук фонду менен биргеликте Баткен облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдери жана студенттери үчүн кийим-кечелерди таратты. Аталган кайрымдуулук иш-чараны колго алган «Себепкер» кайрымдуулук фондунун жетекчиси Мустафа ажы Абдиев башында турган эмгек жамаатын облус казысы …
Дальше »Ош шаарында ажылык сапарына баруучуларга акыркы жолу сабак өткөрүлдү
Кечээ, 27-май күнү Ош шаарынан ажылык сапарына баруучу жарандарга акыркы жолу сабак өтүлүп, ажылык сапарындагы тартип жана ажы башчыга баш ийүү менен ынтымакта ажылык амалдарын аткаруу керектиги айтылды. Ош шаардык казыятынын фатва адиси Мирислам ажы …
Дальше »Кызыл-Кыяда имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө акчалай жардам таратылды
Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында имамдын демилгеси менен муктаж үй-бүлөлөргө 32 миң сомдук акчалай кайрымдуулук таратылды. Кайрымдуулук иш-чарасы аталган шаардагы мечиттин имам-хатиби Нурсултан ажы Назарбаев демилгеси менен уюштурулду. “Ислам дининде алган колго караганда берген кол артык» …
Дальше »Кызыл-Кыядагы борбордук мечитте көрктөндүрүү иштери жүрүүдө
Кызыл-Кыя шаарындагы “Мураталы ажы Жуманов” атындагы борбордук мечитинин багын көрктөндүрүү, түнкү жарыктандыруу, унаа токтотуучу жайларды оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Мечиттин имам-хатиби Мырзалим Каратаевдин айтымында, көрктөндүрүү жамааттын колдоосу менен жасалууда. Учурда борбордук мечитинин кире беришине тосмо, бурсчатка, …
Дальше »Баткенде «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу иш-чара өткөрүлдү
Баткен шаарындагы Аппаз Жайнаков атындагы Баткен облустук музыкалык драма театрында Баткен облустук мусулмандарынын казыяты тарабынан аялдар үчүн «Аялдын бактысы кайда катылган?» аттуу теманын алкагында лекция уюштурулду. Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров саамалыкты ачып, …
Дальше »Ош облустук казыятынын кезектеги көчмө жыйыны Кара-Сууда өткөрүлдү
Ош облустук казыятынын райондук баш имам-хатибдер менен биргеликте кезектеги көчмө жыйыны Кара-Суу районунда болуп, анда райондогу жалпы имамдар жыйынында «Улут уңгусу салттуу Ислам» аталышындагы теманын алкагында баяндамалар жасалды. Жыйын башында облус казысы Абибилла ажы Кадырбердиев …
Дальше »Айдаркендин борбордук мечитинин имам-хатиби окуучуларды туура максат коюуга чакырды
Баткен облусундагы Кадамжай районунун Айдаркен шаарында №7 Айдаркен, №19 Б.Садыков жана №20 Маканов атындагы орто мектептердин бүтүрүүчүлөрү жана мугалимдери катышкан «Мекенге кызмат мектептен башталат» аттуу иш-чара болуп өттү. Ынтымак, биримдик, билимдүү болуу пропаганда кылынган иш-чаранын жүрүшүндө Айдаркен …
Дальше »«Азирети Али» медресесинин студенттери өрт учурунда эмне кылуу керек экенин үйрөнүштү
Баткен облусунун Кадамжай районунун Айдаркен шаарында жайгашкан «Азирети Али» медресесинин студенттерине ӨКМдин «Өрт өчүрүү» бөлүмү тарабынан өрт чыккан учурда эмне кылуу керек жана эмне кылууга болбойт экенин, атайын адистер түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, практикалык сабак өтүлдү. Сабак …
Дальше »«Жабир» медресесинде мыкты студенттерге Ардак грамотасы тапшырылды
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айыл өкмөтүндөгү «Жабир» кыздар медресесинде окуу жылы аяктап, мыкты делинген студенттерге Ардак грамотасы тапшырылды. Ошондой эле жергиликтүү чоң эжелер окуу курсун бүтүргөндүгү үчүн сертификаттар тапшырылды. Жыл жыйынтыктоо аземине Ош облусунун …
Дальше »Нуридин ажы Мамасабиров мектеп бүтүрүүчүлөрүн куттуктады
Баткен облусунун мусулмандарынын казысы Нуридин ажы Мамасабиров БатМУнун алдындагы «Баткен Ыйман» гимназиясынын аяктап билим уясынан турмуш сапарына канат каккан бүтүрүүчүлөрдүн акыркы коңгуроо иш-чарасына катышты. Иш-чара жүрүшүндө облус казысы сөз сүйлөп, бул күн бүтүрүүчүлөрдүн ар биринин …
Дальше »