Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында заманбап мечит эл кызматына берилди

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Юрьевка айылында заманбап мечит эл кызматына берилди. Мечит Муса ажы Магомаев тарабынан каржыланып, ачылыш салтанатка райондун баш имам хатиби Бакыт ажы Убабеков, жергиликтүү эл жана айыл аксакалдары катышты. Юрьевка айылына салынган …

Дальше »

Толкунбек Жуманов: Болочок ажылар 31-январга чейин бардык документтерди толуктап, электрондук каттоодон өтүүлөрү абзел

Бишкек шаарындагы ажылык сапарына каттоо борбордук мечитте жүргүзүлүүдө.  Бишкек шаары боюнча жоопту адис Толкунбек  Жумановдун айтымында ажыга баруучулар өз убагында каттоодон өтө турган болсо эч кандай көйгөй жаралбайт. Айрыкча банктык төлөмдөрдү эрте төгүүлөрү керек. Муну …

Дальше »

Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат

Баткен казыяты Баткен телеканалы менен кызматташууну жандантат. Бул туурасында бүгүн,  15-январда Баткен облусунун мусулмандар  казысы Пазыл ажы Султанмуратов Баткен облустук телеканалынын жетекчиси Мамажан Бердишев менен жолугушкан учурда билдирди. Облус казысы өз сөзүндө коомчулукту ынтымакка, биримдикке, …

Дальше »

Чүй облусунан ажылык сапарына баруу үчүн 265 жаран электрондук тизмеге катталды

Чүй облусундагы ажылык сапарына каттоо Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылындагы «Хадижа» мечитинде жүргүзүлүүдө. Бүгүнкү күндө облус боюнча ажылык сапарына баруу үчүн 265 жаран катталып, аларга бардык шарттар түшүндүрүлгөн. Чүй аймагы боюнча ажылыкка жоопту адис Алманбет …

Дальше »

Баткендеги имамдар элди тазалыкты сактоого чакырышат

Баткен облусундагы имамдар мындан ары жума баяндамаларында элди тазалыкка чакырышат. Бул боюнча Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов имамдарга тапшарма берди. Тапшырмага ылайык имамдар элге тазалыктын шарияттагы орду боюнча маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт. ««Тазалык-ыймандан»,-демекчи …

Дальше »

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби мектеп окуучуларын китеп менен дос болууга чакырды

Жети-Өгүз районунун баш имам хатиби Каныбек ажы Кожогулов Чырак орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, аларга мекенди сүйүү, ата-эненин ыраазычылыгын табуу, адептүү болуу темаларында баяндама жасады. Иш чарага айыл имамдары, аксакалдар катышып, өздөрүнүн насааттарын, кеп-кеңештерин айтышты. …

Дальше »

Пазыл ажы Султанмуратов: Баткенде ажылык сапарына барууну каалагандар көбөйүүдө

Учурда ажылык сапарына барууну каалаган жарандарды каттоо Баткен облустук мусулмандар  казыятында жана район, шаарлардын хатибияттарында жүрүп жатат. Бүгүн, 15-январда Баткен облусунун казысы Пазыл ажы Султанмуратов массалык маалымат каражаттарына 2019-жылы ажылык сапарына катталуу, талаптары боюнча кеңири …

Дальше »

Чүй облусунун мусулмандар казыяты боор оорусу менен жабыркаган Кубанычбек Карабалаевге 65 000 сомдук акчалай жардам берди

Чүй облусунун мусулмандар казыяты боор оорусу менен жабыркаган Бишкек шаарынын 47 жаштагы тургуну Кубанычбек Карабалаевге 65 000 сомдук акчалай жардам берди. Каражат облус аймагындагы мечиттерден чогултулуп, жергиликтүү эл колдоого алышкан. «Элибизге ыракмат айтышыбыз керек. Биз Кубанычбек …

Дальше »

Шашылгыла! Баткенде азан айтуу боюнча сынак өтөт

2019-жылдын 9-февралында Баткен  облустук казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук бирикмеси  тарабынан Баткен облусундагы  азанчылар арасында азан айтуу боюнча мелдештин облустук туру өтөт. Сынак азандын маани-маңызын элдин калың катмарына жеткирүү жана туура, көркөм айткан азанчыларды даңазалоо …

Дальше »

Алмазбек ажы Сагындыков: Ысык-Көл облусундагы имамдар 2019-жылы тазалыкка көңүл бурушат

Ысык-Көл облусунун казысы Алмазбек ажы Сагындыков Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармасынын №11 буйругунун негизинде шаар, райондун баш имам хатибдерине жана имамдарга жалпы коомчулукка жарыя кылып, тазалыкка чакырууну тапшырды. “Мекен- биздин мамлекетибиз, иштеген, окуган, жашаган жерибиз. Биз …

Дальше »

Сузактын Кызыл-Туу айылынын баш имамы Нуржан Байзаков элдин алкоосуна татып, учурда коом үчүн пайдалуу иштерди жасоодо

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казыятынын маалымат катчысы Абдиназар Хаджибеков “Аймактарды өнүктүрүү жылында имамдын ролу” аттуу рубриканын алкагында Сузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл округунун баш имамы   Байзаков Нуржан Кыпчакбаевичтин ишмердүүлүгү менен жеринде таанышып келди. Сузак районунун Кызыл-Туу …

Дальше »

Жалал-Абаддагы диний окуу жайлардын студенттери арасында хадис сабагы боюнча өткөн олимпиаданын жеңүүчүлөрү сыйланышты

Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы Абдулазиз кары Закировдун демилгеси менен  облус аймагындагы бардык диний окуу жайларда хадис сабагы боюнча областтык масштабда уюштурулган олимпиаданын жеңүүчүлөрү казыяттын диплому, ардак баракчасы менен сыйланышты. Олимпиаданын негизги максаты өзгөчө шыктуу окуучуларды …

Дальше »