Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев жана Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиевдин демилгеси менен Талас шаарындагы Атай Огомбаев атындагы балдардын музыкалык окуу жайында аялзатына арналган «Эне жүрөгү – ыйман үрөнү» аттуу иш-чара уюштурулду. …
Дальше »Талас облусунун казыяты
Манас районунда аз камсыз болгон 50 үй-бүлөгө материалдык жардам көрсөтүлдү
Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев демөөрчүлөрдүн колдоосу менен 50 аз камсыз үй-бүлөгө 2 500 сомдук азык-түлүк таркатты. Кайрымдуулук иш-чарасын атын атагысы келбеген инсандар колдогонун билдирген баш имам-хатиб төмөнкүлөргө токтолду: «Бул инсандар ар дайым …
Дальше »Сулумбек ажы Узеналиев Талас районунун имамдарына жыйын өткөрдү
Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна иш сапары барып, Покровка айылынын борбордук мечитинде район имамдарына жыйын өткөрдү. Баш имам-хатиб Миржалал ажы Дадабаев облус казысына райондогу дин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. «Жараткан насип …
Дальше »Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун акими менен жолугуп, биргелешип иш алып баруу боюнча макулдашты
Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Бакай-Ата районунун акими Агыбай Имаров менен жолугушту. Жолугушууда район аймагында каттоодон өтө элек мечиттердин (5 мечит) документтерин бүткөрүүдө бирге иш алып баруу каралды. Район акими тиешелүү мекемелерге тапшырма …
Дальше »Бакай-Атанын баш имам-хатиби Баткен облусунун тургундарынан кабар алып, аманаттарды тапшырды
Талас облусунун Бакай-Ата районунун баш имам-хатиби Марат ажы Жусупбековдун демилгеси менен Баткен облусундагы кандуу окуялардан жабыркагандар үчүн Акназар айыл өкмөтүнөн 306 миң сом топтолду. Ошондой эле баш имам-хатиб өз туугандарынан чогулган 340 миң сомго 2 даана …
Дальше »Сулумбек ажы Талас имамдарына зордук-зомбулукка жол бербөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасын берди
Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас шаарынын имамдары менен жолугушту. Жолугушууда Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов имамдардын 3 ай аралыгында аткарган иштери боюнча облус казысына маалымат берип жатып, «Талас шаарынын имамдарынын иштери …
Дальше »Таласта диндер аралык диалог боюнча семинар өтүлүп, диний мекемелерге экскурсия жасалды
Талас шаарынын мэриясынын демилгеси менен диндер аралык диалогду бекемдөө максатында семинар уюштурулуп, иш-чарага Талас шаарынын баш имам-хатиби Рысбек ажы Кокумов, укук коргоо органдары, райондук жана шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери жана ар кайсы конфессия өкүлдөрү …
Дальше »Сулумбек ажы Узеналиев: «Чыныгы мусулман эч кимге зыян бербейт»
Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев Кара-Буура районунун имамдары менен жолугушту. Жолугушууда район аймагындагы мечиттердин каттоосу боюнча райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаев облус казысына маалымат берди: «Бизде каттоого документи даярдалып жаткан эки мечит калды. …
Дальше »Таласта дин кызматкерлери жапырт ишембиликке чыкты
«Таза Мурас» акциясынын алкагында облустагы жалпы дин кызматкерлери диний окуу жайларда жана мечиттерде ишембилик өткөрүп, тазалык иш-чарасына активдүү катышты. Казынын орун басары Өмүрзак ажы Абдсамат уулу ислам дининин тазалыкты туу тутарын белгилеп, «Азирети Пайгамбарыбыз (с.а.в) …
Дальше »Сулумбек ажы Узеналиев: «Талас районундагы мечиттердин каттоосу бүттү»
Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев Талас районуна караштуу Орто-Арык айылында райондогу имамдар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чарада район аймагындагы мечиттердин каттоосу аяктаган мечиттердин күбөлүктөрү тапшырылды. Мындан тышкары Сулумбек ажы бир мечиттин күбөлүгү жакынкы күндөрдө берилерин …
Дальше »Кара-Буура районунун имамдары Баткенден жабыр тарткандар үчүн акча топтоду
Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Арчагул айылында райондогу дин кызматкерлерине жыйын болуп өттү. Жыйында имамдар райондун баш имам-хатиби Исламбек Куматаевге соңку үч ай ичинде аткарылган иштер боюнча маалыматтык отчёт беришти. Жыйындын жүрүшүндө райондун баш …
Дальше »Таласта дин кызматкерлери исламий каржылоо принциптери боюнча семинарга катышты
Талас облусунун Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылындагы «Байбол» этнокомплексинде 2 күндүк семинар болуп өттү. Семинарга облустагы 20 дин кызматкери катышты. Кыргызстандагы банктардын иштөө системасы жана ислам принциптери менен финансылык кызмат көрсөтүү, соода-сатык жана Улуттук банктын ишмердүүлүгү …
Дальше »